Караколдук альпинист Валерий Серебряниковго жолукканымда таң калганымды жашыра албадым. 67 жаштагы адам 40 жаштагы мырзадай шамдагай, шайыр мүнөз экен. Кесибине кызыгуусу 5 жашынан башталыптыр. Айтымында, ага атасы түрткү болгон. Алгач жер-тоо кезмейди Орусиянын Алтай аймагынан баштаган.
– Мен лыжага беш жашымда тургам, эсимде, атам мага колго лыжа жасап берген. Канча чокуга чыкканымды эсептеген эмесмин, бирок сиздер бул жактан көрүп жаткан чокунун бардыгына чыккам. Мен ойлойм, чокуга чыкканда ички жан дүйнөң тазаланат. 5 миң метр бийиктиктеги чокуларды багынткам, мисалы, Жигит, Каракол, Өгүз-Башы аттуу чокуларды кыдырып чыккам.
Альпинисттин Кыргызстандагы эң алгач багындырган чокусу Сары-Белтик болгон. «Чокуларды багындыруу ар бир адамдын сырдуу дүйнөсүнө баш салгандай эле кызыктуу» дейт ал. 30 жыл куткаруу тобунда эмгектенген. Андыктан тоого чыккан эс алуучуларга коопсуз маршруттарды өзү түзүп чыгат.
– 1972-жылы Сары-Белтик кырларын көрүп, ошондон тарта Ысык-Көл облусун курчап турган тоолорду кыдыра баштагам. Быйыл Швейцариядан келген туристтерди тоого чыгарып келдим. Эң кызыктуу туристтер мага Петербургдан келген йогдор болду. Алар ар бир шамалдын үнүнө, чөптүн кыймылына кызыгышат экен. Мага тоого чыгуу кыйын деле эмес, жашоом чокуларда өттү. Куткаруу тобунда иштегенде бул аймактын көптөгөн жерлерин, тоодогу жолдорду иликтегем. Ошону менен катар көптөгөн дары чөптөрдүн пайдасын да билдим. Альпинист бул – жайкысын каякта кыйынчылык менен кыштаганды издеген адамдар. Биз эмнеге тоого чыкканыбыздын философиялык суроосу бар. Эң негизгиси, альпинизм менен жалкоолукту жеңе аласың. Андан тышкары коркуу сезимдерин жеңсе болот.
Альпинизмден сырткары мен туристтерди велосипед менен тоого чыгарам. Маршруттарды жекече иштеп чыгам. Орусиядан келген туристтер көп, Швейцариядан келген бир үй-бүлө бар, алар экинчи жолу келип жатышат, эмки жылы да келебиз деп айтышты. Эмки жылы келишсе, тоодогу Мерцбахер көлүнө чыгууну пландаштырып жатабыз. Үй-бүлөм менин машыкканыма каршы эмес, анткени алар өздөрү да жаратылышка кызыгышат. Балдарымды кичинекейинен тоого чыгарчумун. Учурда өз үй-бүлөлөрү менен чыгышат. Жайкысын тоого чыгып чокуларды багындырсам, кышкысын Каракол лыжа базасында инструктор болуп иштейм.
Чыңгыз Баяманов
karakol@super.kg