Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖОГОТУУНУН ЭСЕСИ

№206 13-19-октябрь, 2006-ж.


ЖОЛУГУУ

– Данияр, сага балдарың келди...
Эшиктен үн салган апасына баш ийкеп коюп, калыбынан жазбай тура берди. Эне ойлуу терезени тиктеген уулун карап оор үшкүр­дү:
– Даник, өзүң түшүнөсүң, ал кыз менен баары бир келечегиң болбойт. Атаң экөөбүз...
Данияр апасына кыжаалаттана бир карады. «Жайыма койгулачы» деген үнсүз каршылыкты көргөн апа артка чегине берди. Уулу өзү да, өңгө да түшүнө бербеген белгисиз жашоого баш урган сыяктуу. Мурункудай достору менен көңүл ачуу­ну, кино, дискотекага баруу дегенди унуткан. Анын себебин билип туруп билмексенге салат курган апа­сы. Анан кантсин, көзүнө баскан жалгыз уулу. «Баарыбыз эле жаш болуп көрбөдүк беле. Бул деле утурумдук кумарлануу. Кийин өзү түшү­нөт... Ал дудук кыз менен жашай ал­ба­сын өзү деле түшүнүп тургандыр...»
Ушинтип ойлогон апасы эшикти акырын жаап койду.
Сырттан дагы эле көзүн албай карап турду Данияр. Кыз менен тээтиги көрүнүп турган жолдон таанышкан. Ар дайым ошол эки ача кеткен жолго чейин узатып келип, анан экөө эки жакты көздөй кетээр эле.
Ошол күнү кечкурун адатынча үйдү тегерене чуркап келе жаткан. Асфальт жол тар болгондуктан, күтүүсүздөн катарлаш бара жаткан кызды жөөлөп кетти. Колунда чакан баштыгы бар, көгүш спорттук күрмө шым кийген бойлуу кыз чочуганынан четке чыга калды.
– Кечириңиз, мен байкабай калдым.
Адатта мындай олдоксондукка жини келип урушуп кетишет эмеспи. Данияр да качан кыз ашатып сөгүп жиберээр экен дегендей күтүп калды.
– Кечиресиз...
Таңкалыштуусу кыз үн каткан жок. Колунан түшкөн жашылчаларын теришип жаткан жигитти карап, сыпайы гана жылмайып койду. Данияр бейтааныш кызга көз жүгүртө берди. «Сулуу кыз экен» деп алды жүрөгү дүкүлдөп.
– Караңгыда жалгыз жүргөндөн коркпойсузбу?
– ...
– Мен сизди жеткирип коёюн...
Кыз жооп бербей өз алдынча адымдай берди. «Эмнеге жооп бербейт?» деп ойлоду жигит. Же жактырбай жатканын же кыз кылыгы кылып жатканын биле албай кыздын катарында кете берди. Көп кабаттуу үйлөргө жетээринде гана Даниярдын колунан сумкасын алып «рахмат» дегендей баш ийкеп коюп кете берди.
– Токтосоң, атың...
Бул суроо да жоопсуз калды.

«ДУДУК КЫЗ КЕЛЕ ЖАТАТ!»

Эртеси окуусуна шашып бара жаткан Даниярдын бутун троллейбустан түртүшүп жатып кимдир бирөө шиш такасы менен басып кетти. Эти ооруганынан оозунан орой сөз чыгып кеткен Данияр артына кылчая берип өзүн күнөөлүү караган кызды көрө койду. Кечээги бейтаныш кыз... Ошол замат бүр­көлгөн кабагы жазыла сүйлөп жибергенин байкабай калды.
– Ой, сиз белеңиз?..
Кыз адатынча муңайым жылмайып койду да, түртүшкөн элдин шары менен ары жылды. Жалдырай караган өзүн капарына албагандай терс бурула берген кыздын бул жоругуна Данияр бир чети намыста түштү. «Мен таанышам, бүгүн артынан ээрчип жүрсөм да таанышам» ушинтип көжөлгөн Данияр кыздын аркасынан калбай ээрчип алды. Кыз түшкөн аялдамадан түшүп алып артынан жөнөдү.
Кыздын басыгы бир калыпта. Артынан келе жаткан Даниярды байкаган да жок. Бир маалда караанын үзгөн кыз имерилип бир имаратка кирип кетти.
Артынан келип ачылган эшиктен шыкаалаган Данияр кызга мээримдүү кайрылган орус аялдын үнүн укту.
– Элизочка, сенин заказдарың келди.
Жай башын ийкеген кыз ордуна өтүп, фартугун белине байлады да, ишке киришти. Тикесинен тик туруп башын сол жагына кыйшайта кистисин эптүү кармаган кыз бейкапар сүрөт тартууда. Кыздын өңүн уурдана тиктеген Даниярдын башы тумандай артка кайтты. Ошондон баштап кыздын баскан изин аңдуу Даниярдын илдетине айланды.
– Чоң кыз, токточу.
Кыз Даниярдын добушун угуп, адатынча басып кете албай майышып токтоду. Алдында турган жигитти мөлтүрөй караган кыздын көздөрү «Неге артымдан ээрчий бересиң? Өзүм дагы билинбей көнүп бара жаткандаймын. Кимсиң өзү?» деп жаткан эле. Кыз көңү­лүндө өзүнө байыр ала баштаган Даниярдан кантип кутулушту билбей бушайман болуп келе жатты.
– Тигине, дудук кыз келе жатат...
– Хи-хи-хи, тиги жигиттин ээрчип алганын...
Жан жагынан угула берген бул сөздөр экөөнө тиешелүү экенин Данияр кыздын өзгөрүп кеткен өңүнөн улам билди.
– Эмне?!
Кыз терс бурулду. Артында өзүн карап турган Даниярдын көз карашын сезип бара жатты. «Укту. Эми жок дегенде жайыма коёт» деди кыздын ызалуу жүрөгү. «Бул кандайча? Кантип эле дудук болсун?» Данияр уккан сөзүн мээсине киргизе албай дендароо болуп туруп калды. Ушул мөлтүрөгөн жанды жамандыкка кыйбай ичи ысып-күйүп баратты.

КӨҢҮЛДӨГҮ БУРГАНАК

Бирок, тынчый алган жок жигит. Акылына баш бербеген бир улуу күч аны кайрадан эле ошол кызга жакындата берген эле. Андан бери канча өттү. Эч нерсе көңүлүндө жок жүргөн кезде ата-энесинин сөзү көңүлүнө бурганак салды. Биротоло көнүп, Элизага баш-оту менен берилип калган жигиттин айласы кетип калды.
«Келесоо, ал менен өмүр бою кан­тип жашаган жатасың?» деди атасы болгон ачуусун бүркүп. «Балдарың да дудук төрөлөт. Мен неберелеримдин дудук болушун каалабайм» деди апасы жашын төгүп. Аларга эмне деп жооп берээрин бил­бей шалдайган жигит чайналып турду.
Данияр ордунан туруп, максатсыз эшикке чыкты. Кайда бара жатканын билбей кете берди. Бир кезде караса Элизанын үйүнүн жанына келип калган экен. Негедир жоготкон жогун тапкандай сүйүнүп кетип, коңгуроого кол жиберди.
Таежеси акырын басып келди да акырын үн катты:
– Элиза, Данияр келди...
Эки бутун бүрүштүрө кучактап отурган кыз башын көтөрүп караган да жок. Акыркы жолу Даниярга жолугуп келгенден бери ушул абалда. Тамак да ичпейт, жумушка барганды да койду. Көңүлүндө ыза, жү­рөгүндө өксүк...
«Эмне үчүн мени ишендирди? Эмнеге жай турмушума киришип мени багындырып алды? Башында эле билдик эле го жолубуз эки ача экенин. Жанымды койбой жү­рүп багындырып алды эле го? Ат­тиң жашоо, бакыт аз убакытка келип эле кете береби жалоорутуп? Жолукканда эле, оозунан эч нерсе чыга электе эле билдим. Анын канча күндөн берки азабын, ата-энесинин кысымына туруштук бере албагынын дароо сездим. Сезгенде айлам канча...» Арман дарты көз жашка айланып, жаак ылдый тоголонду.
– Элиза чыкпайт. Эми аны жайына кой, Данияр... Ансыз да бул жаштайынан куруган шордуум...
– Эже...
Данияр алдындагы мээримдүү аялдан жардам күткөндөй жалдырап карады. Жашып кеткен аял көз жашын жоолугу менен аарчый отургучка көчүк басты.
– Өх, шордуумдун таалайы тайкы жаралган окшобойбу. Элиза – менин улуу эжемдин кызы. Эжеме сулуулук бергени менен акылын кыскараак кылып коюптур Кудай. Эркектер кызыгышып жаш кезинде ары сүйрөп, бери сүйрөп жүрүшүп, жалмап тынышты. Аракка берилип кетти. Элизанын атасы да отуруп келген неме эле. Экөө жаңжалсыз тура алышчу эмес. Элиза эми жаңы тили чыгаар маалы эле. Бир күнү түнү менен ичип чыккан немелер баланын жүрөгүн түшөөрүн да ойлобой мушташат. Күйөөсү эжемдин балжа-булжасын чыгара уруп жатып өлтүрүп коёт. Жалгыз бакыра берип, кансыраган энесинин өлүгүн көрүп, байкушумдун ошондо жүрөгү түшүп калса керек, сүй­лөбөй калды. Кийин атасы соттолуп кетти. Мен өз колума алгандан кийин ары чуркап, бери чуркап, көрсөт­пөгөн же­рим калган жок. Бирок, жар­дам болбоду.
Анан сени менен жолуккандан кийин бактылуу жүзүн көрүп эч нерсе деп тыя алган жокмун. Башында эле билгем экөөңдүн жолуңар бир болбосун. Бирок, «кой» деп тыйганга дилим жол бербеди. Аядым окшойт. Эми минтип... Ата-энеңде де­ле күнөө жок. Болгону сураарым, мындан ары Элизанын тынчын ал­ба. Жүрөгү өлүп калган кургурум эми эмне болоор экен?..- таежеси буркурап ыйлап жиберди.
Бирөө башка чапкандай селдейген Данияр шалдырай үйүн көз­дөй басты. Жүрөгүн мыжыккан нерсе уламдан улам күчөп бара жатканын сезди.

БАКТЫСЫЗ ТОЙ

– Уулум, келчи, кийип көр. Тим эле кыдырбаган дүкөн калган жок. Сага чак эле болуш керек.
Эки жактан жаалап жатып той кийимин кийгизип көрүп жатышты. Өзүн күзгүдөн караган Данияр көп­төн бери күзгүдөн өзүн карабаганын ойлоду. «Менин күзгүм Элизам эмес беле. Эми кайсы арыма карайм?» деп жатты көздөрү. Уулунун шапайган жүзүнөн көзүн албай турган ата- эне кайпактап кетишти.
– Каап, мынча арыктап...
– Мейли эми, эртең эле алмаштыра коёбуз..
Эптеп эле көңүлүн алгысы келген ата-энесин аяп кетти.
– Макул, эртең барам өзүм,- деди ооз учунан.
Той. Ак көйнөк кийип жадыраган колуктунун жанында жасалма күл­гөн Данияр турду. Ушул тойдон да, өзүнө арналып жаткан тосттордон да тажап, баш оогон жакка басып кет­киси келип жатты. Бирок, аны бутунан байлаган нерсе – ата-энесинин алдындагы милдети эле. «Тезирээк бүтсө экен. Эптеп чыдасам...» Даниярдын суз жүзүнө көңүл бурган эч ким болгон жок. Алыста гана бир жалгыз жүрөк аны жоктоп ыйлап жаткан эле...
Элиза ордунан турду да, күзгүгө көз жүгүрттү. Өзүн чоочун адам карап тургандай селт эте түштү. Көз­дө­рү алайып, жүзү купкуу. Нечен ай ооруп жаткан адамдардай болуп, басса жер көчөт. «А Даниярчы? Ал кандай абалда? Кантип эле ушинтип ажырашып кетебиз? Демек, эркектердин бардыгы ушулбу?»
Көңүлүнө атасынын элеси келди. Мына, балжа-булжа болуп союлган дене... Апасынын канталаган, коркуп кеткен көздөрү... Анан бычак...
– А-ааа-а! Ап-а-ке!
Жапайы үндөн коркуп кеткен таежеси ашканадан чыга калып, бетин баса бакырып жаткан Элизаны көрдү.
– Айланайын Кудай! Элиза, сенби? Сен... Демек...
Кучактай калып өксүп жиберген таеже эчен жылдан бери биринчи жолу Элизанын үнүн уккан эле.

КАЙРАДАН ЖОЛУГУУ

Үйлөнгөндөн кийин Даниярдын турмушу ойдогудай болуп кеткен жок. Ата-энеси Элизадан ажыратыш үчүн эле шашылыш үйлөнтүп коюшкан эле. Бир үйдө жашаган менен Данияр менен Назгүлдүн жашоого болгон көз карашы таптакыр башкача болуп чыкты.
– Даник, мени карасаң, бул көй­нөгүм кандай жарашат экен?
Күзгү­нүн айланасынан кетпей ойсоктоп турган аялын бир карап алып Данияр кайдыгер унчукту:
– Билбейм.
– Данияр...
– Бол эми, жумушуңдан кечигесиң...
Аялы адатынча тултуңдап таарынып алды. Бардар атанын кызы болуп жашоонун күнгөй-тескейи менен иши жок Назгүл чындап эле күйөөсү каалагандай жар болуп бе­ре алган жок. Ошондон улам көкү­рө­гүн муздак сезим каптай берчү. Даниярдын жүрөгүн ээлеген нерсе – Элизага болгон сагынычы эле.
Адатынча жумушуна бара жаткан Данияр жолдун ары жагында келе жаткан тааныш караанды көзү чала калды. Ооба, ошол! Эч өзгө­рүл­бөгөн экен. Баягы эле спорттук күрмө кийип, сүрөт салган сумкасын ийнине илген чырайлуу кыз. Жүрөгү дүкүлдөй согуп кетти.
– Данияр, эмне дел болуп турасың? Баспайсыңбы?
Аялынын заардуу үнүн да укпай дел болгон Данияр куса кылган караандан көзүн албайт.
– Данияр дейм!..
Чаңк эткен ачуу добуштан улам башын көтөрө берген Элиза маңдайында өзүн дел боло тиктеген Даниярды көрдү.
– Данияр?!
Бул ат оозунан кантип чыгып кеткенин билбей калды кыз. Бүткөн бою менен умтулуп бара жатып, кайра кимдир бирөө бетине суу чачкандай кетенчиктей берип артында келе жаткан адамга урунуп алды. Колундагы сумкасы жерге түшүп, ичиндеги сүрөттөр чачылып калды. Данияр күлгөн абалында... Данияр ойлуу... Айтор, ар кандай абалын чагылдырган сүрөттөр эле...
– Элиза, сен... Сен кантип?..
Данияр көргөн сүрөттөргө да, ук­кан кулагына да дел болду да калды.
Элиза эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Жердеги чачылган өзү­нүн сүрөттөрүн бир карап, бир өзүн караган Даниярдын көзүнөн сагыныч менен өксүүнү окуду. Элиза ала­йып өзүнөн көзүн албай турган Даниярдын аялын бир карап алды да, башын бийик көтөрүп өз жолу менен кете берди. Өз жолу менен...

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
14.10.2012. 20:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
11-10-2012
Соӊку аракети:
16-11-2013 06:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
абдан окунучтуу окуя экен... ыйлап да алдым...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: