Аксы районунун Өзбекстан менен чектеш аймактарында быйылкы жылдын 8 ай аралыгында чек араны бузуп өтүү боюнча 27 факт катталган. «Мыйзам бузуулар көбүнчө коңшу өлкөнүн жарандары биздин аймакка жумуш издөө максатында чек арадан өткөнүнө байланыштуу келип чыгат. Кээде топ-тобу менен өткөндөр да кездешет»,- деп билдирет Аксы райондук
ИИБинин жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги Жуманазар Субанкулов.
Октябрь айына карата берилген маалыматта чек араны бузуу боюнча жыл башынан бери төрт фактыга кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлүп берилген. Ал эми калган 23үнө административдик чара көрүлүп, 5 миң сомго чейин айып пул салынган. Анын айтымында, биздин жарандардын Өзбекстан тарапка мыйзам бузуп, чек арадан өтүү фактылары жокко эсе.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg