БУЗУК ТЕЛЕФОН

“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, жөн жерден сөз чыкпайт. Эл көзүндө жүргөн белгилүүлөрдү ар кандай ушактар ээрчип жүрөрү бышык. Ал ушактардын аныгын билүү баарыбызга кызык. Андыктан белгилүү ди-джей «Элмара Турсуналиева чачын кырдырып салыптыр» деген сөздү аныктоо үчүн бир нече белгилүүлөргө кайрылдык.

Айнура (Сакиш):

– Ооба, кечээ күнү эл айтып жатканын уктум. Анын эмнеси бар экен? Былтыр ноябрда мен деле чачымды кырдырып салбадым беле. Чач боёктон, химиядан чарчайт да, анан кырдырсаң жаңы, жакшы чач өсүп чыгат. Негизи, чачты эс алдыруу керек. Сизге дагы чачыңызды кырдырып, эс алдырып алыңыз деген сунушту айтат элем.

Бактыяр Токторов:

– Ээ-эй, узун кулактар, жаңылыктын баарын силер биринчи угасыңар, ээ? Элмара кечинде теледен жакшынакай эле сары чачы менен чыкпады беле. Эмне, силер биздин тырмагыбыздан чачыбызга чейин көз салып турасыңарбы? Жаңылыктарды дайыма силердин гезиттен окуймун.

Роза Шакирова:

– Ооба, кырдырып салганын өткөндө көргөм. Негизи, чачты дарылап, эс алдырып туруш керек да. Мен деле кышында алдырып салайын деп жатам. Анткени төрөгөндө наркоз алып, ошондон чачым түшө баштады. Чачымды кырсам эле коюлчудай сезиле берет.

Мерген Турган:

– Ай, ал мурда эле чачын кыскартып салган. Көр­гөн­сүңөрбү, узун, буралган чачы бар болчу. Анысын кыскартып салганда аябай урушкан болчумун. Эми кырдырып салыптырбы? Түшкөн болсо керек, анткени өткөндө чачынын суюлуп калганын көргөм. Кырылган чачын көрө элекмин, сен айткандан кийин көргүм келип жатат.

Назгүл Насиева:

– Элмара үйгө келип, «эшике чык» деп жатпайбы. Эшикке чыксам эле Сапар экөө баштары жалтырап, окшошуп отурушат. Сонун жарашат экен. Мен деле депрессияга кабылганда, «чачымды алдырам» деп салонго барганда Эрмек алдырбай койгон болчу.

Элмара Турсуналиева:

– Элмара эже, саламатсызбы, сизди “чачын кырдырып салыптыр” деп уктук, чынбы?
– Жок, ай, кырдырбай эле чачым жакшынакай эле турат. Ким айтты, “чачын кырдырды” деп?
– Коюңузчу, сизди тааныгандардын баары айтышты го?
– Ха-ха-ха.., ушуну да билип алдыңарбы. Ооба, чачымды боёп, химикаттын баарын шыбай берип түшүп баштады. Анын үстүнө, чачты кырдырганда адамдагы терс энергия, жаман нерселердин баары чыгып кетет экен да. Замира Молдошева да “чачыңды алдыр, алдыргандан кийин жаңы чач чыгат. Чачты алдырганда баш эс алып, ден соолукка пайдалуу” деп кеңеш берди. Ал айткандан кийин 3 айга чейин албай жүрдүм. Бир күнү “келчи, мен эле кырып берейин” деп урушуп калды. Анан чыгынып туруп, Сапар Сопубеков досум өз колу менен алып берди. Чачты алганда алгач кийме чач кийип жүрдүм. Анан «ушунча алыпсың, эми жылаңбаш эле жүр» деп Гүлсина Чотонова шаар аралатып көндүрдү. Азыр кийме чачы жок эле басып жүрөм. Өзүмдү аябай жеңил сезип, жыргап калдым. Көчөдө көргөндөр да жакшы комплименттерди айтууда.


“60 К” тобунун жигиттери Самат жана Талант Кадыровдор жөнүндө да аңыз кептер бар. Аларга таянсак, Саматтын биринчи аялынан бир уулу бар экен. Жакында экинчи аялынан да уулдуу болуптур. Ал эми Талант аялы менен ажырашкан, бир уулу бар” деген имишти сураштырып көрдүк.

Фарида Карбосова:
– Талантты өт­көндө «үй­лөндү» деп уккам. Самат ажырашып кеткен болсо керек эле.

Сапар Сопубеков:
– Самат үйбүлөлүү, Талант бойдок болсо керек.

Съездбек Искеналиев:
– Негизи, мен жеке жашоого кийлигишпеймин. Алардын бирөө үйбүлөлүү, экинчиси бойдок болсо керек. Булар Сема менен жакшы, ошондон сурап көрсөңөр.

Айгүл Чалова:
– Билбейт экем. «Самат үйлөнгөн» деп уккам. Бирок экөө тең «бойдокпуз» деп жүрүшөт. Анан өткөндө бирөөсүн «уулдуу болду» деп да угуп, түшүнбөй калдым. Эй, анан “Айгүл айтты, ушундай экен” деп жазып салба.

Гүланда:
– Мен ал сөздүн канчалык дең­гээл­де чын экенин билбейм. Менимче, улуусунун аялы бар, ал эми кичинеси бойдок.

Талант:
– Биз жакында концерт берели деп даярданып жаттык эле. Концерттин астынан мындай суроолорду бербей тургулачы, сураныч?! Анан баарын айтып беребиз. (Ушундай эле жоопту Саматтан да уктук).

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Toko Nemis
2009-09-07 21:36:13
emi Aygul Chalowani jaman akibalda kaltiriptirsinar,ushul bolboit da..
0
balykchydan
2009-09-07 22:15:21
ушу артистер уй-булосу эмне эле жашыра беришет...
0
jasi bala
2009-09-11 11:21:01
Мага да Элмара эженин чачын алганы кызык болду
0
jasi bala
2009-09-11 11:23:41
Кыргыздар бири-бирибизди сындабай эле коелучу?
Мирлан.
0
kurstams
2009-09-12 22:13:37
Озу Кыргыздар ушундай калкпыз да чукулашып эле жатып калабыз чачын алса алыптыр да эми :)
0
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан