Султандын көптөн бери көрүнбөй кеткенин байкасаңыз керек. Биз да бул жигитти көпкө издеп, жолугуунун сааты чыкпай убара тарттык. Аягында “Россия” кинотеатрынан таап, кепке салдык. Бул жигиттин бук болуп жүргөн кези экен, “айтылбай турган сөз эле...” дегендей, ичке толгон сырын төгүп, бир кыйла жеңилдеп да алды.
– Салам, Султан, кез-кезде редакциябызга башбагып турчу элең, акыркы күндөрү такыр эле көрүнбөй кеттиң. Кайда, эмне иштер менен алек болуп жүрөсүң?
– Бир окуяга көңүлүм сыздап, ошону ойлобос үчүн жеке иштер менен эле алаксып жүрдүм. Ар кандай ушак-айыңдан да тажап кеттим. Бул жара сыяктуу нерсе экен да, кичинекей кезинде айыктырып албасаң, ырбап кете турган.
Эми бир аз оңолуп, ойгонуп, өзүңөр көрүп тургандай, “Тумар” радиосу түзгөн долбоор боюнча иштешүүгө макулдугумду берип, кыймылга келдим.
– Сенин үнүңдү жаңыдан тили чыккан баладан тартып, эңкейген карыларга чейин жактырып угушат. Бирок жаңы ыр, клип дегендерди элге тартуулабай жатасың, эмне үчүн?
– Жеке жашоомду бир нукка сала албай, ошого көп алаксып кеттим. Мына буюрса, “Энекем” деген жаңы ырыма клип тартканы турам. Продюсерим Динара эже экөөбүздүн ортобуздагы келишим да бүттү. Мурун ыр жаздыруу, клип тарттыруу деген иштерге көп баш оорутпай жүрүп көнүп алган экенмин. Чыгынбай жүрүп, эми кыймылга келдим. Буюрса, күйөрмандарды зарыктырбай, жаңы ыр, клиптер менен кубантып турам. Анан комуз, домбра менен эл ичине сиңген дастандарды, жаңы ырларды жаздырып альбом чыгарсам дейм.
– Жакшы пландарың бар экен. Алар ишке ашсын дейли. Айтчы, кимдердин компаниясында эс алган жагат. Достор мененби же бир эле адам мененби?
– Бир эле адам менен эс алган жагат, себеби көпчүлүктү көңүлүм сүйбөйт. Компанияда көп эле жүрөм дечи балдар менен, бирок эс алгандай болбойсуң.
– Жазында берген концертиңде Бактыгүл аттуу бактылуу кызды эл алдына алып чыгып, “сүйлөшкөн кызым” деп тааныштырдың эле. Кийинчерээк “экөө таарыныша кетишти” деп угуп калдык. Депрессияга түшкөнүңдүн себеби ушулбу?
– Ал кыз менен көптөн бери сүйлөшүп жүрчү элем. Ортодо түшүнбөстүктөр чыгып, мамилебиз бузулуп кетти. Сүйүүгө караганда да ага абдан көнүп алган экенмин, жалгыздыкка көнө албай катуу кыйналдым. Азыр бир топ эле ырларды даярдап жатам. Сүйүү, түшүнбөстүк, ажырашуу, аны эстөө тууралуу жазылган ырларым бар. Айрымдары Бактыгүлгө арналган. Убагы келгенде ырдап чыгам деп турам. Чыгармачыл адам сүйүүдө да башкачараак келет окшойт. Сезимдерге катуу берилип, ар кандай түшүнбөстүктөрдү жүрөккө жакын алып, сүйүүң күчөп турса илхам алып, таарынышып, ажырашып калсаң катуу чөгүп кетет экенсиң. Мындай абалым жакындарыма да терс таасирин тийгизди. Билип турсам да өзүмө өзүмдүн күчүм жетпей жатты.
– Бактыгүл тууралуу сөз кылганыңда көздөрүң жайнай түштү. Жакшы көргөн окшойсуң, анан таарынышып кетүүгө ким себепкер болду?
-- Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Айтышат го “эки жактан тең кетет” деп. Биздин мамиленин бузулушуна көбүрөөк күнөө менден кетти.
--Элдин көзүндө, элдин сөзүндө жүргөн адамсың. Ошентсе да кээде ашыкча эле жеке турмушуңа кызыгып, кийлигише бергендерге жиниң келеби?
-Ооба. Жашоомо аралаша бергендерден ушунчалык тажап кеткен учурларым болду. Өзүм тууралуу бир шумдук ушактарды угам. Кээ бирөө “Султандын аялы, баласы бар экен”, “Султан ичип кетиптир” десе, айрымдар түз эле “жакшынакай балаң, келинчегиң бар экен, аларды эмне жашырасың?” дешет. Андайларды силердин гезиттеги почтадан да окуп калам. Ошолорго жооп бергим да келип кетет. Сахналаш айрым досторум үйлөнүп, бала-чакасын элге көрсөтүп жатышпайбы. Биздин акыл-эсибиз деле ошолордукундай эле. Никелеп алган келинчегим болсо, эмнеге элден жашырмак элем?
--Кыздарга анчалык байкалбаган, бирок бойдок жигиттердин баш оорусу болгон иштер бар. Тамак жасамай, үй жыйнап, кир жуумай деген. Ошолордон тажаган жоксуңбу?
--Чын эле мына бүгүн эртең менен эрте, саат сегиздерде турдум. Адатта 10-11ге чейин уктайм да. Көздү ушалай ашканага кирсем, кечээтен бери жуулбай турган идиш жайнап кетиптир. Айла жок өзүмчө сүйлөнүп алып жууп, тазаладым.
--Эмне деп сүйлөн-дүң?
--Идиш жууймунбу, байпак жууймунбу, “Султан, мына аз калды. Дагы бир-эки жыл чыдай тур, анан бул иштерден кутуласың” деп өзүмдү-өзүм алдайм. Үйлөнөрүм менен бул иштерди келинчегиме өткөзүп бербесем.
--“Достор” тасмасында баш каармандын ролун жараттың. Кийин көргөн соң өзүңө жакпай калган жерлери болдубу?
-Профессионал актёр болбогондон кийин көп эле кемчилик кетирсем керек. Өзүмө жакпаган жерлери деле бар. Эл көрүп, эл сындайт деп коюп эле жүрөм.
-Кинодо жетим баланын ролун жараттың. Киши өлтүрүп, аягында өзүңдү-өзүң атып салдың. Мындай ролду ойногонго кыжаалат болгон жоксуңбу?
-Кыжаалат болмок тургай, көпкө чейин түшүмө кирип, көңүлүмдөн кетпей, өзүмдү жаман сезип жүрдүм. Айылга барып кой сойдуруп, куран да окуттум. Азыр деле радиолордон Айперинин “Ариет” деп ырдаганын уксам жүрөгүм түшөт.
-Актёрлуктун даамын татып көрдүң. Өзүңдүн эркиңде болсо, кимдин ролун ойномок элең?
-Көптөн бери ичимден арман кылып келем, эгер Жеңижок жөнүндө кино тартылса ошону жаштыгынан тартып карыганына чейинкисин ойносом деп.
-Эми мүнөздөргө өтсөк. Өзүңө кандай баа бересиң. Сен таарынычы бат жазылгандар тобуна киресиңби же бир көңүлү калса таптакыр жумшарбагандар тобунабы?
-Таарынчаак эмесмин. Кек деле сактай бербейм. Таарынсам бат эле жазылып кетем. Тескерисинче, мага көп таарынышат. “Чалбайсың, жоголуп кеттиң, көңүл бурбайсың” деп. Мени сатып кеткендер деле көп эле болуп жатат. Бирок аларга тарынбайм, “акылы жеткени ушул болду да” деп өзүмдү жоошутуп коём.
-Өзүң жөнүндө анекдот уксаң, кандай кабыл аласың?
-Юморго жакшы элемин. Мени “ырларды которуп ырдайт” деп эле тамашага сала беришет. Бирок которуп ырдоону да билүү керек. Мен билгенден айрым ырчыларыбыздын ар бир экинчи ыры которулган. Казак, өзбек, түрк, араб, атүгүл европалык обондор, ырлар. Аларды эч бирөө “ушул которуп ырдайт” деп сөз кылбайт. Анткени алардын ыры элге сиңбей жатат. Ар бир эле адамга арналып анекдот чыга бербейт да. Демек, кылып жаткан иштериңди эл байкап, баалап, кааласа сындап жатканы. Мындайга кубанып эле коём.
-Мурдагы Султан менен азыркы Султандын кандай айырмасы бар?
-Байып же кедей деле болуп кеткен жокмун. Бирок моралдык жактан өзгөрүү чоң. Азыр өзүмдү токтоо сезип калдым. Мурда Султан каалаган жерине барып, сейилдеп, көңүл ачып, атүгүл балдар менен мушташа деле берчү. Азыр бара албайт. “Базар аралай албайм, ар кандай кафеге баралбайм” деп өзүмдү жогору сезип жылдыз болуп жатканым жок. Чынында эле көчөдө каалагандай басып, сейил кыла албайм. Өткөн-кеткендер колу менен жаңсап, ар нерсени сүйлөшүп, бири келип сүрөткө тартса, бири автограф алып, дагы бири жамандап, ыңгайсыз кылышат. Ошондуктан азыркы Султандын баскан-турганы чектелүү болуп калган.
-Рэкеттер “салык төлө, ырдап бер” деп тынчыңды алышса, кантип кутуласың?
-Негизи, Кыргызстанда рэкеттер ачык коркутуп көрүшө элек. Алар деле кимди коркутуу керегин жакшы билишет да. Мени коркутуп эмнемди алышмак эле? Бирок ошолордун арасында эле жүргөн сыйлуу агаларыбыз бар. “Ушул силердей таланттуу жаштардан жардам аябайбыз” дешип көмөк көрсөтүп, колдоп турушат.
-“Ичтеги букту айтса кетет” дешет. Мына, сүйлөшүп отуруп көңүлүң ачылып, күлүп да калдың. Дайыма ушул калыбыңдан жазба, ийгилик сага.
Кыскасын айтканда...
• Кыздар менен биринчи таанышканда тазалыгына, сүйлөө манерасына көңүл бурат.
• Сахналаш теңтуштарынын ичинен “эркекче сөзүнө турат” деп өз инисиндей болуп калган Айдин Шердин мүнөзүн баалайт.
• Өтө эле жасанып жүргөн гламурный жигиттерден аллергиясы бар.
• Өзүндө эркекке тиешелүү бардык эле сапаттар бар деп билет.
• МАИчилерге далай жолу кармалат. Көбүнчө айып төлөбөй эле кутулат.
• Стол үстүндө ойнолуучу теннисти, воллейболду тимеле жыргап, берилип ойнойт.
Шаиста Шатманова
star@super.kg