18-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарында фермерлер тарабынан өндүрүлгөн айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өткөрүлөт. Жарманкеге Караван айыл округунун жана жакынкы айылдардын фермерлери чакырылган. Иш-чаранын алкагында сынактар, концерттик программа уюштурулат. Мындан сырткары жарманкеге келген элге азык-түлүктөрдү базардагы бааларга караганда арзан алуу мүмкүнчүлүгү туулат. Ошондой эле курулуш материалдарынын да жарманкеси болмокчу.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg