ТАГДЫР ОЮНУ-3

(Башталышы өткөн сандарда)

Аскатты узаткандан бери бир жыл өттү. Кимдер жанындай көргөн жакын адамын сагынса, менин абалымды жакшы түшүнө алат болуш керек. Канчалык көп сүйлөшүп, убактыбызды телефондо, интернетте бирге өткөрбөйлү, баары бир Аскатты сагынып жаттым. Эч кимге айта албай кыйналып жүргөн күндөрдүн биринде ал таптакыр эле жоголуп кетти. Телефонун албайт же байланышка да чыкпайт. Мындай эч качан болгон эмес эле, жаным көзүмө көрүнүп жүрдү. Атам таптакыр байланыша албаган соң Америкага учуп кетти. Дагы бир нерсенин ичинен чыкканын билип эле турдум, бирок көңүлүм жамандыкка бура албай жатты. Адам катуу кыйналганда жок дегенде көңүлдөгүсүн айтып ала турган бир адамга ыктайт экен. Илимбек байке телефон чалганда биринчи жолу сүйүнүп кеттим. Анткени көңүлүмдөгү бурганакты кимдир бирөөгө айтып албасам жарылып кетчүдөй абалда элем.
– Эмне болду?- деди ал дароо эми ыйлап жибере турган абалымды көргөндө.
– Эч нерсе...
– Көрүп турам го. Бир нерсе болгон экен. Сен менден эч кандай сыр жашырбайм деп айтканың эсиңдеби?
– Аскатты сагындым! Ал байланышка чыкпай жатат.
Ушинтип айтып ыйлап жибердим. Буркан-шаркан болуп турган сезимдерим эми бир жылчык тапкандай агылып кетти. Сагынганымды, жанымдын кыйналганын, дагы бир нерселерди айта бердим. Илимбек байке мени кучактап сооротуп жатты.
– Эмне кылайын айтчы, азыр баарын жасайм сен үчүн. Сенин бир тамчы жашың үчүн баарын жасайм. Ыйлабачы, баарын жасайын алдыңа...
– Аскатты сагындым!
Көкүрөгүмдөн мындан башка эки ооз сөз чыкпай буулуга ыйлай бердим. Анан... анан... анын ар жагын такыр эстегим келбейт. Кандайча мындай болду, ушу кезге чейин өзүм да түшүнбөйм. Көрсө, алыстан жайылган тор баары бир өз курмандыгын илет көрүнөт. Көпкө ыйлап соорондум. Күүгүм кирип калган экен, шашыла ордумдан турдум.
– Үйгө кантип барасың, апаң тынчсызданат. Жок дегенде өзүңө келип, бети-башыңды жууп ал,- деди Илимбек байке.
Чындыгында апам бул түрүмдү көрсө башымдан сылабашы анык. Анын үстүнө үйдө эмес, сыртта жүрүп оюмду жыйып алышым керек. Ушуларды ойлоп Илимбек байкенин сунушуна макул болдум. Жок, чындыгын айтышым керек, тек жалгыз калгандан корктум. Бир таяныч табылып калгандай, менин кайгымды, сагынычымды бөлүшө ала турган адамдын көңүлүн четке кага албадым. Дагы бир себеби, мен ишендим. Илимбек байке бир жыл ичинде ушунчалык ишеничиме кирип алгандыктан, аны бир тууган агамдай көрөр элем. Көрсө, турмушта баары эле мен ойлогондой апакай эмес экен.
– Жүрү, үйгө барып бети-башыңды жууп, тамактанып ал. Анан үйүңө жеткирип коём.
– Макул.
Үйүнө жетип, ваннага кирип жуунуп, кайра чыктым. Илимбек байке дасторкон жасатып коюптур, көрүп дароо баш чайкадым.
– Мени жеткирип коюңуз!
– Жүрү, бир аз тамак ичип алалы.
– Жок, апам күтүп жатат.
– Убактыңды деле албайм, мени менен бир жолу тамак ичип койчу.
– Үйгө барышым керек.
Менин өжөрлүгүм анын жинине тие баштады. Колумдагы сумкамды алып ыргытып, кыйкырып жиберди.
– Эмнеге бир айтканды түшүнбөй жатасың?! Сага айттым го...
Коркунуч тамагыма кептелип калды. Жан талаша сумкамды жерден ала эшикке бой урдум. Эки аттап жетип Илимбек байке мени кучактап калды. Анын күчтүү колдорунан чыга
албай чыңырып жибердим.
– Кыйкырба, акырын, акырын...
Демигип жаткан ал мени тез колуна көтөрүп экинчи кабатка жөнөдү. Тыпырап жаттым. Кыйкырып, колунан жулкунуп жаткан мени кучагынан чыгарбады.
– Мен сени эч кимге бербейм! Сен менин жашоомсуң! Мен сени кайра коё бере албайм. Айшам менин!
– Жок, мен Данекмин, сиз жаңылып жатасыз... Коё бериңиз мени, суранам, коё бериңиз...
– Жок, сен меникисиң!
Ушу сөздөр менен өпкүлөп кирди. Жараткан, аялды неге мынчалык алсыз кылдың экен? Мен бир гана өлүмдү тилеп жатып эсимден тандым. Кандайдыр бир муздак нерсе жүзүмө тийди. Акылым, эсим өзүмө кайрылып баштады. Ошол замат өзүмдөн өзүм жийиркендим. Ушу күндөн баштап мен Данек болбодум! Кор болгон, тытылган денем менен гана калдым. Ал денени аргасыз сүйрөгөн алсыз рухум калды. Мени бул абалга жеткирген адам өз күнөөсүнүн оордугун билип, бир сөз айта албай, кирпик көтөрүп карай албай башын мыкчыган боюнча отурду. Эсиме келтирем деген окшойт, жүзүмө, денеме суу чачкан экен.
Ордумдан турсам буттарым калчылдайт, андыктан эшикти көздөй жөрмөлөп жөнөдүм.
– Данек!
Келип сүйөй калайын деди эле, эркимден тыш чыңырып жибердим.
– Коркпо, тийбейм, тийбейм, тынчтансаң. Мен сага бир нерсе айтайын. Мен...
Эмнени айтып жатат билбейм, бир нерсени далбастап түшүндүрүп жатты. Артымдан ээрчий чыгып мен таксиге отуруп жөнөгөндө да бир нерселерди айтып жатты. Отуруп кете бердим. Тынбай чырылдаган телефонумду алсам атам экен.
– Данек, эмне албай жатасың, кызым?
– Мен...
– Мен биздин тентекти таптым. Адатынча бирөө менен урушуп кетиптир да, бир аз муштум жеп калыптыр. Бирок азыр баары жакшы. Мен жанындамын. Трубканы сурап жатат.
Берейинби?
Жок! Анын үнүн угууга бетим чыдабады. Жан талаша телефонду басып салдым. Аскаттын үнүн угууга акым жок эми. Менин эми Аскатта эч кандай акым жок. Чырылдап жаткан телефонду албай тура бердим. Безилдеп жатып ал да токтоду. Баары бүттү! Анан эмне болду? Же мындан кийин эмне болушу керек? Гүлдөп турган Данек кыз сабагынан үзүлгөн жалбырактай үч бүктөлүп жерге түштү. Окуя тууралуу эч кимге айткан жокмун, айта турган, арманымды бөлүшө турган деле адамым жок эле. Кимге эмне деп айтмакмын? Менин акмактыгым, акылсыздыгым, ишенчээктигим эмеспи бул? «Анын үйүндө эмне кылып жүрдүң?» деген суроо чыгат же «аны менен эмнеге байланыштың?» деген кеп болушу мүмкүн... Чоң апам болсо, балким, айтат белем, бирок апама айта албадым. Апама ишенбегенден эмес, болгону ал муну укса барып эмне кылып жиберет деп корктум. Бир жума нес болгон адамдай эле эптеп мектепке барып-келип жүрдүм.
Мектептен келе жатсам апам алдыман кубанып чыкты.
– Эртең атаң менен Аскат келе жатыптыр, сүйүнчү!
– Ыя?
– Аскат келе жатыптыр.
Шалдайып сумкам колуман түшүп отуруп калдым. Кантип, кайсы бетим менен карайм? Экөөбүздүн ак сезимибизге так түшүрүп коюп эч нерсе болбогондой кантип тосуп алам? Апам менин абалымды сүйүндү деп ойлоду окшойт, күлүп кайра кирип кетти. Кайдадыр жоголуп кетким келди. Аскаттын жүзүн көрбөй, ысымымды сагынычтуу атаганын укпай өлүп кетким келди. Ал күн жакындап келе жатты. Жок шылтоону айтып бир жакка кетип калайын дейм, Аскатты көргүм келип жатат. Калып калайын дейм, бирок кантип? Оюмду жыйганча атам менен Аскат да келип калышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (43)
mery.89
2013-11-11 21:36:28
Аааа чооорт балдардын баары ушул Илимбектейда ишенимге кирип максатына жетип анан коендун суротун красиво тартып качышат.
0
bosya-92
2013-11-12 16:45:17
ustudo oturgan chinovnikterge insap bersin ilimbek
0
bogot
2013-11-12 20:14:20
Uwu 4ygarma soonunda
0
biyke_kg
2013-11-12 22:17:41
Иииии эми эмне болот? Илимбек акмак экен, Данек бир аз чыдаса Аскат келет экен эле гоо...
0
nuk
2013-11-12 22:52:57
aial zatu ushundai alsuz bolobuz da,kim jakshu mamile kulsa ele ushenip anan aiagunda okunup kala berebuz...Aidanek kuzdugunan ajurap kaldubu tushunboi kaldum ))))
0
Barchun
2013-11-13 01:01:37
АЙДАНЕК менен Аскат бирге болбойт окшойт
0
bakyt86
2013-11-13 01:42:08
Айданек данектей чагылган кезин экенда.Аскатка эмне деп актанар экенсин эми.болор иш болду . Илимбеке ойунду болушконун начар болуптур.эх данек данек журокту эздинго
0
bogot
2013-11-13 09:11:06
Kyzdygyn aldy uje ilimbek
0
Karagulov90
2013-11-13 14:43:05
Расса кызык жерине келгенде тугонуп калат да .....
0
azilya91
2013-11-13 16:26:15
Даа байкуш Данек, данектей эле чагылдын го!
0
Akbera92
2013-11-14 00:27:01
Эх акырында Аскат менен Данек бирге болсо экен
0
zakofflee
2013-11-15 01:18:03
Муну башынан баштап кантип окуса болот? Ким билет?
0
admin_media
2013-11-15 10:03:09
zakofflee,
Саламатсызбы! Сериалдын астында жазылып турат, баардык сериалары. Шилтемени басып көрсөңүз.
0
Meeri1892
2013-11-16 00:56:32
Менимче кызга тийбеген,себеби кызга бир нерсе айтмакчы болуп жатат гооо,ал эми кыз озун жоготуп эле койгон(ушундай эле болсо экен)..кызды аяп жатам..
0
Sweetkg
2013-11-17 21:07:30
ooooooooooooooooo kudai Danek oz suiuusuno jetse eken.....
0
habiba
2013-12-15 18:46:11
576 таппайатам барбы?
0
admin_media
2013-12-16 12:32:33
habiba,
Саламатсызбы! Бар, http://www.super.kg/article/?article=24997 ушул шилтеме менен кирип окусаңыз болот.
0
№ 575, 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан