«БОЗУМЧАКТА» КЫРГЫЗДАР АЗ МАЯНА АЛЫШУУДА

Ала-Бука районунун Көк-Таш айылындагы «Бозумчак» алтын кенин казуучу жайда учурда кытайлык фирма алтын кенин ишке киргизүү максатында курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Аталган жайда буга чейин 300 кытай жараны иштеп келген болсо, азыр алардын саны 220ны түзөт. Бул тууралуу Ала-Бука районунун тургуну, жаш активист Эрнист Маматов билдирди. Анын маалыматына ылайык, кытай улутундагылардын ар бири 75-80 миң сом маяна алышса, ошол эле жумушту жасап жаткан кыргыз жарандары 30 миң сом эмгек акы алышат. Мындай акыйкатсыздыкка нааразы экендиктерин кенде иштеп жаткан кыргыздар билдиришкен.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ilgez
2013-10-22 13:29:44
анда кууп салыш керек,
0
aziz1990
2013-10-23 02:10:17
Садыр Жапаров кайда журот же ага толко кумтор керекпи?
0
Begim8678
2013-10-23 12:49:11
наоборот болуш керек эле да.
0
volk7
2013-10-27 08:58:49
E ozu Awa eldi tyn4 koibodugo ka4an karasan problema artynan problema
0
№ 572, 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан