Баткен аэропортунан Бишкек багыты боюнча жумасына 4 жолу каттам бар. Билеттер 100 пайыз сатылат. Азыр Бишкек-Баткен каттамы 55 мүнөттү түзүүдө. Баткен аэропортунда шарт орточо, андыктан заман талабындай кылып оңдоп-түзөө зарыл. Аэропорттун директору Амирбек Имаровдун айтымында, 124 миллион сом ремонтко бөлүнгөн. Учурда оңдоп-түзөө башталуу алдында турат.
Жаз айларында Баткенде эл аралык инвестициялык форум өтүп, анда аэропортту эл аралык макамга жеткирүү демилгеси айтылган. Учурда аэропорттун эл аралык макамга ээ болуусу боюнча өкмөттө маселе каралып жатат. Эгерде бул ишке ашып калса, жергиликтүү элге ыңгайлуу жагдай түзүлмөк. Чет өлкөдө иштеп жүргөн баткендиктер түз учууга мүмкүнчүлүк алышмак.
Айта кетсек, Баткен облусунда 3 аэропорт бар. Анын ичинен Исфана жана Баткен шаарындагы аэропорт иштөөдө. Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт 15 жыл мурун ишин токтоткон.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg