МУЗДАК АЯЛДАР ДЕГЕН КИМДЕР?
– Менин турмушка чыкканыма бир жыл болду. Жолдошум менин төшөктөгү мамилеме ыраазы болбой, дайыма эле «сен муздак аялсың» дей берет. Ушундан улам мен муздак аялдар жөнүндө билгим келет жана сиздерден дарыланып айыксам болобу деп сурайын дегем. Жылдыз, Жалалабат.
– Муздак аялдар деп жыныстык жактан дене кумарына батпаган аялдар эсептелет. Медицинада бул «фригиддүүлүк» деп аталат. Дүйнө жүзүндөгү аялдардын 15 пайызы тубаса өзгөчөлүгүнө байланыштуу дене кумарына кана албайт. Бирок, алар дене кумарына канбаган менен кадимкидей эркек сүйүп, эне болушат. Ал эми аялдардын калган пайызы ар түрдүү себептерден муздак болушат. Ага зордуктоо, ала качып зордоп үйлөнүп алуу, күйөөсүнүн орой мамилеси жана башкалар себеп болот.
Дене кумарына батуунун эң күчтүү дарысы аял менен эркек бири-бирин жалындап сүйүш керек. Эркек аялын «Айым, күнүмсүң» деп эркелетип, төбөсүнөн бутунун башына чейин өөп, сылабаган жеринен бери сылап-сыйпап аябай дүүлүктүрүп, жандүйнөсүн козгош керек. Ошондо гана муздак аял калыбына келет. Эгер күйөөсү аялын антип дүүлүктүрүп, сезимин козгой албаса, анда аялдын бел-көчүгү ооруп, жатынына кан уюп, башы ооруп шакыйга айланат. Эскерте кетчү нерсе, төшөктө аял менен күйөө эч нерседен уялбаш керек.
СЕКС АРЫКТАТАБЫ?
– Жыныстык катнаш денсоолукка пайдалуу дешет. Ошондой эле угушумча арыктоого да жардамы тиет экен. Жооп алгым келгени, учурда байкабай жүрүп толуп кетиптирмин. Азис, Сокулук.
– Албетте, секс арыктоого жардам берет. Өнөктөшүңүз менен узакка созулган махабат оюнунда бир убакта чогуу оргазмга жетсеңиз, адамда кадимкидей температура көтөрүлгөнүн байкайсыз. Бул убакта денедеги майлар ээрип, эзилип, атүгүл, кан басымы жогорулап, вирус, бактерияларды өлтүрөт. Ошентсе да спорт менен да машыксаңыз, ашыкча энергияларыңыз чыгып, арыктай алаарыңызды кошумчалай кетели.
АЯЛДА СЫЙКЫРДУУ ГОРМОН БАРБЫ?
– Аялдын денесинде бир сыйкырдуу гормон бар. Ошол гормону көп аялдар сулуу, назик болуп, ал эми гормону аздар эркек түспөлдөшүп кетет деп угам. Ушул чынбы? Миргүл, Ош.
– Аялдын эки эн безинен «эстроген» деген гормон иштелип чыгып, канга куюлуп турат. Бул гормон аялдын канында бирде азайып, бирде көлдөй толкуп турат. Бул гормондун касиети аялзатын аялча ойлонтуп, наздантып, кылыктантып турганында.