Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АРТИСТТЕР МЕНЕН КАЙНЕНЕСИН СЫЗГА ОТУРГУЗГАН КЕЛИН

№357 4-10-сентябрь, 2009-ж.


Редакциябызга бир кучак тил каттарын көтөрүп кирип келген Муминова Жалжалбү апанын арманын угууга аргасыз болдук. Апанын айтымына караганда, келини болгон Фаризат аттуу айым бир жолу гана эмес, бир нече жолу алдап кеткенин айтып, ыйламсырап отурду. Эмесе кеп башынан болсун...

«Алгач баламды алдады»

– Жалжалбү апа, кулак сизде...
– Менин беш балам бар. Беш баламды жалгыз бой өстүрдүм. Фаризат деген кыз улуу балам менен жакшы мамиледе болуп жүрүптүр. Анда ал Ак-Босого жаңы конушунда батирде турчу. Балам экөө ошол жерден тааныш болуп, кирип-чыгышып жүрүптүр. Ошентип, экөөнү үйлөндүрүп, бир үйбүлө болуп жашап калдык. Кийин келиним көз жарды. Төрөгөнүнө жыйырма күн болгондо, балам экөө урушуп кетиптир. Балам да кол көтөрүп койгон окшойт, кой-айга болбой түйүнчөгүн түйүп алып, басып кетти.
Кеткен боюнча кайра мага кайрылып келген жок. Бирок балам баласы үчүн атайын Көлгө барып, акча жагынан кол кабыш кылып жүрүптүр. Анда балам ЦУМдун алдында көз айнек сатып иштечү. Анан ал жерден ушундай майда-чүйдө сатып оокат кылгандарды кубалай баштабады беле. Ошондо Фаризат баламдан 600 доллар алып, “мен сага тааныштарым аркылуу орун сүйлөшүп берем, бат эле бутуңа туруп кетесиң” дептир. Муну балам мага деле айткан эмес.
“Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деп бекеринен айтылбаган да. Бир жолу Фаризат экөөбүз жолугуп калдык. Тим эле ичи-коюнума кирип, “апаке, үйгө келип тамак ичип кеткиле. Анын үстүнө, небереңиз да 1-класска киргени жатат” деп калды. Неберем үчүн болсо, анда барам деп балдарымды ээрчитип алып бардым. Жадырап-жайнап бизди конок кылды. Ошондон кийин Фаризатка ишенип калдым. Баарыбыздын кайда, эмне кылып жүргөнүбүздү такып сураганынан, эч нерсе ойдо жок эле болгонун болгондой эле айтып салыптырмын. Ал эмес үйдүн жанына павильон иштетип, канча киреше таап жатканымдан өйдө айтыптырмын. Кийин келип-кетип, байланышып жүрдүк.

«Дарыланам» деген акчамды алып кеткен»

Мен ооруп жүргөн элем. Ошондо доктурга көрүнөйүн деп бир аз акча чогултуп жатканымды айтып койгон экемин. Мына ушундан баштап эле балээ башталды. “Апа, азыр жакшылап дарылануу үчүн жакшы акча керек. Келиңиз, андан көрө мен акчаңызды эки эсе кылып көбөйтүп берейин. Бул көп деле убакытты талап кылбайт. Ал акча менен ден соолугуңузду гана жакшылап чыңдап албастан, ашыкча тыйын-тыпыр да кылып аласыз, үйүңүздү оңдоп-түзөп, эмерек да аласыз” деп калды. Фаризат бул сөздөрдү чын жүрөктөн айткандай сезилди. Бир чети ким эле минтип мага жардам бермек эле деп макул болдум. Чогулткан пенсиямды, павильондон тапкан акчамды чогултуп, 30 миң сом кылып бердим. Акчанын кайтарар маалы келгенде эле “мына, эртең” деп мага бир топ убакыт тил эмизип келди.
Бир күнү барсам, жашаган жеринен көчө качыптыр. Анан айлам кетип сураштырып, ал жашаган батирдин ээси кубалап жибергенин билдим. Көрсө, карызын доолагандар келе берип тажатыптыр. Фаризаттын фамилиясы Асанкалый кызы экен. Ал бир эле менден акча албастан, улуу кызымдан да 12 миң сом алыптыр. Ий, баса, кичинекей балам турмуштун айынан мектепти бүтпөй калган. “Тааныштарым бар, аттестат жасатып берем” дегенинен, ага дагы 200 доллар бергенбиз. Аттестат эмес, таш балекет жок.

«Кошунама да уят кылды»

Ошентип, менден гана эмес, балдарымдан да акча алып кетти. Мен аркылуу кошунамдан да бир улакты «куран окутам» деп алыптыр. Эми кошунама да уят болуп жатам. Издегеним эле Фаризат болду. Сураштырып жүрүп, гезиттердин биринде иштеп жүргөн жеринен таптым. Анда мага “апа, менин жер тилкем бар. Ошол жерди сатып эле акчаңызды эки эселеп кайтарып берем” деп тил кат жазып берди. Ий, жер тилкеси болсо сатылар деп тим койдум. Эмне болгонун билгени баягы иштеген жерине кайра барсам, ал жактан да кетип калыптыр. Анан кесиптештери айтып жатпайбы. “Апа, ал сизди гана алдабастан, бизден алган акчаларды да бербей кетти” деп. Кийин дагы бир гезитте иштептир. Бирок ал жерде да көпкө иштебептир.

– Сиз укук коргоо кызматкерлерине кайрылган жоксузбу?
– Бир жолу кайрылгам. Ошондо Фаризатты Свердлов районуна караштуу иликтөөчүгө алып барып, суракка да алышты. Бирок “мынчасында бардык алган акчаларымды төлөп берем” деген тил кат менен бошотулган. Мына акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө Ак үйгө кызматка орношконун айтып, керек болсо мени президентке чейин киргизип, жардам сурап бермек болгон. Эми мына оорум да катуулап күчөп баратат же көрүнөйүн десем акчам жок, сызга отуруп калдым. «Раздольный айылында жүрөт» дегенди угуп алып, түтүнмө-түтүн кыдырып, бутум тешилгиче издедим. Учурда «Кулиевден көрдүк» дегенинен, ошол жерди тытып издеп жатам. Фаризат сиздердин гезитиңиздер аркылуу үнүмдү угуп, алган акчаларын кайтарып берсе деген ниет менен келдим.

Кайырмакка дагы кимдер илинген?

Фаризаттын көз боёмочулук жайын бир топ жылдыздарыбыз да көрүп калышыптыр. Көбүнүн билеттерин “сатып берем” деп дайыны жок болуп кеткен учурлары бар экен. «Мындай курмандыктардын арасында Борончу­ Кудайбергенов менен Айбек Карымов­ да бар» деп угуп, аларга байланыштык.

– Борончу байке, сизди «Фари­зат айымдын тузагына чалынган» дешет...
– Ооба, 2008-жылы концертим болор алдында “билеттериңизди сатып берем, ишканадан сурап жатышат” деп сунуш киргизип калды. Кудай мындай бербеспи деп, дароо эле макул болдум. Анын үстүнө, ишеничтүү эле көрүнгөн. Фаризатты мурда эле жакшы таанычумун. Ошентип, 97 миң сомдук билетти карматып коюп, же билеттен жок, же акчадан жок кала бердим. Фаризат 200 сомдук билеттерди концерт болор алдында 100 сомдон сатканын билдим.
– Сотко берген жоксузбу?
– Сотко деле бердик. Бирок аягына чейин чыккан жокмун. “Каргайын десем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң” дегендей, «жаш балдарым бар» дегенинен улам мындан аркы тагдырына балта чаппай эле коёюнчу дедим. Мен Фаризатты сот­ко берип жүргөндө бир кыз телефон чалып калды. Көрсө, ал кызды да 20 миң долларга отургузуп кетиптир. Менден башка бир топ эле ырчыларга ушундай “кызматын” көрсөтүптүр. Айбек Карымовдон баштап, Урмат Усеновго чейин анын кайырмагына илинген экен.

Айбек Карымов: – Мени Фаризат мындан 5-6 жыл мурун алдап кеткен. “Дил кайрык” аттуу китеп чыгарып берем” деп алдын-ала 7 миң сом алган. Ал акчаны алып кетсе эле мейли демекмин. Китеп чыгарам деп жыйнап жүргөн үйбүлөлүк архивдеги сүрөттөрдү жана материалдарды бербей кеткени ичимди ачыштырды. Бирок мен сотко берген жокмун. Эгерде эркек болгондо эркекче сүйлөшмөкмүн. Аял киши болгондуктан эле кечирип койдум. Кийин угушума караганда, менин эле китебимди “чыгарып берем” деп алдап кетпестен, депутат, көзү ачыктардан өйдө тузагына илиптир.

P.S. Жогоруда сөз кылган айым менен бир кездерде кызматташып калган да жайыбыз бар эле. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, кесиптешибиздин бул кылыгына кейип тим болдук. Бул айым качандыр бир убакта алгандарын кайтарып берет деген ишеничтебиз.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(10)
08.09.2009. 02:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-06-2009
Соӊку аракети:
22-09-2018 09:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
саякатчы бака
0
Мен дагы ушул окуяга кабылгам, бир тааныш эле кызга 2004-ж. коз жашын колдоткондон 10 000 доллар карыз берип, эмдигиче ала элекмин.Россияга кочуп кетиптир. Корсо ал мага окшогон коп кишилерди алдаптыр. Кудум эле Фаризаттай
09.09.2009. 00:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
23-04-2008
Соӊку аракети:
25-03-2017 13:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Фаризат Асанкалый кызы жонундо кеп болуп жатабы да?
09.09.2009. 10:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
16-06-2009
Соӊку аракети:
08-10-2009 11:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мындай афиристтер эмнеге кармалбайт бир эле эмес коп кишини алдаптырго, жок дебесе кудайдан коркуп койсо боло бул эже, жубай,эне,деген атка татыктуу эмес жана мунун азабынан аял затына жаман шек келип жатат жоготуш керек андайды.
12.09.2009. 00:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-08-2008
Соӊку аракети:
11-11-2015 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
oshon ychyn ech kimge jon ele akcha berbesh kerek jakyn da jolotbosh kerek
01.10.2009. 16:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
15-09-2009
Соӊку аракети:
16-12-2015 08:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Фаризаты 2 жума мурун Советский,Горький коргом, а мурдагуну Учкун тараптан кордум, ал аферистка мен окуган мектепте окуган, эзели ойлоп коргон эмес, ошол адамадан ушундай аферист чыгарын
14.01.2010. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baarinizdardin kayginizdardi ten bolushom. Ar bir adam kandaydir bir kesipti ozu je majbur bolgonu uchun tandap alat. Aytaarim minday aldap jan baguu kesibi kopko dele jashabayt.
04.03.2010. 17:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
18-03-2009
Соӊку аракети:
01-05-2014 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Проблемманын баары, закон турундо карыз бергендиктеринин далили жоктугу! акча бергенде ошондой болот да, андайды жоготуш керек деген менен, аласасы барлар ал шике барбайт, а кутот. Аласасы жоктор куноого баткысы келбейт, мына ушинтип жашап журушот. Адамдын куулугу, келбети, артисттик онору, ошончолук кылыктарды багындыраарын, мен да бироолорго коп эмес акча беруу менен байкап калгам. Эч нерсе кыла албайсын, айрыкча аял кишини. Ошол учун мен ойлом, жакындыгы жок, бирок жакшы корунгон адамдарга ка
04.03.2010. 17:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
18-03-2009
Соӊку аракети:
01-05-2014 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
рыз(жардам) беруудо, жакшы соз айтып, паспортун же дагы бир баалуу нерсесин алып коюш керек экен.
04.03.2010. 17:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
18-03-2009
Соӊку аракети:
01-05-2014 23:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Байкуш эже коп эле жабыр тартыптыр, бирок бекем болунуз, сиздей мээрман энелерге кудайым созсуз ырыскысын берет!
03.01.2012. 06:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
29-12-2010
Соӊку аракети:
13-11-2014 23:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
инсап бер кудайым ар бирибизге


1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: