ЖУБАЙЛАР ОРТОСУНДАГЫ КӨЗГӨ ЧӨП САЛУУНУН БЕЛГИЛЕРИ

СТАТИСТИКАДАН

Эркектердин 75, аялдардын 60 пайызы жок дегенде өмүрүндө бир жолу жан шеригинин көзүнө чөп салат. Басымдуу себептери:

  • Жеке жашоосундагы жаңы нерсени туюу үчүн (19 пайыз).
  • Сүйүктүүсүнүн үйдө убактылуу жоктугу (12 пайыз).
  • Жаңы сезим (12 пайыз).
  • Бактылуу эмес үйбүлөлүк жашоо (9 пайыз).
  • Чөп салган жан шеригинен өч алуу үчүн (1 пайыз).

ЭРКЕК АЯЛЫНЫН КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛГАНДА...

1. Бир күнү эле модалуу жинсы сатып алат. Ага чейин «мени ким карамак эле?» деп колуна тийгенин кийип жүргөн.
2. Сакал-мурутун тасырайта кырынып, атыр себинип калат. Мурун «сакал-мурут – эркектин көркү» деп кырынбай шылтоолочу.
3. Ишинде баары эле капыстан «отпускага» кетет да, ошондуктан, ишинде күн-түн кармалууга аргасыз.
4. Чөнтөк телефону менен жалаң ваннада сууну шаркырата агызып сүйлөшүү адатына айланат. Анан ваннадан чыкканда «ишкер достор адамча жуунганга да мүмкүнчүлүк бербейт» деп «кейип» калат.
5. «Көбөйгөн крутой достордун жанында крутой жүрбөсөң болбойт» деп жанына көп акча салып жүрө баштайт.
6. Сүйүү тууралуу кинолорду көрүп, китептерди окууга өтөт. Ага чейин спортту гана окуп, сүйүү кинолорду көргөндөрдү мыскылдай жылмайчу.
7. Машинаңыздардагы алдыңкы отургуч сиз көнүп калгандай абалда турбай жылдырылып калат.
8. Тырышып, эптеп чогулткан акчага келген машина бат-бат, өзгөчө дем алыш күндөрү бузула баштайт. Угаарыңыз: «Жолдо калып трос тапкыча, машинаны СТОго жеткиргиче түн жарым болуп...»
9. Жетекчиси жамааттын ынтымагын чыңдоого киришип калат. Бир күнү алар менен тоого чыкса, бир күнү бирөөсүнүн туулган күнүн белгилөөгө кетет.
10. Тамак даярдоону же жок дегенде салат түрүн жасоону үйрөтүүнү суранат. Буга чейин ашкана менен кастрюль эркекке тиешелүү эмес деп керкейчү.

АЯЛ КҮЙӨӨСҮНҮН КӨЗҮНӨ ЧӨП САЛГАНДА...

1. Сырткы көрүнүшүнө көп көңүл буруп калат. Мурда жалаң шым кийчү болсо, эми юбкага, мурун юбка кийсе, эми шым кийүүгө өтөт.
2. Болбогон кемчиликтер үчүн эле күйөөсүн жемелеп: «Сен таза кырынбапсың, бырышкан шым менен жүрөсүң...» дей баштайт.
3. Телефон чалууларга жооп бербейт же соткасын таптакыр өчүрүп салат. Анан «соткамдын батарейкасы отуруп калган» же «маанилүү жолугушууда болдум» деген шылтоолорду айтат.
4. Жумуштан кийин тосуп алууларга караманча каршы болот. А буга чейин «тосуп албайсың» деп каарып жемелөөчү.
5. Купуя курбусу пайда болот. «Курбум аябай уялчаак, ошондуктан, ал бир жакка барса, коштоп жүрүүгө туура келет» дей баштайт кашкайып.
6. Жумушка дамамат маникюр, педикюр жасап бара баштайт. Мурун болсо тырмак боёгонду гана эптепсептеп билчү.
7. Майрам эмес күндөрү деле «бирге иштешкендери» гүл же башка белек берүүгө өтөт.
8. Бөлмөгө бекинип алып, узакка ишкер сүйлөшүү­лөрдү жүргүзөт.
9. Дамамат дем алыш күндөрү аны илгери бирге окуган «курсташтары» же «бөлөлөрү» туулган күнүнө же башкага үйүнө чакырат да турат.
10. Карьерасын өстүрүү үчүн көп иштеп, офисте кармала баштайт. Ага чейин көп иштөө назик аялзатына эмес, эркектерге гана таандык деп келген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Mr.katagan
2013-09-16 16:41:15
Мен кошулам ушулардын баарына
+1
aiba_00
2014-03-12 16:10:41
бирок кантип козун карайт дейм да после измены
0
aiba_00
2014-03-12 16:11:51
тфу-тфу анын бетин ары кылсын, азыр ар кандай оорунун туру коп семейныйлар андай жолго барбагыла демекмин.
+6
mir123
2015-11-18 17:08:34
Менин жашоомдо болуп откон мындай нерсе аял киши озгоруп калат екен озун озу билип жок еле жерден чыр чыгарып сенин турганын менин тууганым деп жок еле жерден туугандары аралаштырып. Баарын билгенимден кийин олуп алгып келип же аны олтуруп салгым келип ызаама чыгалбай ичип кеткем. Кичи тагман акыл сурап тагамдын айткан создору да турку болуп жашап калдым баламды озумдой кылып жетим чонойушун каалган жокмун балам 5 ке чыгып калды азыр болсо екинчисин кутуп жатабыз куда кааласа
0
osor
2016-04-01 03:12:40
Кыянат кылса наркы дуйнодо озу жооп беретта
0
Batma08
2017-02-27 23:16:03
Кудай сактасын жолдошундун башка мн болгонун билсен тирик куйуп жаткандай болсон керек
0
karyshkyr-booru
2019-12-03 11:54:14
Кудай озун сактайкор
0
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан