Акыркы кездерде ак халатчандарга калктын ишеними азайгандан азайып барат. Кечээ жакында төрөтканадан жоголгон ымыркайдын окуясы да буга кошумча болду.
АКЧА МЕНЕН ЭСЕПТЕЛГЕН ДЕН СООЛУК
Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкектин №4-төрөт үйүнөн болжол менен саат 00:25те ымыркай уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ымыркай кыз ушул жылдын 10-октябрында төрөлгөн. Энеси Айниса Суранчиева төрөттөн кийин абалы оорлоп, Улуттук госпиталга жаткырылган. Туугандарынын баары абалы оор эненин жанында алаксып жүргөн тапта наристе жоголуп отурат. Балким, баланы кароо үчүн төрөткана кызматкерлерине акча берилбей калган чыгар, ошон үчүн бала каралбай калгандыр. Ушул жерден «Ууру кайдан келди? Ымыркайдын туугандары жанында жок экенин кайдан билди?» деген суроо туулат. Демейде "көрүндүк бермейинче" оңой менен ачылбаган оорукананын эшиги бул жолу кароосуз калганы таңдандырат...
«КЫЗЫМДЫН ЖОГОЛУШУНА ДАРЫГЕРЛЕР КҮНӨӨЛҮҮ»
Бул факт боюнча жоголгон наристенин атасы АЛМАЗБЕК ТУРСУНАЛИЕВге жолугуп, кененирээк маалымат алдык:– Келинчегим Айниса экөөбүз 7 жылдан бери Москва шаарында жашап, иштейбиз. Июнь айында агам менен чоң энем каза болуп, Кыргызстанга келгенбиз. Ал учурда Айнисанын боюнда бар эле. Айы-күнү жакындап калгандыктан бул жактан төрөсүн деп таштап, өзүм кайра Москвага кеткем. Келинчегим Ысык-Көл районундагы Жаркымбаев айылына каттоого турса, "кесарево жолу менен төрөшүң керек" деп врачтар Бишкекке жолдомо жазып бериптир.
Бишкектен №2-төрөтканага катталат. Анан убактысынан эрте төрөй турган болуп, ал төрөтканада вакуум жок, дарыгерлер келинчегимди №4-төрөтканага жөнөтүшөт. Ал жактан операция аркылуу кыз төрөп, келинчегимдин ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук госпиталга которулган. Кызыбыз болсо төрөтканада калыптыр. Анын уурдалганын мен 2 күн өткөндөн кийин билдим. Туугандар «табылып калат чыгар, тынчын албай туралы» деп айтышпаптыр. Угар замат эле Бишкекке учуп келдим.
Азыр келинчегим М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордо дарыланууда. Ал бир чети ооруп жатса, бир чети «какаганга муштаган» болуп кызын ойлоп кыйналып жатат.
«ТӨРӨТКАНАГА ВИДЕОКАМЕРА ОРНОТУЛУШУ КЕРЕК»
Сөзгө Айнисанын эжеси САБИРА СУРАНЧИЕВА кошулду:– Бизди жаңы төрөгөн кызыбыздын саламаттыгынын начарлыгы ойлондуруп жатканда медиктер ымыркайыбызды жоготуп жиберишиптир. Ууру алыстан келбейт, арасында эле жүрөт. Мен эки жолу наристени көрөйүн деп барсам киргизбей коюшкан. Кийин болбой эле көрүп чыккам. Азыр Саламаттыкты сактоо департаментинин кызматкерлери, юристтер, укук коргоо кызматкерлери иштеп, "3-4 күндө жыйынтык чыгарабыз" деп ишендирип жатышат.
Вакуум шаар боюнча бир гана №4-төрөтканада бар болгондуктан, ал жер коррупциянын ордосуна айланыптыр. Төрөтканада балдар жаткан бөлмөдө сөзсүз видеобайкоочу камералар орнотулса бала жоголбойт болчу. Төрөткана кызматкерлеринин сурак учурундагы көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей жатат. Демек, биздин оюбузча, баланын уурдалганына алардын тиешеси бар!
«ТӨРӨТКАНАНЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫ ЖУМУШУНАН АЛЫНДЫ»
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси АЙГҮЛ БООБЕКОВА жогорудагы окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди:
– Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргөн. 9-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинде министрдин катышуусу менен чоң жыйын болду жана комиссиянын чыгарган жыйынтыгы боюнча, №4-төрөткананын башкы дарыгери, ошол күнү күзөттө турган медицина кызматкерлери жумушунан четтетилип, айрымдарына сөгүш жарыяланды. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Көп жыл мурун бала сатуу боюнча бир окуя катталып, күнөөлүү делген медицина кызматкери соттун чечими менен акталып кеткен эле. Эми мындан ары медицина кызматкерлери менен иш жүргүзүп, кайра кайталанбашы үчүн аракет кылабыз.
Ден соолугу чың, өз убагында төрөлгөн балдар энеси менен чогуу жатат. Ал эми убактысынан мурун төрөлүп, төрөттөн кийин кыйналып же кандайдыр бир оорусу бар балдар 2-этаптагы бөлүмгө жаткырылат. Ал жерде 5 медициналык кызматкер нөөмөттө турат. Менин оюмча, алар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин так аткарбагандыктан ушундай көрүнүш болду. Эми калганын укук коргоо органдары иликтеп, анан жыйынтык чыгарыш керек.
«ТЕРГӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Гезит басууга даярдалып жатканда жоголгон ымыркай табылганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын инспектору ОЛЖОБАЙ КАЗАБАЕВ маалымдады:– Төрөтканадан бала уурдалган кылмыш көп жылдан бери биринчи жолу катталды. Жоголгон ымыркай 14-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы Асанбай кичи районунан табылды. Кылмышка шектелип 29 жаштагы Нуржан аттуу келин кармалды. Ымыркай үчүн метрика алганга да үлгүргөн. Ал келин боюнда болбой, анын айынан күйөөсү ажырашмакчы болуптур. Үй-бүлөсүн сактап калуу максатында ал күйөөсүн "боюмда бар" деп алдап сактануу бөлүмүндө дарыланып жүргөн. Бул кылмышка дарыгерлердин да тиешеси бар болушу мүмкүн. Себеби ал боюнда болбосо кантип сактануу үчүн дарыланат жана ымыркайга кантип метрика алат?! Азыркы тапта аталган факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
"Төрөтканада акча сууруп, паракорлук өнүккөн" деген фактылар көп айтылып келүүдө. Мунун жоюлушуна жалпы коомчулук да жапа тырмак жардам бериши, жоопкер болушу кажет.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ ДАРЫГЕРЛЕРДИН КАЙДИГЕРЛИГИНЕ КАБЫЛДЫҢЫЗ БЕЛЕ?
Заирбек Нуриев, 38 жашта:
– Врачтар карабай койгон учур болгон эмес. Бирок бир ирет балалуу болгондо врачтарга акча берип, ошондо алар өтө жакшы карашкан. Кийин келинчегим ооруканадан чыкканда тамашалап "Кантип жалдадың?" деп күлүп жүргөн.
Аман Нурсалиев, 41 жашта:
– Андай учурлар болгон эмес. Менин жеке оюмда, дарыгерлер жакшы эле карашат. Ар кандай адам бар. Дарыгерлердин деле арасында жамандары бар. Баары жакшы деп айтканга да болбойт
Роза Едигеева, 40 жашта:
– Төрөт үйүндө андай учурлар болгон эмес. Бирок азыр ооруканаларда дарыгерлерге акча берип гана дарыланасың. Бир эле оорукана эмес, башка жерлерде деле ушундай коррупция гүлдөгөн көрүнүш.
Шахобидин Бегматов, 28 жашта:
– Келинчегимди төрөт үйүнө алып барганда дарыгерлер жакшы караган эмес. Акча берсем жакшы карашкан. Ошондон кийин дарыгерлер акчаң болбосо деле карайт, бирок акча берсең жакшы карайт экен деп калдым.
Жанар Алгожоева, 46 жашта:
– Менин төрт балам бар. Төрөгөндө дарыгерлердин кайдигерлигине кабылган эмесмин. Бирок бир кызым операция болгондо дарыгер кассага төлөгөн акчадан сырткары да акча сураган болчу.
Келдибек Сайпидин уулу, 21 жашта:
– Азыр бизде дарыгерлер акча берсең гана жакшы карап, дарылашат. Ал эми акчаң жок болсо, анчалык деле көңүл бурушпайт. Бул төрөт үйлөрүнө деле тиешелүү десем
болот.
Алтынай Тынышова, 21 жашта:
– Төрөт үйлөрүндөгү кызматкерлер тууралуу жалаң терс пикирлер айтылып келет, муну жогору жактагылар катуу көзөмөлдөсө жакшы болмок. Алардын шалаакылыгы жөнүндө көп эле угуп жүрөм, бирок өзүм кабылган эмесмин.
Айбала Эргешов
koom@super.kg