ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫРЛАР

Адам бул дүйнөгө жаралган соң карылыкка чейин жетип жашаса жакшы. Бирок кырчындай жаш кезинде бирөөнүн колунан тиги дүйнөгө узап кеткендерге боор оорубай койбойт. Төмөндө кайгылуу окуяга туш болуп, талкаланган тагдырлар жөнүндө кеп болмокчу.

Тамеки барбы?

Жаз айынын күндөрүндө тагыраак айтсак, 2009-жылдын 19-май күнү Артур кечке үй иштери менен алектенип, үйүндө отурган. Кечки тамактан кийин бир топко телевизор көрүп, анан жатууга камданат. Эми уктамакчы болгондо телефону чырылдап, караса сүйгөн кызы чалып жатканын билет. Бул убакта сааттын жебеси түнкү 12ни көрсөтүп турган. Телефондон сүйлөшүп жатып, Артурдун башына бир ой келет. Коңшу бөлмөдөгү апасынан 10 сом акча алып, үйүнө жакын дүкөнгө карай жөнөйт. Дүкөн Байкал көчөсүндө жайгашкандыктан, Баку көчөсү менен барууга туура келет. Жолдо бара жатып, оюнда эч нерсе жок телефондон сүйлөшүүсүн улантат. Байкал көчөсүнө жетпей анын алдынан эки азиат улутундагы жана европа улутундагы бала алдынан тосуп чыга келишпеспи. Азиат улутундагы күрмөчөн, башына кепка кийгени келип, Артурдан:
– Кайда жашайсың? Тамеки барбы?- деп суракка алат.
– Семипалатинск көчөсүндө жашайм. Тамеки жок,- деп жооп берет Артур. Алардын түрү бир шойкондук кыла тургандай сезилсе да Артур өзүн ичинен жубатып, токтоо кармоого аракет кылат.
Бирок күтүүсүз жерден тигил бала Артурду бет тарапка муштап жиберди. Ала-була свитер кийгени ушуну эле күтүп тургансып, экинчи жактан келип ал да Артурдун бет тарабына муш узатат. Эки соккудан жерге кулап түшкөн Артурду эми экөөлөп тепкилөөгө киришип, уюлдук телефону менен шымын чечип берүүсүн талап кыла башташты. Европа улутундагысы келип, моюнуна бычак такап: “Айтканды аткарбасаң, биздин колдон өлөсүң”,- деп өңүн бузат. Тепкидеги Артурдун көзүнө ушул учурда экинчи баланын колундагы бычак да урунат.
Артур жандалбас кылып: “Азыр берем, чечип берем”,- деп, айланадагылардын көңүлүн буруу максатында кыйкырып кирет. Сөгүнгөн каракчылардын бири анын кыйкырыгын басуу үчүн ич тарапка саюуга аракет кылат. Бирок Артур коргонууга жетишип, каракчынын ою ишке ашпай калат. Шеригинин колунан бычак саюу келбегенин көргөн экинчиси ызырынган бойдон Артурдун бут тарабына бычак шилтөөгө үлгүрөт. Бирок Артур буйтап кетүүдөн улам жеңил жаракат гана алат.
Абалдын курчуп баратканын сезген жабырлануучу элди жардамга чакыра баштайт. Ошол эле кезде уюлдук телефонун бербесе, өмүрү коркунучта экенин сезип, “Nokia 3110” үлгүсүндөгү телефонун азиат улутундагы күрмөчөн балага карматат. А шымын болсо тигил балдар өздөрү эле чечип алышат.

Өмүр кыйган бычакташуу

Олжого ээ болгон шылуундар качууга камынышат. Баалуу буюмунан айрылган Артур бирөөсүнө жармашып ордунан тура калып, аны бет тарапка уруп калат. Ушул абалдан пайдаланып, Артур үйүн карай күчүнүн болушунча зымырайт. Үйүнө жеткен соң үйүндөгүлөргө болгон окуяны айтып берет. Өгөй атасы Сергей каракчыларды издеп чыгат. Апасынын урушканына болбой, бөлөк шым кие салган Артур өгөй атасынын артынан чыгат. Үйдөн алыс эмес жерден алар каракчыларды жолуктурушат.
Азиат улутундагы күрмөчөн бала колуна бычак алып, Сергей менен алышып кирет. Сергейге өгөй баласы жардам берип, ал баланы экөөлөп жерге кулатышат. Эми Сергейге европа улутундагы бала менен алышууга кезек келет. Ушул учурда Артур жерде бычак жатканын көрө калып, өзүнө асылган баланы качырып кирет. Ал ортодо каракчылардын үчүнчүсү изин жашырып, качып кетүүгө жетишет. Ал эми Артур өгөй атасынын кабырга тушунан кан агып жатканын байкап, өзүн-өзү жоготуп, кийинки жасаган аракеттерине жооп бере албай калат. Артур азиат улутундагы качып бара жаткан баланын артынан жетет. Ал бала Артурду таанымаксан болуп: «Байке, эмне болду?»- деп билмексенге салат.
Анын бул жоругу ого бетер жинин кайнатып, Артур ал баланы өгөй атасы тарапка сүйрөп жөнөйт. Берки бала да жөн калбай каршылык көрсөтүп, кол көтөрүүгө аракет кылат. Артур эмне кылып жатканын аңдап билбеген бойдон ал баланы каптал тарапка үч-төрт жолу бычак менен уруп калат. Ага карабай ал качканга аракеттенип, бирок көп узай албай жыгылып түшөт. Анын жанына барган Артур баланын акыбалы оор экенин байкайт. Артурдун апасы Гүлмира “Тез жардам”, өгөй атасы милиция чакырат. “Тез жардам” менен милиция 20 мүнөттүн ичинде жетип келгенде кеч болуп калган эле. Бычак жеген тоноочу бала ошол жерде жаткан бойдон көз жумган.

Жабырланган кылмышкерлер

Свердлов РИИБнин ага тергөөчүсү Жунушев Таласбек тергеген бул кылмыш иши боюнча төмөнкүлөр анык болгон. Азыркы кезде азиат улутундагы каракчылардын үчүнчүсү Б.А. аттуу 1991-жылы туулган бала качып жүрөт. Ал эми күрмөчөн азиат улутундагы 1990-жылы туулган Ө.А.га болсо “каракчылык жана адам өмүрүнө атайын зыян келтирди” деген күнөө коюлган. Ал эми жогоруда айтылып кеткендей, 1992-жылы туулган М.А. аттуу бала кылмыш болгон жерде көз жумган. 1987-жылы туулган Артурга болсо, “Ө.А.нын өмүрүнө чоң зыян келтирген, ал эми М.А.ны атайын өлтүргөн” деген күнөө коюлууда.

“Мен күнөөлү эмесмин”

Бул кайгылуу окуядан кийин Артур тер­гөөчүнүн узаткан суроолоруна мындайча жооп берген:
Тергөөчү: – Ө.А. бычакты сени үйүнөн көтөрүп чыккан деп көрсөтмө берип жатат. Жерден албай эле үйүңдөн алып чыкканың чынбы?
Артур: – Жок, мен бычакты жерден алгам. Эч кандай үйүмдөн алып чыккан эмесмин.
Тергөөчү: – Бир адамдын өмүрүн кыйган кылмышың үчүн өзүңдү күнөөлүү сезе­сиңби? Кайгырасыңбы?
Артур: – Жок! Мен күнөө­лүү эмесмин. Алар биринчи мага кол салышып, тоношту. Мен өгөй атамдын кабыргасынан кан агып жатканын көрүп, өзүмдү-өзүм жоготуп койгом. Өмүр кыйганы­ма кайгырсам да, мен өзүмдү кү­нөөлүү сезбейм!

Сот эмне дейт?

Мына окурман, тоноочулук жана эмоцияга алдыруудан кырчындай өмүр кыйылып, эки жаштын тагдырына балта чабылганы турат. Сот кандай өкүм чыгарат, күтө туралы.

Эскертүү: Белгилүү себептерге байланыштуу каармандардын аты-жөнү кыскартылып жана өзгөртүлүп берилди.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
manaeda
2009-09-09 23:07:39
Ыймандуу болойлу, Андай жолдон Аллах өзү сактасын!
0
№ 357, 4-10-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан