«Манас оюндары» спорттук улуттук оюндардын алкагында өткөн ордо боюнча мелдештерде Талас облусунун командасы жеңишке жетишти. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Анын айтымында, Талас облусу 10 упай топтоп 1-орунга, 2-орунга Бишкек жана 3-орунга Ош командалары татыктуу болушкан. Мелдештерде жалпысынан 7 облус жана 2 борбордон 9 команда катышты.
Эскерте кетсек, улуттук оюндар 14-19-октябрда спорттун 10 түрү боюнча өттү. Командалык түрдө көк бөрү, ордо, тогуз коргоол, күрөш, ал эми жеке түрдө ат чабыш, жорго салыш, кунан чабыш, кыз куумай, тыйын эңмей, эр эңиш оюндары болду.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg