Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ОРОЗО АЙТ ЖАНА КУРМАН АЙТ МАЙРАМДАРЫ

№357 4-10-сентябрь, 2009-ж.


Мусулман баласынын саналуу гана майрамы бар. Саналуу майрамдардын катары Орозо айт жана Курман айт менен толукталат. “Айт” деген араб сөзү. Аны кыргызчага которгондо “майрам” дегенди билдирет. 

Орозо айт эмне үчүн майрамдалат?

Мусулмандарда Рамазан айы бүтөрү менен Орозо айт майрамы белгиленет. Эскерте кетсек, мусулмандар Мухаммед  пайгамбарга Куран китеби түшкөндөн кийин, орозо кармоо менен Орозо айт майрамы белгилене баштаган. Бул майрамды мусулмандар “орозо аяктады. Ден соолук жактан да, руханий жактан да тазаландык. Эң негизгиси, беш парздын бирин аткардык” деп майрамдашат.

Майрамдоо...

Майрам күнү колунда бар бай адам таң эрте бей-бечараларга, колунда жокторго, оору-сыркоолорго, жетим-жесирлерге жардам берип, көңүлүн көтөрүү менен сооп табуусу керек. Бул туурасында Мухаммед пайгамбарыбыз: “Парздарды орундаткандан кийин Алланын жакшы көргөн иши – мусулман баласынын бири-бирине жардам берип, кол сунуусу”,- деп айткан.
“Эртең Орозо айт” деген күнү мусулмандар таза жуунуп, жыпар жыттуу атырлардан себинүүсү керек. Анан да түрлөп тамак-аш жасап, дасторкон жаюу абзел. Мына ушул күнү айт намазы окулат. Айт намазын окуу сүннөт. Алла Таалага шүгүрчүлүк келтирүү, мактоолорду айтуу үчүн айт намазы мусулмандарга арналган. Бул намаз күн чыккандан түшкө чейин ачык асман алдында окулууга тийиш. Эгер ага аба-ырайы тоскоол болсо, анда мечитте окулууга уруксаат. Андан соң бул күн тууган-урук, кошуна-колоңдун үйүнө айттап баруу менен уланат. Эскерте кетчү нерсе, бул күнү ичимдик ичүүгө катуу тыюу салынат.

Курман айт

Курман айт майрамы тарыхта 7-пайгамбар Ибрагимдин доорунан бери майрамдалып келе жатканы белгилүү.
Ибрагим пайгамбар уктап жатып, түш көрөт. Бул түш бир эмес, үч жолу кайталанат. Түшүндө “мени сүйсөң, уулуңду курмандыкка чал” деп айтылат. Аян Алла Таала тарабынан берилип жатканын түшүнгөн пайгамбар жакшы көргөн уулу Исмайылды курмандыкка чалуу үчүн алып жөнөйт. Ибрагим пайгамбар жетчү жерине жетип, баласына бычак тартса, эмнегедир бычак өтпөйт. Анткени бул убакта Алла Таала Ибрагим пайгамбардын чын ниеттен жасап жатканына ишенип, курмандыкка чалуу үчүн ак кочкор жөнөткөн экен. Маарап түшкөн кочкорду пайгамбар баласынын ордуна мууздайт. Мусулмандардын курмандыкка кой союу салты мына ошондон калган.

Майрам тууралуу

Курман айт Орозо айттын өткөнүнө 70 күн болгондон кийин майрамдалат. Мусулмандар бул күнү жуунуп-тазаланып, эртең менен эрте мечитке барып, намаз окуусу шарт. Андан кийин колунда барлар мал союшса болот. Ал эми “бул мусулмандын милдети” деп, колунда жоктордун жөн жерден малга чыгым болуусуна жол берилбейт. Малды курмандыкка чалганда атайын дуба окулат. Анан ал малдын этинин үчтөн бир бөлүгү өзүнө, экинчи бөлүгү жакындарына, үчүнчү бөлүгү кедей-кембагалдарга таратылышы кажет.

Орозонун календары

Август-Сентябрь

Орозонун күнү

Ооз бекитүү убагы
(саарлык)

Ооз ачуу убагы
(ифтар)

4-сентябрь

15

4:38

19:40

5-сентябрь

16

4:39

19:39

6-сентябрь

17

4:41

19:37

7-сентябрь

18

4:43

19:35

8-сентябрь

19

4:44

19:34

9-сентябрь

20

4:46

19:32

10-сентябрь

21

4:48

19:30

11-сентябрь

22

4:50

19:28

12-сентябрь

23

4:51

19:26

13-сентябрь

24

4:53

19:25

14-сентябрь

25

4:55

19:24

15-сентябрь

26

4:56

19:22

16-сентябрь
Кадыр түн

27

4:58

19:20

17-сентябрь

28

4:59

19:19

18-сентябрь

29

5:00

19:17

19-сентябрь

30

5:01

19:15

20-сентябрь – Орозо айт

Эскертүү: Таблица Бишкек убактысы боюнча көрсөтүлдү.

Кара-Балта шаары үчүн – 3 мүнөт; Жалал-Абад, Талас шаар­ларында –7 мүнөт ; Ош шаарында – 8 мүнөт; Баткен шаарында – 16 мүнөт таблицадагы убакытка кошулат.

Токмок шаары үчүн –3 мүнөт; Нарын шаары үчүн –6 мүнөт; Чолпон-Ата шаары үчүн –3 мүнөт; Каракол шаары үчүн – 13 мүнөт таблицадагы убакыттан кемитилет.

саарлыкта ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:

Навайту ан асувма саума шахри Рамазана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таала Аллаху акбар.

иптарда ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ:

Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва ала ризкика афтарту, фагфирли ма каддамту ва ма аххарту бирохматика йа армахаар рохимин.

Кадыр түн  15инен 16сына караган түнү болот.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
07.09.2009. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы башка календарларда момундай жазылып жүрөт

Саарлык дубасы:

Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал-фажри илал-магриби, халисан лиллахи таъала, Аллаху акбар.


Ифтар дубасы:

Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка тавакалту, ва ъалаа ризкыка афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту йа эрхамер-рахимин.


кээбир тамгаларда айырма бар экен, кайсынынсы туурадыр?
09.09.2009. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалом алейкум! Сиз көргөзгөндү деле туура деп айтса болот, орус тилинде сүйлөп жүргөндөргө он келет, мисалы Рамадан деген сөз, биз Рамазан деп айтабыз.

Аллах баарыбызга ыйман жана хидаят берсин.
Орозонуздар кабыл болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: