КЫРГЫЗСТАНДА 8-9 БАЛЛДЫК ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН БОЛУШУ КҮТҮЛҮҮДӨ

Сейсмологиялык институттун 2016-жылга чейинки божомолдору

Акыркы убактарда жер титирөө адамзаттын үшүн алууда. Болуп өткөн зилзалалар канчалаган адамдын өмүрүн кыйды. Андыктан жакын арада Кыргызстанда жер титирөө күтүлүшү мүмкүнбү, дегеле жакынкы жылдарга карата болжол кандай экендиги тууралуу маалымат алуу максатында Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Абдрахматов Канатбек Эрмековичке кайрылдык. Ал төмөнкүлөрдү баяндап берди.

Кыргызстанда жылына 3200 жолу жер титирейт!

Мекенибизде бир жылда катталган зилзалалардын саны 3000-3200гө дейре жетет. 4-5 баллдык зилзала ар жылы 15-20 ирет катталат. Мынча жер титирөө эмненин кесепетинен болот? Буга Кыргызстандын эки чоң бийиктиктин ортосунда жайгашкандыгы себепкер. Күңгөй жагынан казак плитасы, тескей жагынан индия плитасынын тегерегинде жайгашкан. Бул эки плита бири-бирине тартылышып, урунушканда чыңалуулар келип чыгып, ал чыңалуулар жер силкингенден кийин бошойт.
Айта кетсек, индия плитасы Алай тоо кыркалары, ал эми казак плитасы күңгөй жагынан Нарын, Ак-Сай тарапта жайгашкан.

2009-жылкы зилзалалар тууралуу

2009-жылдын башынан тарта күчү 4-5 баллга жеткен 2 гана жер титирөө болуп өттү: Кочкордо июлда, августта Алай тарапта. Калган жер силкинүүлөр майда болуп, күчү 2-3 баллды гана түздү. Мурун жылына күчү 4-5 баллдык зилзалалар 10-20 жолу болчу. Жер титирөөлөрдүн азайганын, мындан ары жер титирөө болбойт деп кабыл алуу туура эмес. Анткени азыр чыңалуулардын топтолуп жаткан кези. Мындай тыныгуулар катуу жер титирөө алдында болот.
Негизи, зилзалалардын жыл ичинде эки цикли бар. Алар июль-август, декабрь-январда күтүлөт. Булар “сезон аралык цикл” деп аталат. Үстүбүздөгү жылдын июль-августунда 4-5 ири жер титирөө күтүлсө, алардын 1и гана болуп өттү.
2009-жылдын декабрь айында зилзаланын болушу Алай тарапта күтүлүүдө. Күчү 7-8 баллга чейин жетүүсү мүмкүн (негизи, Алай аймагы индия плитасынын кырында турат).
Майда жер титирөөлөр (күчү 2-3 балл) сентябрь-декабрь ичинде 1000-2000ге чейин болушу мүмкүн.

2010-жыл – жер титирөөлөр жылыбы?

Алдыда бизди сейсмологиялык жаатта жаңы, 3-4 жылга созулуучу күчтүү цикл күтүүдө. Башкача айтканда, күчтүүлүгү 8-9 баллга жеткен жер титирөөлөрдүн болушу мүмкүн.
Болжол менен алар Кыргызстандын эң кооптуу аймактарында болмокчу.

Эн кооптуу зоналар:

1. Кыргызстандын Өзбекстан жана Кытай менен чектешкен чек ара зоналары (бул жерлерде Республикабызда болуп өтүүчү жер титирөөлөрдүн 70-80 пайызы туура келет).
2. Кыргызстандын Казакстан менен чектешкен аймагы.Талас-Фергана аймагы.
3. Ысык-Көлдүн чыгыш аймагы.

Тагыраак айтканда, бизди көбүрөөк республиканын түштүк аймагы тынчсыздандырат. Алар Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен чек ара аймактары жана Ош облусунун Кытай менен чектешкен аймактары.

Республикабыздын Казакстан менен чектешкен аймагы менен түштүк аймагыбызда ири жер титирөөнүн болушу күтүлөт. Ушундай эле кырдаал Кемин өрөөнүнөн тарта Казакстан менен болгон чек арага чейинки аймакта күтүлөт.

2010-жылдан баштала турган жаңы циклда 9 баллдык зилзалалар аталган 3 зонада болушу мүмкүн.

2010-2016-жылдардачы?

1. Талас жана Чүй өрөөндөрүндө 2010-2016-жылдары сейсмологиялык күчтүү фа­за күтүлөт. Зилзаланын күчү 7-8 баллга жетүүсү мүмкүн.
2. Ысык-Көлдө 2010-2012 жана 2014-2016-жыл­­дары жер астындагы чыңалуу­лар күчөйт. Андыктан 2014-2016-жылдары күчтүү жер силкинүүлөр болушу толук мүмкүн.
3. Нарын аймагында жер титирөөнүн активдүүлүгү 2015-жылга чейин сакталат. 2010-жылы 7-8 баллага чейинки зилзалалардын болушу болжолдонууда.
4. Баткен менен Ош облусун камтыган Алай аймагында (булар Кытай жана Тажикстан менен чектешет) жер титирөөнүн активдешүүсү 2010-2012 жана 2014-2016-жылдарга туура келет. 2014-2016-жылдары зилзаланын күчү 8-9 баллга жетүүсү мүмкүн.
5. Эл көп отурукташкан Кыргызстандын түштүгү болгон Фергана өрөөнүндө 2011-1012-жылдары 4-5 баллдык, ал эми кийинчерээк, 2015-2016-жылдары 7-8 баллдык жер титирөөнүн болушу ыктымал.

Сейсмология станциялары тууралуу

Кыргызстан боюнча жалпы 26 станция бар.
Бир станцияны куруу баасы 46 миң долларды түзөт.
Сейсмология институтунда 250 адам эмгектенсе, станцияларда 170 адам кызмат кылат.

Биринчи кимдерге коркунуч туулат?

Учурда 8 баллдык жер тити­рөөгө да туруштук бере албаган үйлөрдүн курулуп жатканынан баарыбыздын кабарыбыз бар. Борбор калаанын айланасында 46 жаңы конуштагы үйлөрдүн сапаты начар. Алардын 80 пайызы сокмо үйлөр. Эгерде жер силкине турган болсо, ошол жаңы конуштагы үйлөр кулап калбайт деген кепилдик жок. Башкача айтканда, 7 баллдык жер силкинүү болгондо эле 250-400 000 адамдын уранды алдында калуусу мүмкүн.
Бул маалыматтар элди коркутуу эмес, аларды сактанууга даярдап, маалыматтар менен алдын-ала камсыз кылуу.
Табияттын кырысыганан сактануу үчүн балдарыбызды да тарбиялап, үй кура турган болсок бекемдеп, ары жак, бери жагын караштырып куруубуз керек. Бул адам өмүрүнүн кооп­суздугу үчүн кажет.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан