ШААРДЫН БЮДЖЕТИ ҮНӨМДҮҮ КОЛДОНУЛБАЙ ЖАТАТ ДЕШҮҮДӨ

12-октябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясында 2012-жылдагы шаардык бюджеттин аткарылышы тууралуу депутаттардын талкуусу болду. Шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Азамат Раматиллаев 2011-жылдагы «Мал чарбасын өнүктүрүү» жана «Жаштарды колдоо» долбооруна шаар бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттары өз максаттарына жетпегени тууралуу билдирди.
Ал эми бир топ депутаттар тендер өт­көрүүдө «Алым-Ата» фирмасы көпчүлүк учурда утуп алып, бирок курулуштун жү­рү­шүндө тендерден утуп алган суммадан бир кыйла жогору суммага жумушту бүтүргөнүн сынга алышып, аталган фирманын тендерге катышуусуна жол бербөө жагын айтышты. Ошондой эле тендер өткөрүүчү комиссиянын курамына бул ой сунушталсын дешти. «Өнүгүү» фракциясынын шаардык бө­лүмүнүн лидери Максат Эгембердиев бир жылдан бери көзгө көрүнөрлүк жумуш жасалбай жатканын белгиледи.
Шаардык кеңештин депутаттары бюджетти бөлүштүрүүдө үнөмдүү колдонууга көңүл буруш керектигин айтышып, шаар бюджетинин 2012-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп табышты.

 

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан