«Тамашоунун» уясынан учкан таланттар алгачкы карлыгачтар азыр кыргыз шоу чөйрөсүнөн өз жолун табуу менен алек. Бири күлкү, теле айдыңында болсо, кээ бирлери жеке иштери менен. Бул жолу аталган долбоордун көзүр оюнчуларынан куралган «Тамадалар» командасы тарап, 6-сезондо ойнобой турган болушту. Команданын оюнчусу Азамат Исмаилов: «Бийликтегилер жаштарга орун бербей келет эмеспи. Биз аларга үлгү болуп, «Тамашоунун» жаштарына орун бошотуп берели деп чечтик. «Тамашоудон» биротоло деле кеткен жокпуз, конок катары фестивалдарда ойноп турабыз»,- дейт. Ал эми «Тамадалардын» дагы бир оюнчусу Кубат Кубанычбеков: «Чогулуп даярданганга эмес, ал-абал сурашканга да убакыт жок. Ар бирибиз өз жумушубуз менен алекпиз. Мен башында эле айткам, «бошобойм» деп. Бирок «ойной бер» дешкенинен 6-сезондун ачылышында ойноп койгон болчумун»,- деген оюн айтты.