Обончу-аткаруучу Калыйбек Тагаев: “АРТЫМДА ТУЯК КАЛСА ДЕП ТИЛЕП КЕЛЕМ”

1960-жылдардан тарта бүгүнкү күндүн ыр сүйүүчүлөрү арасында ысымы урмат менен айтылып, ырлары ооздон-оозго көчүп келе жаткан Калыйбек Тагаев кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө ат көтөргүс салым кошкон. Азыркы обончулардын аксакалы болгон Калыйбек аганын ырларда калган өмүрүнө бүгүн саякатка чыгалы.

Обончу болбосо спортчу деп таанымакпыз

Белгилүү композитор Калыйбек Тагаев 1940-жылы 14-апрелде Ат-Башынын Бирлик айылында туулган. Ымыркайдын бул жарыкка келгенине үч ай болгондо атасы Тагай аскерге кетет. Бир жылдан соң аскерден Улуу Ата Мекендик согушка аттанат. Тагдырдан качып, эч кайда кете албайт эмеспизби. Ошонун сыңары кан майданга барары менен болочок таланттын атасы ажалдын жеми болот. Ошентип, атасыз калган Калыйбек ага чоң атасы Дыйканбайдын, атасынын агалары Карачтын, Шыгайдын колунда өсөт.

Көр оокаттын айынан энеси казак кызы Рахима Нарынга келип, кийим тигүүчү болуп иштейт. 21 жашында жесир калса да, эки баласын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай өстүрөт. «Балдарым» дегенде эт-бетинен кеткен эненин экинчи жолу турмуш куруу оюна да келген эмес. Калыйбектин ыр жандуулугун байкаган эне кийин уулунун эли ырларын суранып уккан талант болорунан күмөн санаган эмес.

Кичине болсо да энесинин оорун колдон, жеңилин жерден алган болочок обончу 3-классынан тарта Жумамүдүн Шералиев жетектеген Нарын облустук маданият үйүнүн алдындагы ыр ийримине катышат. Ошондо эле баянда, аккордеондо ойноону жакшы өздөштүрөт. Музыка дүйнөсүн гана эмес, спортту да багынткысы келип, ар түрдүү ийримдерге катышат. Баары бир спортко караганда музыка дүйнөсүнө болгон каалоосу күч болуп, акыры “спортчу болом” деген ойдон баш тартат.

Обончулукка сапар

Обон чыгарууга куштарланган Калыйбек ага 1959-жылы Пржевальск пединститутунда жаңы ачылган музыка факультетине өтөт. Институттун алдындагы оркестрде үйлөмө аспапта ойнойт. Күн өткөн сайын Калыйбек аганын музыкага болгон сүйүүсү артып, обон чыгарууну кыялданат.

Алгачкы жолу 1960-жылы акын Анатай Өмүркановдун “Жообуңду берчи жашырбай” деген ырына обон жаратат. Мына ушул ыр обончунун эл көзүнө түшүп, музыкага карай сапар алышына даңгыр жол болот.

Өнөрлүүлөр болгон эмес

Обончунун ата-тегинде ырчы, комузчу, чоорчу сыяктуу өнөрлүүлөр болбоптур. Ырчы музыка чөйрөсү менен жашап калуусун “мен табияттын кол менен жасап койгондой кооздугун алгачкы жана азыркы чыгармачылыгымдын түбөлүктүү өчпөс оту деп эсептейм. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, шыгымдын ойгонушуна мен үчүн жер соорусу, бейиштин төрүндөй болгон Ат-Башымдын сулуулугу себепчи болду. Балалыгымдын балдай таттуу күндөрүн карагай-черлүү, бетегеси белден буралган, түркүн түстүү гүлдүү, безелене тил безеген канаттууларга, аркар-кулжаларга бай Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда кой кайтарып өткөрдүм. Коктудагы булактардын шылдырап аккан көк кашка мөлтүр сууларын тамшана ичип, сырдуу добуштарына кулак төшөп өстүм. Мына ушулардын баары чыгармачылыгымдын соолбос булагы болду” деп эскерет.

Турмуш соккусу

Калыйбек аганын жалындаган жаштыгындагы махабат оту эрте жанат. Көлдүк Галя аттуу сулууга баш кошот. Алар мончоктой үч кыздуу болушат. Бирок тагдырдын тайгүлүк ташы обончуну бир тиякка, бир биякка оодарып жүрүп, акыры кырк беш жыл бирге сүргөн өмүрүнөн соң Галя эже менен ажыраштырат. Бул тууралуу обончу: “Турмуш деген оор нерсе экен. Кырк беш жыл жашаган соң ушинтип турмушум бузулду. «Кыз бала башка бирөөнүн бүлөөсү» деген чын экен. Үч кызымдын экөө турмушка чыккан. Алты неберем бар. «Эркек балам болсо кана!..» деп күнүгө ыйлайм. Ошентсе да кыйналган күндөрүмдө мага жөлөк-таяк болчу адамым бар. Ал мени сыйлайт, жан дүйнөмдү түшүнөт. Чыгармачылыгымды баалайт. Ал адам менден бир топ жашка кичүү болгонуна карабай, бардык жагынан күч-кубат берип турганына чын ниетимден ыраазымын. Жашым жетимишке таяп калса да, Кудайдан күнүгө балалуу болууну тилеп келем. Артымда туяк калса, бул дүйнөдөн армансыз өтөт элем”,- дейт.
Ар бир жигиттин артында туяк калышы керек эмеспи. Балким, Калыйбек аганын ичимдикке жакын болуп кеткени ушундан уламбы деген да ой келбей койгон жок.

“Таалайым сенде”

Жүрөктөн чыккан ыр жү­рөк­кө жетет. “Элмира”, “Назгүлүм”, “Долон”, “Ат-Башым”, “Жаштык вальсы”, Чыңгыз Айтматовго арналган “Жаныбарым, Гүлсарым” аттуу көптөгөн шаңдуу ырлары эл жүрөгүнөн түнөк тапты. Аталган ырларды ошол доордун жылдыздары Канымгүл Досмамбетова, Гүлсүн Мамашева, Гүлмайрам Момушева, Зейнеп Шакеевалар көркүнө чыгарды. Ал эми Керим Турапов, Анарбек Ибраев, Шахра Талипова, Динара Акулова, Малик Аликеевдер обончунун ырларын аткаруу менен чыгармачылыгынын жаңы барактарын ачышкан. Калыйбек ага азыр да мукам обон жаратуу менен алек болуп келет. Анын жакында жаралган ырларын санай кетсек: «Өмүрдү бирге сүргүм бар», «Классташтар вальсы», «Махабат арманы», «Асылым», «Көрөмүнбү сени кайра?», «Сүйгөнүм көлдүн ак куусу». Аталган ырларды учурда аты белгилүү ырчылар элге тартуулап келишүүдө.
Обончунун ырлары улуу муундун гана эмес, кийинки муундун да көңүл чордонунда. Анын “Таалайым сенде” аттуу ырына жаш ырчылар да кайрылбай койгон жок.

Сен күлсөң, мен да күлсөм дейм,
Күлкүңдө күндө жүрсөм дейм.
Эсимден такыр кетпедиң сен,
Элесиң көзгө, сүрөтүң көзгө,
Бир өзүң көзгө элестеп.
Өткөзүп жаштык күндөрүн,
Бирге үзүп жыпар гүлдөрүн.
Жүрөктө калат сакталып,
Таалайым сенде, маанайым сенде,
Паанайым сенде, сүйгөнүм.

Мына ушундай жанга жагымдуу ырлар кимди болбосун ойго салып, жан дүйнөсүн толкундатат.

Көп кырдуу талант

Калыйбек ага бир гана обончулукту, ырчылыкты алып кетпестен, ойносо оюнга, иштесе ишке тойбой турган кезинде актёрлукту да аркалайт. Нарын музыкалык драма театрында иштеп жүргөнүндө Т.Абдымомуновдун “Атабектин кызы”, “Ж.Бөкөнбаевдин “Алтын кыз”, “Ж.Турусбековдун “Ажал ордуна”, В.Вишнёвскийдин “Оптимисттик трагедия” пьесаларында көптөгөн роль жараткан. Бул кезде ал “кыргыздын Чаплини” деген атка конот. Актёр, обончу-аткаруучу өзүн акын катары дагы таанытат. Ал маани-маңызы жагынан бийик, айта турган ой толук камтылган ыр саптарын куюлуштуруп, акындар чөйрөсүнө да башбагат.

«Тагаев – тирүү классиктердин бири»

Обончунун ишин карап турган Тү­гөлбай Казаков “Тагаев – тирүү классиктердин бири” деп айткан. Түгөлбай ага: “Калыйбек кыргыз музыкасына келген бир феномен. Ал өз элине Атай, Шаршен, Мыскал сыяктуу өзгөчө бир өнөрдү тартуулады. Өзгөчөлүгү мына ушунда. Аны эч ким жарытып туурай албады. Отузунчу жылдардан кийинки “дуу” дей түшкөн обончулардын кадырын Калыйбек Тагаев менен Рыспай Абдыкадыров чыгарды. Бүтүндөй элдин бүйүрүн кызытып, ыр жандуу кылган да, кийин обончулардын көбөйүп кетишине да ушул экөө себепкер. Музыкада мажор, минор деген эки лад бар. Аны экөө бөлүп алып, жетерине жеткизе жазышып, бири муңдуу аралды, бири шаңдуу аралды ачышты”,- деп айтат.

«Көзү барда сыйлап кал» демекчи, мукам обондордун автору ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүндө дайыма улуу талант бойдон калат. Калыйбек аганын мындан көп жыл мурун жаралган обондору түбөлүктүү экендигин мезгил тастыктап келет.

Артта калган чыйыр жол

  • 1961-62-жылдары Ат-Башыда музыка мугалими.
  • 1963-69-жылдары Нарындагы Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында музыка бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.
  • 1970-74-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүн бүтүрөт.
  • 1974-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Республикалык Эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис болуп иштеп келет.
  • Обончунун маңдай тери мамлекет тарабынан бааланып, 1992-жылы КР маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, 1997-жылы КР Эл артисти деген ардактуу наамдарга ээ болот.

Сүйүн Кулматова
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан