Ар айдын алтысында элге күлкү тартуулап келген “Аралаштын азили” аттуу долбоор 3 айлык эс алуудан кийин кайрадан сахнада. Бул жолу долбоордогу кудуулдар элди эки күн күлкүгө мас кылууга даяр. Бул тууралуу “Аралаштын” куудулу РАХМАН РАЗЫКОВДУН өз оозунан уксак.
– Рахман байке, ар бир айдын алтысындагы концерт кайрадан башталды. Эмне үчүн ортодо тыныгуу болуп калды?
– Биринчиден, мунун себеби Абдылда, Борончу үчөөбүз долбоордун продюсери Рысбек Жабировдун «Талак» тасмасына тартылып жүрдүк. Буюрса, ал мыкты кинокомедия болмокчу. Анын арасында шайлоо өнөктүгү болуп кетти, анда жүрдүк. Бул долбоор менен башка район-шаарларды да кыдырып келдик.
Мына эми 6-7-сентябрда Спорт Ордосунда жаңы программадагы кезектеги концертибизди коёбуз. Албетте, ай сайын жаңы сатира жазып, эки сааттык концерт коюш өтө кыйын. Бул долбоор башталгандан бери Абдылда, Борончу үчөөбүз чогуу жашап калдык. Мен атасы, Абдылда энеси, Борончу кызы болуп...
– Жогоруда айтылган “Талак” аттуу тасмага кененирээк токтоло кетсеңиз...
– Мен бул тасмада айыл өкмөтүнүн ролун аткардым. Тасманын сценаристи да, режиссёру да Рысбек Жабиров. Тасмага менден башка жыйырмадан ашык белгилүү куудул-ырчылар катышты. Аты айтып тургандай, тасмада талак берүү же ажырашуу маселелери көтөрүлгөн. Алсак, мындан 20 жыл мурун Кыргызстанда ар бир 17-18-үйбүлө ажырашса, азыр ар бир 4-5-бүлөнүн оту күйүшпөй жатат. Бул статистикадан кача албайбыз. Бул чындык. Андыктан мындай комедиялык тасма бизге керек.
– Азыр концерттен башка кандай иштер менен алексиз?
– Буюрса, жаңы жылдан кийин ЭлТР телеканалынын колдоосу менен “Үч абышка, беш кемпир” аттуу сатиралык долбоорду алып чыгам. Бул дагы кыргыз сатирасын, куудулдук өнөрдү көтөрүүгө болгон далалат. Айтмакчы, буга чейин телевидениелер эфирге чыгарганына да, тартканына да артисттерден акча алып келген. Бул ирет эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ЭлТР телеканалы биздин долбоорго акча бөлүп берди. Бул деген ЭлТР телеканалынын жетекчилигинин жаңыча көз карашта экендигин айгинелейт. Учурдан пайдаланып Нурлан Шакиевге ыраазычылык билдирип кетемин.
Дагы бир жаңылык, быйыл «Чоң куудулдун чөнтөк китеби» деген алгачкы китебим 6000 нуска менен чыкты. Китеп негизинен акыркы учурда жок болуп бараткан тамсил жанрын камтыйт. Учурда эмки жылы чыга турган экинчи китебимди да даярдоодомун.
– Маегиңизге рахмат, окурмандарга каалооңуз...
– “Супер-Инфонун” урматтуу супер окурмандары, баарыңардын орозоңор кабыл болсун! Ден-соолукта, бакубаттыкта болуңуздар.
Тасма тартуу учурундагы тамаша:
Рахман, Абдылда, Санжар үчөө тапчанда отурушат. Рахман:
– Абдылда, иним аялына талак бериптир, - дейт Санжарды көрсөтүп.
– Ким, иниңби? А-аа, дал өзүңдү тарткан турбайбы...
Дамира Арстанова
tamasha@super.kg