Ырчы Ырыскелди Осмонкулов 1-ноябрь күнү кызы Айсулууну турмушка узатты. Күйөө баласы ким экен дебейсизби, биз билген «Моника Беллуччи» командасындагы узун бойлуу Азим Кунеев аттуу жигит.
– Ырыскелди агай, куда кут болсун, кызыңызды турмушка узатыпсыз...
– Рахмат, кызымды күйөөгө узатып бир чети ичим ачышса, бир чети кубанып отурам. Уулу үйлөнсө сүйүнүп, кызын узатса ичи ачышып кала берген ата-энелерди эми түшүнүп жатам.
– Кудаларыңыз көңүлүңүзгө толдубу?
– Ооба, абдан түшүнүктүү адамдар экен. Ысык-Көлдөн болушат. Эң башкысы, кызым Айсулуу менен күйөө балам Азим бактылуу болушса болду, жаштарга андан башка эмне каалайбыз.
Ырыскелди Осмонкуловдун күйөө баласы Азим Кунеевди да кепке тарттык.
– Азим, Айсулуу экөөңөр кантип таанышып калгансыңар?
– Айсулуу менден үч жаш кичүү. Ушул жылдын январь айында Айсулуунун бир курбусунун туулган күнүндө таанышканбыз. Жанында телефону жок экен, «сени кантип табам?» десем, апасынын номерин берген. Кийин апасынын номерине чалып таап, жакындан тааныша баштадык.
– Кайнатаң ырчы экенин таанышканда эле билчү белең?
– Жок, башында билген эмесмин. Айсулуу 1 айдан кийин гана айтты.
– Үйлөнүү тууралуу качан сунуш киргиздиң?
– Жайында эле үйлөнөбүз деп чечкенбиз. Сентябрда ата-энелерибиз менен тааныштык. Апасы менен биринчи тааныштым, кийин ата-энелерибиз чогуу отуруп той тууралуу сүйлөшкөндө кайнатамды биринчи жолу көрдүм.
– Ырыскелди агай менен таанышканда толкундануу болгон жокпу?
– Чынында, көп деле толкунданган жокмун. Бири-бирибизди өмүр бою тааныгандай эле жүрдүк, тойго чейин деле, азыр деле.
– Ырыскелди Осмонкулов тоюңарда ырдагандыр?
– Ооба, эң жакшы көргөн ырым деп «Сулууга» аттуу ырын аткарып берди.
– Рахмат маегиңе. Айсулуу экөөңөрдүн кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
Лунара Бекиева
star@super.kg