Кыргыздын кыздарынын сулуулугун даңазалоо максатында «Супер сулуу» сынагын өткөрүп келе жатканыбызга 7 жыл болду. Финалга жолдомо алган селкилер сөз жок сулуу, ийкемдүү деңизчи, бирок андан да мыкты келбетке ээ болуш үчүн учурда фитнес менен машыгып жатышат. Бүгүн «Viola» сулуулук салонунда 8 финалчы машыгууда. Калган кыздар да ар аптада бул залга келишет.
ФИТНЕС МЕНЕН МАШЫКСАҢЫЗ, АЗАМАТСЫЗ!
Бүгүнкү күндө «фитнес» деген сөз жаңылык деле эмес, ар бир экинчи адамга тааныш. «Фитнес» англис тилинен которгондо «ылайык келүү, дал келүү» же «жакшы формада болуу» дегенди түшүндүрөт. Мындайча айтканда, кишинин организминин жалпы физикалык даярдыгы, ден соолукту чыңдоо, дене-мүчөнү, салмакты өз нормасында кармоо.
Эгер сиз фитнес менен машыгып жатсаңыз, анда азаматсыз! Ден соолугуңузду чыңдап, ар түрдүү оорулардын алдын алып жатасыз. Мисалы, жүрөк-кан тамырлар системи жакшы иштейт. Толуп кетпейсиз, жаштыгыңызды көпкө кармап тура аласыз жана ийилчээксиз. Айрымдар отузга чыкпай жатып эңкейсе бели ооруйт, мындан өткөн кордук барбы? Чыдамкайлыгыңызды арттырып, күчтүү адамга айланасыз. Жаш курагыңызга карабай кыймылыңыз да тездейт. Көз алдыңызда турган ишти шапа-шуп бүтүрө саласыз. Ашып-ташкан энергия, өзүңүздү эч качан алсыз сезбейсиз. Дайыма маанайыңыз жайдары. Анан, албетте, дене-мүчөңүз кимди болбосун суктантат. Фитнес менен ашыкча майдан арыласыз.
«ФИТНЕС – БУЛЧУҢДАРДЫ ИШТЕТҮҮ»
«Супер сулуу-2013» сынагынын финалчылары учурда «Viola» сулуулук салонунда машыгып жатышат. Аталган салондун инструктору ВЛАДИМИР МАХОТИН фитнес тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:– Фитнес – булчуңдарды иштетүү. Ар түрдүү салмактагы шаймандардын жардамы менен булчуңду чыгаруу.
– Фитнестин өзүнө тиешелүү атайын көнүгүүлөрү барбы?
– Атайын көнүгүүлөр жок. Болгону оор салмактагы темирлер, мисалы, штанга, гиряны кол, бут менен көтөрүү, түртүү аркылуу дене-мүчөгө күч келтирип булчуңдарды иштетебиз. Өзүңөр көргөндөй, шаймандын түрү көп. Бирөөнүн оордугу аз, бирок көп жолу жасалат. Экинчинин салмагы оор, аз көтөрүүгө ылайыкталган.
– Канча убакыт машыгуу керек?
– Бизге көбүнчө ашыкча салмактан арылуу үчүн келишет. Алар каалагандай өң-келбет бир айда же эки айда эле чыга калбайт. Жок дегенде 5-6 ай, жумасына 2-3 жолу машыгуу зарыл. Арыктап калганда дароо таштап салса, кайра салмак кошуусу мүмкүн. Ошондуктан мурункудай тыкыр болбосо да, жумасына бир жолу машыгып туруш керек.
– Биздин сулуулардын аракети кандай?
– Жакшы, кыздардын машыгуусу активдүү. Аларга биринчи келген күнү шаймандар менен иштөөнү жана кайсынысы кайсы булчуңга тиешелүү экенин түшүндүрүп, көргөзүп бергем. Түшүнбөгөндөрүн сурап турушат.
– Фитнес спорттун башка түрлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат?
– Фитнес – көп тармактуу түшүнүк, чоң философия. Ичине спорттун көп түрүн камтыйт. Аэробика, шейпингден айырмаланып, мында оор темирлер да колдонулат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg