«Мгновенье», «Не забуду», «Флирт» аттуу ырлары менен көпчүлүктүн назарына илинип келе жаткан жаш ырчы кыз Ширин менен тааныштырабыз.
Ширин 1986-жылы 30-августта Бишкекте төрөлүп-өскөн. Музыкадан тышкары аңгеме, ыр жазууга, бийлөөгө кызыгат. Учурда Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде 3-курста окуйт.
– Ширин, ыр дүйнөсүнө кандайча келип калгансың?
– Негизи, мен бала кезимден чыгармачылыкка жакын болчумун. 5-классымдан бери ыр жазып келем. Андан тышкары мектептеги өткөн конкурстардын биринен да калбай катышчумун. Мындайча айтканда, мектептин активист окуучуларынын катарында элем. Ошентип, алгач өзүмдүн “Мгновенье” деген ырымды жазгам. Бирок, мен бул ырымды сахнага ырдап чыгуу үчүн жазган эмесмин. Жөн гана эргүү келгенде баракка жазып койгом. Көп өтпөй обонун жараткам. Андан кийинки ырларымдын сөзүн да, обонун да өзүм жаза баштагам. Кийинчерээк “Дельмар” тобунун солисти Ролан менен жакшы тааныш болуп калдым. Ролан аркылуу продюсер Нурлан Мамакеев менен тааныштым. Нурлан байке менин үнүмдү, ырларымды угуп көрүп, чогуу иштешүүнү сунуштаган. Бул сунуш мага да жагып, ойлонбостон макул болгомун.
– Чоң сахнанын сүрү бир топ болсо керек?
– Алгач чоң сахнага 5-апрелде бир концертте чыккам. Мен катышкан алгачкы концертке атам, анан досторум келген. Менин сахнага чыгаарым менен эле залга ышкырык-кыйкырык толуп кетти. Залдагы прожекторлор мага тийип тургандыктан, мен тааныштарымдын жүзүн көрө алган жокмун. Бирок, жүрөгүм менен алар мени колдоп жатышканын сезип турдум. Ошондон улам көп сүрдөгөн эмесмин.– Эмнеге кыргызча ырдабайсың?
– Орус чөйрөдө өсүп калганыма байланыштуу ырларымдын баары орусча. Буюрса, эмки ырларым кыргызча болот.
– Ырчы болууңа ата-энең кандай карайт?
– Алгач абдан эле каршы болушкан. Окууга тапшырып жүргөнүмдө документтеримди алып, эч кимге айтпастан Искусство институтуна баргам. Мунумду билип калган атам телефон чалып: «тезинен документтериңди алып, Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетине тапшыр” дегени эсимде. Анткени, атам менин жазган ырларымдан улам журналистикага шыгың бар деп калчу. Ошентип, каалаган окуума тапшырбай калгам. Бирок, менин ырчылыкка болгон кызыгуумду байкашыппы, айтор, мурункудай каршы болбой калышты. Ошентсе да көп жактырышпаганын жүрөгүмдөн сезип турам.
– Окууңду бүтсөң өз кесибиң боюнча журналист болуп иштейсиңби?
– Албетте. Ырчылык азырынча менин хоббим. Ал эми журналисттикти кесип кылып аркалоо – тилегим.
– Жылдыз оорусу менен ооруй элексиңби?
– Азырынча байкала элек. Анан дагы жаңы иштешип баштаганымда продюсерим мага «Ширин, чыгармачыл адамдардын көпчүлүгү жылдыз оорусуна чалдыгат. Негизи, бул мыйзам ченемдүү нерсе. Ошентсе да ооруга чалдыкпоого аракет кыл” деген. Ошондон улам досторума «Эгерде менде жылдыз оорусунун белгилери байкалса, мага дароо айткыла деп келем.
– Стилдүү кийингениңдин сыры эмнеде?
– Мен өзүмө-өзүм стилист, визажист болгондуктан, сахнага кийүүчү кийимдеримдин үлгүсүн өзүм ойлоп табам. Кээде өз колум менен тигип алам.
– Жакшы көргөн адамың барбы?
– Азырынча кыялымдагы адамыма жолуга элекмин. Бирок, бир күнү жолугаарыма ишенем.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева