КИМДИН КАЙСЫ СУРООДОН «АЛЛЕРГИЯСЫ» БАР?

Белгилүү адамдардын ар бир кыймылы көз жаздымда калбайт. Алардын жашоолоруна кызыккан күйөрмандар биринен сала экинчиси суроосун берип калуудан тажашпайт эмеспи. Муну айтканыбыздын себеби кээде белгилүүлөрдүн “ушул суроодон тажадым. Бул жөнүндө сурабай эле койгулачы?!” дегендерине күбө болуп келебиз. Анда кимдин кайсы суроодон “аллергиясы” бар, баамдап көрөлү.


«Мусулмансыңбы же христиансыңбы?»

Жанета Бобкованы “кыргыз түгөнүп калгансып, эмнеге оруска тийип алдың?” деген суроо тажатары айтпасак да белгилүү. Муну Жанета “мен Дениске турмушка чыккандан бери айтылып келе жаткан суроо ушул. “Эмнеге оруска тийдиң?” дешкендери аз келгенсип, “кайсы динди тутунасың? Мусулмансыңбы же христиансыңбы?” дей беришет. Кээде мусулманмын деп отуруп, тамагым кургап да калат”,- дейт ырчы.


«Канчанчы аялың менен жашайсың?»

Бек Борбиевге “кандай учурда ыр жазасыз?” деген суроодон сырткары тааныштары, ал гана эмес, туугандары да “биринчи аялың менен жашап жүрөсүңбү?” деген суроону көп беришет экен. Сыягы, алар Берадор мырзага бул суроону далай селкилерге арнап ыр жазганынан улам беришсе керек. “Мага окшогон уулумду өстүрүп жатасың” деп жубайына эмес, башка бирөөнө ырдап жатса, анан кантип ушундай суроолор жаабасын?!


«Бактыгүл экөөң кыз-жигит болдуңар беле?»

Урмат Усеновду тажаткан суроо: “Бак­ты­гүл Бадыева экөөң кыз-жигит болдуңар беле?” Мындай суроо кыйытылса эле ырчы “ушул суроону бербей эле койбойсуңбу? Тажап кеттим” дей берет эле. Эми бул суроо деле унутта калып баратат окшойт. Анткени Урмат учурда бала жытына эс-мас болуп, ата статусун аркалап калган кези.


«Аялың, балаң бар турбайбы?»

Султан Садыралиев: “Аялым, балам болсо, элге ачык айтмакмын”,- деп актанса болбой бул кеп токтобой жаткан эле. Токтобой койгондугуна «жубайы» деп айтылган сөздүн каарманы менен ырчы бир кезде жарандык никеде жашап жүргөнү себеп болсо керек. Жогорудагы тажатма суроолорго Султан өткөн саныбызда берген интервьюсунда ишендире эле жооп берди окшойт.


«Гүлдү сүйөт белең?»

Акбар Сүйүнбаевге чыгармачылыкка кадам таштагандан бери берилип келаткан суроо “сен Ташкент кызы Гүлдү сүйөт белең?” Бул жөнүндө Акбар: “Ким менен сүйлөшпөйүн, мага ушул суроону беришет. “Гүл турмушка чыкты, балалуу болду, эми бербей калышты го” десем деле ушул суроодон кутулбадым”,- деп кейип жүрөт.


«Клара менен эмнеге ажырашып кеттиң?»

Байыш Момуновдун көңүлүнө “Клара Алибекова менен эмнеге ажырашып кеттиң?” деген суроо көк таштай эле тийди. Ажырашуудан кийин канча убакыт өттү, бирок бул суроонун жообуна эл дагы деле кызыкдар. Анан да Байышты Жаныш менен алмаштырып алгандар көп. “Сиз Жанышсызбы же Байышсызбы?” деген суроодон тажаган ырчы акыркы күндөрү “Байышсыңбы?” десе деле, “Жанышсыңбы?” десе деле баш ийкеп кутулуп жатат.


«Качан турмушка чыгасың?»

Жигитин кызганып “сени катып алмакмын жүрө­гүмө” деп ырдаган Фарида Карбосованын “качан күйөөгө тиесиң?” деген суроодон жаны чыгат. Бул суроого “быйыл чыгам”, “күздө чыгам” дей берген ырчы кыз эми “талаадагыны үйгө болжобо” дегендей, “кудай буюрган күнү турмушка чыгам” деп калыптыр.


Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 358, 11-17-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан