Каарманыбыз «энемди бир күн дагы эстебей койбойм» дейт. «Өзү 90 жашка чамалап калса да, жумушу ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү, анан энесин күнүгө ойлойбу, ойлогонго убактысы жетеби?» деп таң калдым. Медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук хирургиялык борбордун директору Мамбет Мамакеев энеси тууралуу эскерип кетти.
«ЭНЕМ 17 БАЛА ТӨРӨГӨН»
– Энемдин кайтыш болгонуна 30 жыл болду. Ушул убакытта энемдин баркын, баасын терең түшүндүм. Сагындым дагы. Ал кичине бойлуу, жоош, сыпайы, оозунан бир да жаман сөз чыкпаган адам эле. Анан чыдамкайлыгы жанда жок болчу. Эмне деген гана азап-тозокту, кордукту көрбөдү, бирок кың дегенин эч уккан жокмун.
Энем 17 бала төрөгөн, айрымдары ымыркайында, кээ бирлери бой жеткенде өлүп кала берген. Азыр 17ден үчөөбүз калдык. Улуусу мен, 87демин, карындашым Упаш 81де, иним Абдылда 70 жашта. Баарыбыздын канат-бутагыбыз жайылган.
«12 ЖАШЫМДА ЭЛЕ ДАРЫГЕРЛИГИМ БАШТАЛЫПТЫР»
– Эсимде, карындашым Бейшекан төрөлгөндөн тартып эле кыңылдап ыйлап, эмчек эме алчу эмес. Бир күнү энем менен чоң энем бир жакка кетишти. Токтобой ыйлай бергенинен, чыпалагымды оозуна салсам, билинер-билинбес соруп жатты. Тура калып чүпүрөккө талкан салып, сүткө малып берсем чопулдатып соро баштады. Энем бир күндөн кийин келди. Ыйлабай жатканын көрүп өлдү деп ойлоду окшойт, «Качан үнү чыкпай калды?» деп сурады. Мен «апа, бол тез эмиз» дедим. Кийин ойлосом, он эки жашымда эле доктурлугум башталып, карындашымды ачкачылыктан сактап калыптырмын.
«ЭНЕМ БИР ДА ЖОЛУ ЫРЫСТУУ ТАМАК ЖЕБЕПТИР»
– Улуу Ата Мекендик согуш башталып, атамды аскерге алып кетишти. Атамды узатканы жөө-жалаңдап энем, атамдын карындашы Уулкан эже үчөөбүз Ак-Суунун Кереге-Ташынан Караколго бардык. Боздоп ыйлап узатып кала бердик. Пристандан айылга чейин 20 чакырым болуш керек. Энем кыйналып араң эле басып келе жатканын билгизбегени менен, сезип жаттым. Бир убакта карасам буту шишип кетиптир, иним Абдылда боюнда бар эле. Ошентип үйгө жетпей Искен деген эжебиздикинде түнөп, талкан жеп, ысык суу ичип жатып калдык. Анда элдин баарынын турмушу начар, ачкачылык эле. Үйгө келгенде энем ысык жармага картошка аралаштырып тамак жасап берди. Картошканын кабыгын аарчычу эмес, үнөмдөйүн деп. Ойлосом, бизди жесин деп өзү бир да жолу ырыстуу тамак жебептир.
Энемдин төрөй турган учуру келип калса да, сыр билгизбечү. Суу кеткенде толгоонун бышып жетилгени экенин билип алгам. «Эми энемди ким төрөтөт?» деп эле кыйнала бердим. Анткени алдуу-күчтүүнүн баары согушта. Бир күнү энем кыңылдай баштады, толгоо башталганын дароо түшүндүм. Көчөнүн четинде жашаган атамдын карындашын чакырып келгиче энем төрөп коюптур. Баланын дымы чыкпайт, ыйлабайт. Элден көргөнүмдү жасап, чаканы калдыратып, бетине муздак суу чачып жиберсем ыйлап ийди.
«АЯЛЫМ КАЙНАТА- КАЙНЕНЕСИН БАКЫРТЫП ВАННАГА САЛЧУ»
– Короодо бир жандыгыбыз жок, өтө кедей элек. 1944-жыл болсо керек, энем байкуш күнүгө эртең менен эрте туруп Ак-Суу айылынын үстү жагындагы тоо этегине кетет. Ошол колхоздун уйларын саачу. Кечинде тартылган эки чака көк сүт көтөрүп келет. Аны бышырып, талкан аралаштырып бизди бакчу.
Бир күнү укмуштай бороон-чапкын болду. Сыртка чыксам бир ат жүрүптүр, аны жайдак минип эле энемдин жолун утурлай чаптырдым. Бир коктунун ичинде ыйлап отурат. Коктудан ылдый түшө бергенде тайгаланып жыгылыптыр да, сүтүн төгүп алыптыр. Колтугунан жөлөсөм «Бүгүн эмне ичесиңер?» деп буркурайт. Энеме кошулуп мен да ыйлап, анан сооротушуп алып үйгө кеткенибизди унутпайм. Нары-бери өткөндө ошол коктуну дайыма карап коём.
1960-жылга чейин анча-мынча кийим алып бергеним эле болбосо, энемди түзүк деле бага алган жокмун. Кийин өзүм бутума туруп, айылга там салып бердим. Атамды жылкылуу кылдым, бир жакка барарда жөө баспай, машина менен барып калышты.
Кышкысын дайыма экөөнү тең борборго үйүмө алып келчүмүн. Адеп келгенде аялым Сокен кайненесин да, кайнатасын да бакыртып эле ваннага салып, жаңы дамбал-көйнөк кийгизчү. Атам бечара «жөн эле койчу, балам, жакында эле сууга түшкөнбүз» дейт. Түшпөгөнүн билип турам да, айылда мончо эмес, ысык суу жок. Сокендин оюн деле билип турам, кайненеси менен кайнатасын тазалайын деген деле ою болбосо керек. Бит-сити болсо жукпасын, үйгө жайылып кетпесин дечү болуш керек.
Бир жолу атам экөөбүз ичибизге 100 грамм киргенден кийин эркекче сүйлөштүк. «Ата, сиз шаарга такай тура албай «айылыма кетем» дей бересиз. Энемди колума алайын, сиз башка кемпир алыңыз» дедим. Адегенде «Уят го, карыганда мага ким тиймек эле?» деп каршы болду. «Аял табуу жагын мага кой» десем макул болгонсуду. Ошентип мен атама кемпир издей баштадым. Орто жаштагы, кебетеси түзүк аял таап, ал макул болду. Атамды жасантып, күйөөлөп барабыз десем так секирип эле каршы чыкты. «Макул болбодуң беле» десем, «энең уруксат бербей койду» дегенде селдейип туруп калдым. Өзүмдүн акмакчылыгымды ошондо сездим, бул жөнүндө энеме бир ооз айтпаптырмын. Атам өзү айтыптыр да, энем «алып эле көр» дептир. Ошону менен бул теманы экинчи козгогон жокмун.
«ТҮКҮРҮП КОЙЧУ» ДЕП СУУСУН АЛА ЧУРКАГАН ЭНЕМ ЖОК»
– Энем 83түн жашын жашап жатканда эмнегедир тамакты жакшы ичпей калды. Дароо эле билдим. Эртеси өзүмдүн ооруканама жаткырып текшердик. Андан кийин ашказанына операция жасап, түтүк кийирип, ошол аркылуу тамак бере баштадык. Алы кетип, арыктагандан арыктады.
Бир күнү түнкү сменде элем, аялым «тез кел, энем кыйналып жатат» деп калды. Чуркап барсам, деми кысылып дем ала албай жатыптыр. Көтөрүп балконго алып чыгып, кислород менен дем алдырдым. «Атаңды чакырт» дегенинен чакыртсам эртеси эле жетип келди. Атам келгенден кийин эле үзүлдү. Ошондо өзүмө, врач кесибиме таарындым, энемди сактай албаганыма кейидим. Эчен өмүрлөрдү сактап, мага өмүр берген энемди сактай албай мөгдөп калдым.
Айылга барганымда энем дайыма бир чыны суусун алып чыгып «түкүрүп койчу» деп башымдан тегеретип, чынысын эшиктин алдына көмкөрүп койчу. Акыркы жолу «койчу, эне, болбогон нерсеңди» десем, болбой артымдан ээрчип келип түкүрткөн эле. Кийинки жылы энем өлгөндөн кийин барсам, короодо кыбыр эткен бир киши жок, чынысын көтөрүп алдымдан чыккан энем жок. Заманам куурулду, көзүмө жаш айланды, сарайдын артына барып бир бакырып ыйлап алып эс алдым. Көрсө, энедей сени күткөн адам болбойт экен...
Сүйүн Кулматова
star@super.kg