Азамат Байматов: “КЫЯЛЫМ ИШКЕ АШТЫ”

Өткөн аптада ата мекендик спортубуздун тарыхынан маанилүү бир окуя орун алды. Эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу улуттук курама командабыздын оюнчусу Азамат Байматов “Цюрих-Вентспилс” беттешинде УЕФАнын Чемпиондор Лигасында дебют жасады. Чемпиондор Лигасынын планетабыздагы клубдар арасындагы эң абройлуу мелдеш экендиги маалым жана анда ойноону ар бир профессионал футболчу кыялданат. Азаматтын мындай ийгилиги көз карандысыздык күнүнө карата мекенине тартууланган сонун белеги болду десек жаңылышпайбыз. Андыктан биз эч ойлонбостон туруп, Азамат менен интернет аркылуу байланыштык.

– Азамат, сөз башында УЕФАнын ЧЛсында дебют жасагандыгың менен куттуктайбыз! Талашсыз түрдө бул чоң сыймык. Алгачкы суроом, оюн талаасына чыкканда, УЕ-ФАнын ЧЛсынын атактуу гимнин жандуу угуп жатканда кандай сезимдер жаралды?
– Билесиңби, качандыр бир кезде УЕФАнын ЧЛсынын оюндарын түнкү уйкудан калып күтүп, бир да оюнун калтырбай көрчүмүн. Ошондо мен да качандыр бир кезде ЧЛсында ойносом деп кыялданчумун. Ошондуктан, майданга чыкканымда менден бактылуу адам жоктой сезилди. УЕФАнын ЧЛсынын гимнин угуп, ыйлап жибере жаздадым. Денемде кумурскалар жыбырап кеткендей болду. Азырынча менин карьерамдагы эң бактылуу учур болду да ал мүнөттөр.
– Майданда канча мүнөт ойнодуң? Сага кандай милдет жүктөлдү?
– Машыктыруучу тарабынан мага Цюрихтин жарым коргоочусу Душан Журичти “кайтаруу” милдети жүктөлдү. Аталган швециялык оюнчу алгачкы беттеште активдүүлүгү менен айырмаланып, дарбазабызга гол киргизүүгө да жетишкен. Анан экинчи оюнда андай аракеттене алган жок. Анан дагы мага канат байлап ойноого туура келгендиктен, миңдеген фанаттардын кыйкыргандарын эч качан унутпайм. Алардын кыйкырыктарынан командалаштарымдын айткан кеңештери угулбай калып жатты. Баш-аягы майданда 62 мүнөт ойнодум. Анан машыктыруучум мени алмаштырууну туура көрдү. Чынын айтканда, чарчап калдым.
– Оюндан кийин машыкты­руучуң эмне деди?
– Учурда бизди италиялык Нунцио Дзаветтьери машыктырат. Оюндан кийин ал мени дебютум менен куттуктап, татыктуу оюн көрсөткөнүмдү айтты. Ал итальянча “Грацио!” деп айтты. Жооп иретинде мен дагы “Рахмат!” дедим.
– Командаң тууралуу, негизи эле Латвиядагы жашооң тууралуу да токтоло кетсең. Ал жактагы жашоого көнүп калдыңбы?
– Негизи эле команда алмаштырганда жаңы командага, жаңы жашоо-шартка көнүү деген маселе келип чыгат. Негизги курамга кошулуу үчүн атаандашуу дегендей. Азыр өзүм каалагандай эле болуп жатат. Латвиядагы жашоом толук канааттандырат. Вентспилс абдан кооз жана туристтик шаар. Көчөлөрүндө автотыгындар болбойт. Машина сатып алууга да жетиштим. Ата-энемди, жакындарымды сагынганым эле болбосо, буюрса, баары жакшы.
– Командалаштарың менен кайсы тилде сүйлөшөсүң?
– Командада оюнчулар өз ара англис жана орус тилдеринде сүйлөшөбүз. Ал эми машыгууларга 2 котормочу катышат. Алар машыктыруучубуздун сөздөрүн бизге которуп турат.
– Эми алдыда Европанын Лигасында дебют жасоо күтүп турат. Даярдыктар кандай?
– Ооба, 17-сентябрда Берлинде “Герта” менен беттеш өткөрүп, Европанын Лигасындагы сезонду баштайбыз. Азыр күчөтүлгөн тартипте машыгууларга кириштик. Абдан чарчап калып жатам. Кандайдыр бир ийгиликке жетишүү үчүн көп эмгек кылуу керек экендигин билем.
– Вентспилс менен туруктуу келишимге кол коюу жагы кандай болуп жатат?
– Негизи, футболчу дайыма көчүп жүрөт. Анын жашоосу – “дөңгөлөк үстүндөгү жашоо” десем болот. Бир жылдан кийин кайсы командада ойноп кала турганын эч ким билбейт. Муну өзүм башыман өткөрүп жатпаймынбы. Вентспилс менен келишимге кол коёмбу же жокпу, баары быйылкы сезонду кандай жыйынтыктообуздан көз каранды. Азыр кайрадан чемпион болуп, эмки жылы да УЕФАнын ЧЛсында ойноону максат кылганбыз.

P.S. Казакстандын жарандыгын кабыл алып кеткен Эмиль Кенжесариевди эске албаганда БайматовУЕФАнын ЧЛсында ойногон алгачкы кыргыз азаматы болуп калды. Азаматтын командасы ЧЛсынын группалык баскычына 1 кадам калганда, 3-тандап алуу баскычында швейцариялык “Цюрихтин” каршылыгына туруштук бере албады. Кызыгы, бул беттеште мекендешибиз эскертүү кагазын алган (50-мүнөттө) жалгыз футболчу болду. Эми Азаматтын оюндарын УЕФАнын Европасынын Лигасында көрө алабыз.

Аза тууралуу

  • Байматов Азамат Асылбекович 1988-жылдын 3-декабрында Ош шаарында төрөлгөн.
  • Бою – 185 сантиметр, салмагы – 75 килограмм.
  • “Дордой-Динамонун” курамында Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун (2008) ээси, Кыргызстандын чемпиону (2008). АФКнын президентинин кубогунун (2008) күмүш медалынын ээси.
  • Спорттогу жана жашоодогу кумири – Дэвид Бекхэм.
  • Күйөрмандык кылган командасы – “Ювентус” (Италия).
  • Бойдок. Учурда Вентспилсте (Латвия) жашайт.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
saraltyn
2009-09-07 11:08:00
Азамат Аза!
0
mongol
2010-04-07 02:00:40
araket kilsa bereket degendey ele alga
0
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан