Ырчы Айгерим Расул кызы интернеттеги жеке баракчасына «Медвежонок» аттуу мырзанын өзүнө арнап жазган сүйүү саптарын улам жүктөп бактылуу болуп жүрөт. Адатта, белгилүүлөр жеке жашоосун жашыра берет эмеспи. Айгерим болсо, тескерисинче, ачыкка чыгаруудан чочулабайт. «Ырчы айым ханзаадасын тапкан го...» деп кызыгып ага байланышканыбызда: «Ал ырды жазган менин күйөрманым. Өзү аскер кызматкери, жашы 25те. Чыгармачылыкка тиешеси жок болуп туруп ыр жазганы мен үчүн өтө жагымдуу болду. Азырынча кыз-жигит эмеспиз, бирок «симпатия» бар. Учурда алыста болгондуктан, СМС жазышып турабыз. Ал мени «козум», мен аны «аюум» деп эркелетем»,- дейт. Күйөрмандарын жөн гана «медвежонок» деп эркелетпесе керек Айгерим, ээ, окурман?
star@super.kg