28-октябрда ЖКнын Тармактык комитети «Ар-намыс» фракциясынын лидери Феликс Куловдун 2005-2006-жылдардагы аракетине баа берүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берди. Маалым болгондой, Кулов премьер-министр болуп турган учурда Улуттук гвардияга тиешелүү аймакка көп кабаттуу үй курууга уруксат берген. Депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, 2006-жылкы өкмөттүн токтому менен Улуттук гвардиянын аймагындагы 1,6 гектар жер «Юнис Курулуш» ЖЧКсына бөлүнүп берилген. Депутат Исмаил Исаков бул факты боюнча Феликс Куловду суракка алыш керектигин айтып чыкты.
Ал эми Феликс Кулов 2006-жылы Коргоо министрлигин Исмаил Исаков жетектеп турганын айтты. Бирок ал кезде Улуттук гвардия министрликке эмес, президентке баш ийип турган. Документке ылайык, токтомго ошол кездеги өкмөт башчы Феликс Кулов кол койгон. Башкы прокуратура башкы «ар-намысчынын» бул токтомго кол койгону канчалык мыйзамдуу болгонун текшермек болду.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg