Нарын хоккей, улак тартыш, ордо оюндары менен таанылып келе жатат. Ошондой эле футболго кызыкдар болгон оюнчулар да жок эмес. Облуста футболду өнүктүрүүгө салым кошуп, иш алып барган адамдар да бар. Алардын бири Нарын футбол федерациясынын аткаруучу директору ЭМИЛ ЧЫМЫЛДАКОВ футболдун күнгөй-тескейи тууралуу кеп кылып берди.
– Эмил мырза, облустагы футбол жаңылыктарынан бөлүшүп өтсөңүз...
– Нарын облусунда Футбол федерациясы колунан келишинче иш алып барып келет. Мелдештерди, биринчиликтерди өткөрөбүз. Облусубуздун оюнчуларын, командаларын республика боюнча салыштырып караганда, жоон ортосу десек болот. Жыл сайын мелдештерге катышып, кызыктыруучу жана алдыңкы делген 3 орундун бирине татып келишкен.
– Кандай көйгөйлөрүңүздөр бар?
– Нарында 6 ай кыш болот. Учурда балдар машыга турган жай жетишсиз. Март, апрель, май айларында машыгып, машыгуунун кызуусуна келгенде балдар каникулга тарап кетишет да, өз иштери менен алек болуп калышат. Сентябрь, октябрь, ноябрь айларында машыгууларга келишет, ал эми ноябрдын аягы менен күн сууктап, машыгуу үзгүлтүккө учурап калат.
– Федерация эмне иш алып барат? Канча адам эмгектенет?
– Федерацияда 5 адам эмгектенет. Мамлекет тарабынан аталган 5 адамга айлык акы, оюнчуларга 2 комплект форма жана жылына 50 топ берилет. Андан башка жардам жок. Бизге демөөрчүлүк кылып жүргөн адамдар бар, жок деп айтпайм, бар. Бирок кайырчы болуудан тажайт экенсиң.
– Облустун намысын коргоп жүргөн командалардагы оюнчуларга кандай шарттар түзүлгөн?
– Биздин кеңсе Нарын шаарында жайгашкан. Миң-Булак айылынын «Көкөтөй» деген футбол командасы бар. Алар дайым облуста жакшы оюндарды көрсөтүшөт. Футбол үчүн жанын берген машыктыруучулар эмгектенишет. Ушундай эле командалар Оттук, Эчки-Башы, Жан-Булак айылдарынан чыгып жүрөт.
Ал эми шаардагы футболчулар үчүн былтыр 100 миң сомдон ашык каражатка машыгуулардан кийинки кийим алмаштырып кийинүүчү бөлмөлөрдү жана жуунуу үчүн душ кабиналарын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Ал жайлардын каралбай калганына 20 жылдан ашкан. Эми ишке берилип, балдарга жакшы шарттар түзүлдү. Сүйүндүргөнү ошол жерде тарбияланып, топ тээп, бир нерсени үйрөнүп алайын деп жүргөн окуучулар боз ала чаң болуп иштеп жүргөндөрү болду.
– Алдыда кандай пландар бар?
– Пландарыбыз көп эле. Футбол десе эле 22 оюнчу бир топту кубалап жүрө берет деп түшүнгөндөр да бар. Билинбеген менен бул чоң саясат. Бир нерсе өткөрүү үчүн дагы демөөрчү издеп, өзүңдү каржылап, анан уруксат аласың. Мындай учурларда чөгүп калбай, оптимисттик көз карашта ишти уланта берүүдөн өтөрү жок.
– Маегиңизге рахмат.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg