Жакында эле Сокулук районунда катталган кылмыш уккан адамдын үрөйүн учурду. Кай бири бул окуяга ишенбей жакасын кармаса, кээ бирөөлөр «Андай аңгилерди асып же атып өлтүрүш керек!» деп жатышты. Эмесе, сөз башынан болсун.
КАРЫШКЫРГА КОЙ КАЙТАРТЫП...
2013-жылдын 14-октябрь күнү түнкү саат 00:30 чамасында Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Шопоков шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган О.З. аттуу айым кайрылган. Анын жарандык никедеги күйөөсү 8 жана 10 жаштагы секелек кыздарына сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүргөндүгүн билдирген. Көп өтпөй жогорудагы окуяга шектүү деп 1980-жылы туулган А.Т. аттуу Сокулук айылынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Алгачкы иликтөөдөн белгилүү болгондой, ушул жылдын сентябрь айынын соңунда кыздардын энеси О.З. өзүнүн үйү оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканына байланыштуу Сокулук айылындагы бир үйгө көчүп, убактылуу батирде жашап калат. Үч жылдан бери жарандык никеде жашап жаткан күйөөсү А.Т. да өзүнүн мурунку никесинен балдары менен анын артынан көчүп келет. Бала бакчада иштегенине байланыштуу О.З. эртең менен эрте жумушка кетип, кечкисин кеч кайтчу. Бул убакыт ичинде күйөөсү жаш балдарды «карап» үйүндө калчу экен.
«КЫЗДАР ЧЫНДАП ЭЛЕ КОРДОЛГОН»
Бул окуя тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын кызматкери АЙБЕК АРЗИМАТОВ төмөнкүлөрдү билдирди:– Кылмышка шектүү А.Т. учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жогорудагы окуя боюнча соттук-медициналык, соттук-психологиялык-психиатрдык экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы чыккан. 2013-жылдын 10-октябрынан 13-октябрга чейинки аралыкта 2 секелек кызга күч колдонуп, өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү (кыздардын денесинде көк ала тактар болгону жана арткы тешиктерине ичке темирди самын менен сүйкөп тыкканы аныкталган) маалым болду. Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда.
Ал эми кылмышка шектүү жогорудагы ишке барбаганын, бул жөн гана аялынын жалаасы экенин айтууда. Тергөө аяктап, сот өз чечимин чыгарганда бул ишке дагы кайрылып, маалымат бергенге аракет кылабыз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg