«САНДА ЖОК САЛПАЯКТАР» – еврейлерге да, немистерге да жаккан тасма

Квентин Тарантинонун “Санда жок салпаяктар” тасмасы Канн кинофестивалында сенсация жарата албаса да, дүйнөлүк премьераларда бат эле өз көрөрмандарын таба алды. Аталган согуштук тасмада Гитлерди өлтүрүүнү максат кылган атайын аскердик топтун кантип тарыхты өзгөртүп жибергендиги баяндалат.

Тартуу идеясы 8 жыл мурда жаралган

Тасманы тартуу 2008-жылдын күзүндө башталып, тартуу иштери Франция менен Германияда жүргүзүлгөн. Кызыгы, режиссёр “Санда жок салпаяктар” аттуу тасманы тартууну 2001-жылы эле жар салып, премьерасы 2 жылдан кийин болмок. Ошондо Тарантино пландаган убакка жакын калганда оюн өзгөртүп, убакыттын тартыштыгына шылтап, атактуу болуп калган “Биллди өлтүрүү” тасмасы менен шугулданууну чечет. Бирок андан кийин деле пландалган согуштук тасмасын колго албай, “Грайндхаус” тасмасын тартууну баштайт. Акыры гангстерлер тууралуу тасмаларды тартуудан тажадыбы, айтор, Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу тасманы тартууга кайтып келет.

Биллди эмес, Гитлерди өлтүрүү

Экинчи дүйнөлүк согуш. Нацисттер басып алган Франциянын аймагы. Еврейлерди кырууну максат кылган немис аскерлери айылдардын биринен жашырынып калган еврей үйбүлөсүн таап, кырып салат. Бирок 18 жаштагы Сюзанна Дрейфус (Мелани Лоран) качып кутулууга жетишет. Ошол учурда лейтенант Альдо Рейн (Брэд Питт) еврей улутундагы америкалык аскерлерди чогултуп жаткан болот. Алар бир гана нерсени максат кылышат – немис аскерлерин өлтүрүү. Болгондо да жалпы немис аскерлеринин үшүн ала тургандай кылып, мыкаачылык менен өлтүрүү эле. Натыйжада уюшкан топ максатына жетип, алар тууралуу кабар Гитлерге чейин жетет. Жетекчиси Апачи аталып, ал эми топ жалпы “Салпаяктар” деген атка конот. Өзгөчө немис аскерлеринин үшүн алардын курмандыктарынын баш терисин кескендиги алат.

Бул арада кудуреттин күчү менен өлүмдөн калган Сюзанна атын өзгөртүүгө, (мындан ары Эммануэль Мимье) жадакалса көз боёмочулук менен кинотеатрдын ээси болууга жетишет. Жакындарынан ажыраган айымдын башкы максаты да куду салпаяктар сыяктуу нацисттерден өч алуу эле. Бул максатта ал немис­тердин абройлуу аскери Фредерик Цёллердин ишеничине кирип, торго түшүрөт.

Өз кезегинде абройлуу снайпер Цёллер тууралуу тасма тартылат. Анан албетте, Эммануэль тагдырдын белегин колдон чыгарбай, Цёллерди тасманын премьерасын өзүнүн театрында өткөрүүгө көндүрөт. Бул өч алуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк эле. Анткени бул иш-чарага фашисттик Германиянын Гитлер баштаган бардык жогорку жетекчилиги чогулмак. Ошентип, Эммануэль премьера учурунда кинотеатрды өрттөөнү пландаштырат. Албетте, аягында тасманын кинотеатрдагы кульминациясы “Санда жок салпаяктарсыз” болбойт. Кыскасы, тасма мыкты сценарий, мыкты актёрлук топ жана мыкты компьютердик эффекттер менен көркөмдөлгөн, курч окуяларга толгон.

«Питтке жагат болду бекен?»

Ар бир тасманын популярдуу болуусу анда ойногон актёрлордон да көз каранды экендиги белгилүү. Квентин Тарантино сценарийди атайын Брэд Питт үчүн жазган. Жазып жатып, анда “кокусунан Брэдге жакпай калсачы?” деген ойлор да болбой койгон эмес. Маалыматтар боюнча, Брэддин башкы ролду аткаруу боюнча келишимге кол коюусу үчүн бир түн жана бир нече бөтөлкө шарап жетиштүүлүк кылган.

Кыялдар орундалып...

Негизинен, тасма Экинчи дүйнө­лүк согуш учурунда фашисттик Германия тарабынан жүргүзүлгөн еврейлерди кыруу саясаты тууралуу. Тактап айтсак, анда еврейлердин качып эле тим болбостон, душманга каршы согуш жүргүзгөндүктөрү баяндалат. Тасмадан төмөнкүдөй жүрөк үшүн алган фразаны угууга болот: “Биз немистерди мыкаачылык менен өлтүрөбүз! Алар бизди көргөндө жүрөгү айланып, кускусу келе турган болушат. Нацисттер адам эмес!” Чындыгында тасманын сценарийи менен тарыхый окуялардын ортосунда айырма бар.

Тарантино интервьюларынын биринде: “Мен тасманын сюжетин америкалык еврей досторума көрсөткөнүмдө алар “вау! Супер! Сонун фантастикалык тасма! Биз дайыма мындайды кыялданганбыз” дешкен”,- деп айтканы бар. Кызыгы атактуу режиссёрдун кийин сценарийди немис коллегалары менен талкуулаганда болгон. Талкууда мындайды немистер да кыялдангандыгы аныкталган. Бул тууралуу Тарантино: “Берлиндеги премьерада Гитлердин өлтүрүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан көрүүчүлөрдү көрүп таң калдым”,- деп айтканы да анык.

Фактылар

Германияда прокат учурунда тасма жаратуучулар бир топ ыңгайсыздыктарга кабылышкан. Анткени ал жакта фашисттик символикаларга тыюу салынган. Ошондуктан логотип, постер жана роликтеринде аталган символикалар башка нерселер менен алмаштырылган.

Аталган тасмадан пайда эң көп Европадан түшкөн. Ушул тапта дүйнөлүк прокаттан түшкөн акчанын суммасы 140 миллион долларга жетти. Алсак, Парижде анын прокаты биринчи эле күнү 1,4 миллион доллар киреше алып келген.

15-майда Канн кинофестивалынын расмий сайты тасмада колдонулган саундректердин тизмесин жарыялаган. Анда 1936-жылдан бүгүнкү күнгө чейин атактуу композиторлордун жараткан обондору бар.

Базарбек Абдураимов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ryzhak
2009-09-08 17:25:48
Ооло коргум келтат! Тим эле чыдам жок деп кой!
0
kgjigit
2009-09-12 16:40:24
айткандарына караганда жакшы коруш керек!!!!
0
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан