ЗАРЫЛБЕК РЫСАЛИЕВ АБДУЛЛА ЮСУПОВДУ АБАКТАН КАЧЫРУУНУ ПЛАНДАШТЫРЫП ЖАТАБЫ?

№1-тергөө изоляторунда жаткан Абдулла Юсупов кайрадан көңүл чордонунда. Бул ирет анын ысымы адвокаты Давран Касымовдун камакка алынып, эки күндөн кийин үй абагына бошотулушуна байланыштуу сөз болду. Касымов Абдулла Юсуповго жактоочулук кылып жүрүп, укук коргоо органдары тарабынан «күбөлөрдү сатып алууга аракет кылды» деген айып менен кармалган. Атүгүл «бул адвокатты Юсуповго ЖКнын депутаты Өмүрбек Текебаев жөнөтүптүр. Ал Юсуповдон Апрель революциясынан кийинки мародёрчулукка байланыштуу далил-заттарды алмак экен» деген маалымат айтыла баштаган эле. Бул аптада маалымат жыйын өткөргөн Эрнст Исаев өзүнүн кардары Давран Касымов менен Текебаевдин байланышы жок экендигин, Абдулла Юсуповго жактоочулук кылуу сунушу анын кардары Давран Касымовго тергөөчүлөр тарабынан түшкөнүн билдирди. Эрнст Исаевдин айтымында, ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы Адилет Чекиров Касымовго жогоруда айтылган сунушту киргизген. Кошумча жактоочулук үчүн акысына 1000 доллар беришмек болгонун да билдирди, Эрнст Исаев.
Ошентип, 28-сентябрдан тартып Юсуповго адвокаттык кыла баштаган Давран Касымов 10-октябрь күнү «күбөлөрдү сатып алууга аракет кылды» деген айып менен кармалып отурат. «Юсуповдун камакта отурганына 3 жыл болуп калды. Колунда эмне далил-буюм бар болсо, анын баарын тергөөгө берип бүттү. Текебаев жана анын тарапташтары Юсуповдун тергөө органдары менен тыгыз иштешип жатканын биле туруп аны менен байланышууга аракет кылышмак эмес»,- дейт Исаев. Ошондой эле бул маалымат жыйынында тергөө тобу тарабынан Юсуповго 7-апрелде Ак үйдөн табылып, кийин дайыны чыкпай кеткен 16 миллион сом боюнча Азимбек Бекназаровго каршы көрсөтмө берүү сунушу түшкөнү тууралуу да сөз болду. Эрнст Исаевдин айтымында, Абдулла Юсупов адвокаты Давран Касымовго ушинтип арызданган экен.
Дагы бир кызыктуу жагдай, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев Абдулла Юсуповдун абактан качуусун пландап жаткан имиш. Давран Касымовго СИЗОнун кызматкерлеринин коштоосунда «качып чыккан» Абдулла Юсуповду тосуп алып, анын чек арадан аман-эсен өтүп кетишине кам көрүү сунушталыптыр. Эрнст Исаевдин айтымында, Касымов мындай ишти жасоодон баш тарткан. Ошондон кийин эле ал «күбөнү сатып алуу» айыбы менен кармалган. Анын өмүрүнө эки ирет кол салуу болгонун да кошумчалады Исаев.
Айтор, Юсуповдун айланасындагы интригалар күндөн-күнгө күчөп барат. Колунда бийлиги, таасири бар бирөөлөрдүн кызыкчылыгында болбосо, СИЗОдо 3 жылдан бери жаткан адамдын үнү абактын дубалдарынан бери көздөй чыгар беле, элге үнү жетер беле деген суроо жаралат.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
eldish12
2013-10-28 22:50:09
ai kim bilet kim bilet bir silerdi jaratkan ozu bilet
0
Wave.
2013-10-30 14:02:51
Качан ушул эски бийликтин тоболдору олушот болду экен. Ошондон кийин эле онугууго умут кылбасак, булардан умут жок. Олсо да Кыргызстанды сатпай, жон кетсе, чон утуш болот буз учун.
0
№ 573, 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан