«Сени мен жараткам жана өзүм өлтүрөм!» Айрым бир ата-энелердин балдарына жасаган мамилелерин угуп-көрүп жүрүп Тарас Бульбанын жогорудагы легендарлуу сөзү аргасыздан эсиңе түшөт. Наристе ата-энесинин менчигиби же ата-эне өз балдарын өзү каалагандай тарбиялашы керекпи? Залим ата-эне кандай учурда ата-энелик укуктан ажыратылат? Төмөндө ошол тууралуу сөз кылмакчыбыз.
ҮРӨЙ УЧУРГАН ТАРБИЯ
Алгач жакында эле болуп өткөн окуяны эсиңиздерге сала кетели. Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун ооруканасына комага түшкөн абалда Диана аттуу 2 жаштагы кыз жеткирилген. Иликтөөдө белгилүү болгондой, 3-октябрь күнү ата-энеси наристени үйдүн ичиндеги паластын үстүнө заара ушатып койгондугу үчүн сабашкан. Заара ушатып койгон Диананы өгөй атасы камыр жайчу үбөлүк менен башка, жамбашка бир нече жолу чаап жиберген. Денеси ооругандан ыйлаган кызын апасы да сабаган. Жыйынтыгында дарыгерлердин аракети жардам бербей, наристе 6-октябрь күнү ооруканада эсине келбей көз жумган.
Учурда апасы Жаркынай Камчыбекова кош бойлуу болгондуктан үй камагында, ал эми Алмаз Турдакунов Каракол шаарындагы №23-СИЗОдо отурат. Алардын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
«АТА-ЭНЕЛЕРДИ УКУГУНАН СОТ АЖЫРАТАТ»
Ата-эне кандай учурда ата-энелик укуктан ажыратылат? Бул сурообузга Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы ГҮЛМИРА АХМАТОВА жооп берди:– Ата-энелер же багып алуучулар балдарынын өсүшү, ден соолугун чыңдоо, билим алуусу үчүн зарыл шарттарды мыйзамдуу түрдө түзүп бериши керек.
Балдарына зомбулук көрсөтүп, өмүрүнө зыян келтирген, балдарын төрөп төрөт үйүнө же жетимдер үйүнө таштап койгон, балдарын жакшылап бага албай ичкиликке, баңгиликке берилген ата-энелер ата-энелик укуктан ажыратылат. Кыргызстанда мындай фактылар өтө көп эмес, бирок бар. Жер-жерлерде биздин атайын балдар жана үй-бүлө менен иштеген ыйгарым укуктуу өкүлдөрүбүз иштеп, андай үй-бүлөлөрдүн жашоо шарты менен таанышып чыгышат. Эгерде бала 10 жаштан ашса, өзү жана ата-энелердин бирөөсү, болбосо Үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери, прокуратура кызматкери же тааныштары сотко арыз менен кайрылса сот карайт. Эгер арыз далилденсе, анда андай ата-эне укугунан ажырайт. Үй-мүлкү балдар тарапка өткөрүлүп берилет. Балдарды туугандары багып алса да болот, бирок сөзсүз баланын ыктыяры менен. Эгер туугандары жок болсо, бала балдар үйүнө берилет.
Ата-энелик укуктан ажыратуу жана чектөө деген бар. Эгер ата-энеси майып болуп же жугуштуу оорулар менен ооруп калса, ата-энелик укугу чектеле турат да, балдарына жолугууга тыюу салынат.
«КӨБҮНЧӨ БАЛАНЫН АПАЛАРЫ АРЫЗДАНЫШАТ»
Ата-энелик укуктан ажыратуунун мыйзамдары тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы КАЛЫБЕК САДЫКОВ төмөнкүлөрдү билдирди:– Ата-энелик укуктан үй-бүлөлүк кодекстин 74-75-беренелери боюнча сот тарабынан төмөнкү негиздерде ажыратылат:
Азыр тышкы миграция күчөгөндүгүнө байланыштуу, көпчүлүк ата-энелер чет өлкөгө иштегени кетип, балдары кароосуз калууда. Биздин райондо орто эсеп менен жылына 10го жакын ата-эне укуктарынан ажыратылат жана шарттуу түрдө камалат же айып төлөшөт. Бизге көбүнчө балдардын апалары арыз менен күйөөсүнүн ата-энелик укугунан ажыратууну суранып кайрылышат. Себеби күйөөлөрү чет жакка кетип балдарына жардам бербей коёт же башка себептери бар. Эгерде ата-эне мурдагы кетирген каталарын оңдосо, аны социалдык кызматкерлер тактаса, анда биз алардын укугун кайтарып беребиз.
«БАЛДАРДЫ САБАБАЙ МЭЭРИМ ТӨГҮШ КЕРЕК»
Жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык Альтернативаларды алдыга жылдыруу борборунун психологу ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА буларга токтолду:– Зомбулуктун түрлөрү көп. Баланын тиши ооруп, аны ата-эне дарыгерге алып барбаса, ал деле зомбулукка кирет. Баланы кагып-силкип, уруп-сабоо менен тарбия берүүгө ата-эненин укугу жок. Ар бир бала ата-энесине бой жеткенге чейин көз каранды. Эгер ата-эне баланы уруп, сабап тарбияласа, бала өзүнө болгон ишенимин жоготуп, тартынчаак, коркок болуп чоңоёт. Психологияда мындай эксперимент өткөн:
Эки жаңы төрөлгөн баланы алып, бирин жылуу төшөккө бапестеп жаткырып, тамактын жакшысын берип, бирок эч бир сөз айтышпай, колго көтөрбөй багышкан. Ал эми экинчи балага аз тамак берип ачка коюп, бирок аны колуна алып, кучактап «мен сени жакшы көрөм» деп кулагына айтып, мээрим төгүп багышкан. Жыйынтыгында биринчи бала 2 айдан соң чарчап калган. Ал эми экинчи бала тамак аз ичип, ачка болсо да, кийими жок болсо деле өсүүсү нормалдуу болуп калыптанган.
Африкалык балдар физикалык жактан күчтүү болушат го. Анын себебин изилдегенде аларды кичинекей кезинде апалары жылаңач денесине байлап алып көтөрүп чоңойтушат. Ошол себептүү балдар бардык жактан жакшы жетилишет. Баланы урушпай, ага мээрим төгүп, ар кандай оюн түрлөрү менен тарбиялоо кажет.
Мыйзам чегинде балдарына зомбулук көрсөткөн ата-энени укугунан ажыратуу туура, бирок баары мыйзам чегинде болсо. Себеби айрым учурда кызыкчылыктар ойноп кетип, кээ бир ата-энени балдарынан негизсиз себептер менен эле ажыратып койгон фактылар да жок эмес...
«Супердин» сурак бурчу
ЗОМБУЛУК КӨРСӨТСӨ БАЛДАРДЫ АТА-ЭНЕСИНЕН АЛЫП КОЮУ КЕРЕКПИ?
Адилет Артыкбаев, ди-джей:
– Ата-эне балдарын жаман жолго тарбиялабайт. Бирок күч колдонуу менен зордук көрсөтсө аны Жараткан да кечирбейт. Эгерде баласын жектеп кордосо, анда балдарын Балдарды адаптациялоо жана реабилитациялоо борборуна өткөрүп бериш керек.
Бегимай Бекбоева, ырчы:
– Албаш керек. Балдарын кантип тарбиялайт ал ата-эненин өз иши, укугу. Ата-эне деле балдарын мыкаачылык менен сабабайт болуш керек. Эгерде балдары тентектик кылып, сөздү укпай жатса, анча-мынча какыс-кукус кылып койсо болот да.
Мамажан Исаев, ашпозчу:
– Ар бир ата-эне колунан келишинче бала тарбиялайт. Өз баласын сабайбы, эркелетеби, кантип тарбиялоону ата-эне өзү билет. Балдарын бага албай, ар кайсы жумушка иштеткени үчүн ата-эне жазаланбашы керек. Анткени азыр жумуш жок, балдар да чыйрак болуп чоңоёт.
Раушанбек Каратаев, куруучу:
– Бул бир-эки киши чеччү маселе эмес. Жалпы коомчулук, ошол үй-бүлөнүн туугандары чечиш керек. Эгер ата-эне баласын себепсиз эле сабай берсе, баланы балдар үйүнө же баласы жокторго берүү зарыл.
Жамиля Мурсаитова,үй кожойкеси:
– Балдарды бир аз тарбиялаш керек, бирок акылы толук жетиле элек балдарды сабоонун кажети жок. Эгер ата-эне балдарына татыктуу тарбия бере албаса, денесин көк ала кылып сабаса, анда балдар үйүнө алып коюу туура. Балдар эгер тилди укпаса, ата-энеси татыктуу тарбия бере алган эмес да.
Жумгалбек Өмүрканов, журналист:
– Баласын катуу урушуп, чаап койсо эле ата-энесинен алып коюу болбойт. Бирок баласына мээрим төкпөй, күнүгө уруп-согуп турса, бала өз үйүнөн, ата-энесинен кетенчиктеп кача баштаса, сөзсүз алып коюш керек.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg