Аймактык кеңсебизге арыз-муңун айтып кайрылган окурмандар көп. «Мени төрөгөн аялды алыстан көрдүм» деген каарманыбыз Сурмакан өз тагдырын айтып берди.
– Мен 1966-жылы туулгам. Ата-эне мээримин такыр көргөн эмесмин. Ош шаарындагы Терешкова атындагы балдар интернатында чоңойдум. Кичине, эс тарта элек кезимде атам каза болуп калганда апам мени таштап, турмушка чыгып кеткен экен. Мени төрөгөн аялды чоңоюп калганымда, бирөөлөрдүн айтуусу менен алыстан көрдүм. Менден улуу эжелерим бар болгон экен, ар кимибиз ар жакка чачырап кетиптирбиз. Алар азыр каякта экенин, канча жашымда балдар үйүнө келгенимди так билбейм. Каникул убагында балдар туугандарына кеткенде менин барар жерим жок, жатаканада калар элем. Мен сыяктуу балдардан 5-6 болчу, окууну аяктагандан кийин баарыбызды кесиптик лицейге тапшыртышты, ошол лицейде жатып окуп, текстиль фабрикасында иштеп жүрдүк. Союз жоюлганда ал фабрика да жоюлуп, жатакана менчиктештирилип кетти.
Тоголок жетим болгондуктан, көп кыйынчылык тарттым. Турмушка чыктым, күйөөмдүн экинчи аялы элем. Кыз төрөдүм, кийин үй-бүлөсүнө артык баш, ал адамга көз каранды болбой, өз алдымча жашагым келди.
Фабрикага тиешелүү кичинекей бөлмөдө кызым экөөбүз калдык. Суу, ажаткана, бети-колду жууганга жай жок аябай кыйналдык. Кийин батирге чыктык, күнүмдүк жумуштарда иштеп жүрдүм. Азыр мурунку бөлмөмдү башка бир бөлмөгө алмаштырып, кызым экөөбүз ошол жерде эптеп жашап жатабыз. Ал мурун жатакананын кол жуучу жайы экен. Башка айлабыз жок, ошол жерде кызым экөөбүз күн өткөрөбүз.
«ЭКИ МЕТР ЖИП АЛЫП БЕРЕЙИН...»
– Апам бизге татыктуу эне боло албады, мен кызымды өзүмдөй кор кылбайын деп көп аракет кылсам да болбой келет. Таянарың, сырдашарың, кеңешер жакын адамың жок болсо, турмуш менен кармашуу оор экен. Артымдан из калтырып кетейин, менин урпактарым да улансын деп көзүмдүн карегиндей асыраган жалгыз кызыма да шарт түзүп бере албай жатам.
Жалгыз бой эне болгондуктан, 2005-жылы үй алууга Ош шаардык мэриясына документ тапшырдым. 8 жылдан бери ошондон үмүттөнүп жашап келем. 6 ай болгон сайын барып кабар алып коём, дайыны жок. Документимден кабар алганы барсам, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Калбеков Абдумиталип Муратович «Документтериң комиссияга бир эмес, эки жолу коюлду, такыр болбоду. Документтериңди алып кет» дейт. Шартымды түшүндүрсөм, «эки метр жип алып берейин, өзүңдү асып ал, тынч жатасың, биздин да убакытты албайсың» деп мени ыйлатып чыгарып койду. Анын сөздөрүнөн жүрөгүм ооруп, жетекчиси Кадыров Алимбай Ураимовичке кирсем, «Сага жакшылык кылып коёлу деп көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрүн да карап чыктык, эч бири бош эмес экен. Ал жерлерди адамдар кампа кылып, кээ бирин селсаяктар ээлеп алыптыр. Кыйналып жатсаң кызыңды турмушка бер да, өзүң карылар үйүнө барып жаша. Бул менин сага жетекчи катары эмес, агаң катары айткан кеңешим болсун» деди.
Ишенген жетекчилер ушундай дегенден кийин башкасына жол болсун! Мен тагдырымдын мындай болуп калышына күнөөлүү эмесмин. Туулганда боорума кыскан кызымды бой жеткенде да ошол бойдон боорума кысып багып келе жатам. Кудай өзү сүйүп жараткан пендесин эч качан көчөдө калтырбас. Балким, Жараткан бул адамдарды мен аркылуу сынап жаткандыр. Боор, бөйрөк, өт, жүрөгүм ооруп, эч нерседен үмүттөнбөй, өлүм алдында турган жанмын, өлсөм да ушул адамдардын бетин ачып өтөйүн, көрүмдө тынч жатмакмын деп келдим. Сиздерден башка бара турган, арыз-муңумду айта турган эч кимим жок экен.
«ЫЙЛАП КЕЛГЕН АДАМДЫ КҮЛДҮРҮП ЧЫГАРАМ»
Сурмакан Абдурахманованын бул сөздөрүнөн улам Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары АБДУМИТАЛИП КАЛБЕКОВГО кайрылдык:– Бул аял бизге батир алуу максатында арыз менен кайрылган. Азыр Июнь коогалаңынан жабыр тарткандарга басым жасалат. Ошондо жаракат алган, жаракатынын негизинде 1-2-топтогу майып болуп калган, үйү өрттөнгөндөр биринчи орунда. Жарадар болгон аскер кызматындагыларга, күч түзүмүндөгүлөргө деп жазылган. Мамлекеттик комиссия ошол категорияга кирген адамдарга гана үй берет. Үйдү мэрия бербейт, мэрия бөлүштүрбөйт. Ошол токтомдун негизинде өкмөт түзгөн мамлекеттик комиссия бөлүштүрөт. Бул эженин документин да бир нече жолу комиссияга көрсөттүк, токтомдогу талаптарга туура келбегендиктен, өтпөй калып жатат.
Кээ бир жарандар бекер үй алыш үчүн атайлап жашоо шартын начарлатышат. Үйлөрүн сатып, дагы башка нерселерди ойлоп таап келе беришет. Ал эми Сурмакан Абдурахманова боюнча айтсам, ал аялдын үйү болгон экен. Жатаканалар менчиктештирилгенден кийин кичине болсо да ага бөлмө бөлүнгөн. Мыйзамга туура келбесе, биз эч кандай үй бере албайбыз да. Анан «асынып өлүп ал деп айтты» дегени туура эмес, бизге жардам сурап келип жаткан адамга антип айтууга менин моралдык укугум жок. Тескерисинче, астыма ыйлап келген адамдарды күлдүрүп чыгарам.
Ал эми Шаардык муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Окуяга дагы кайрылып, тараптардын ойлорун билдиребиз.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg