Кенже Дүйшеева: «БУЮРСА, НЕГР КҮЙӨӨ БАЛАҢАР БОЛОТ»

“Кыз-Бурак” тобу жөнүндө кеп болгондо бир нече кыздын арасынан көзгө дароо Кенже Дүйшееванын элеси тартылат. Өзүнүн уккулуктуу үнү, жагымдуу келбети, сезимди козгой турган таасирлүү ырлары менен Кенже күйөрмандар аудиториясын арбап келет.

– Кош келипсиз, Кенже эже. Элге айтыла элек жаңылыктарыңыз көп эле болсо керек...
– Акыркы жаңылыктарга токтоло кетсем, азыр “Кыз-Бурак” тобу толугу менен Бишкектебиз. Октябрь айынын ортосунда борборго концерт берели деп даярданып жатабыз. Бул жакка келгенге чейин бир жума Санкт-Петербург шаарында концерт берип жүрдүк. Концерттин алдында футбол, баскетболдон сырткары күрөш сыяктуу кыргыздын кадимки улуттук оюндары ойнотулду. Концертибизди укмуш колдошуп, башталгандан аяктагыча кол чаап кубатташты. Мындан эки жыл мурун Самаркандда өткөн Эл аралык фестивалда “Манас” эпосунан үзүндү айтканбыз. Ошол үзүндүнү айтканыбызда алардын сүрөгөнүнөн улам өзүбүздүн үнүбүздү өзүбүз укпай калып жаттык.
– Самарканд десеңиз эсиме тү­шүп жатат. Ошол фестивалда сизди “кара терилүү жигит сүйүп калыптыр” деп уктум эле...
– 57 мамлекет катышкан бул фестивалда башка өлкөлөрдөн келген өнөр ышкыбоздору менен чогуу тамак ичип, чогуу ырдап дегендей, көп убактыбызды бирге өткөрдүк. Мен алгач байкаган деле эмесмин. Сен айткандай, кара терилүү бир жигит улам келип эле мени карап жатыптыр. Кыздар айткандан кийин анан ал жигитти байкадым. Биз тамак ичерде, бир жакка барарда эле пайда болуп калат. Уялганымды сураба. Сүрөткө түшсөк, менин жаныма түшөт, сыртка чыксам кошо чыгат. Башында тамашалап жатса керек деп ойлогом. Котормочу келип, анын чын эле мага көзү түшүп калганын, эмне ойлоп жатканын толук которуп берсе, ээн-эркин баса албай, аябай тартынып калдым.
– Тартынып калганыңызга караганда, сизге деле жаккан окшойт да...
– Чынында, бою узун, келишимдүү жигит экен. Кыздар менен отурганда “мага кара терилүү жигиттер жагат” деп айтып калчумун. Гүлнара “Кудайдан көп тилеп коюптурсуң, мына сага негр жигит” деп ого бетер чычалатты. Ал жигиттин аты Ассади экен. Гүлшайыр эже Ассадиге “кыргыздар калыңды көп алышат” десе, тигил “чек жазып берем” деп жатпайбы. Мунусун угуп алып азыр алып кетчүдөй болуп коркуп кеттим. Жаныма келип: “Ата-энем Канадада жашайт. Бирок мен Германиядагы бир клубдун директорумун. Канадага сен чыдабайсың, ал жак суук. Эртерээк тил үйрөнсөң, Германияга алып кетем”,- деди. Мен күлүп тим болдум. Коштошордо аябай жаман болду. Баса, Ассади беш маал намаз окуган мусулман экен.
– Азыр байланышып турасызбы?
– Интернет аркылуу кат жазышып турабыз. Ар бир катында “тил үйрөнүп калдыңбы?” деп сурай берет. Келип калса эмне кылам деп ойлоно берем. Анткени биздин топтун тикмечи кызы Американын жараны менен интернет аркылуу таанышканын билет элем. Ал “Кыргызстанга баратам” десе, тигил кыз “келе бер” деп коюптур. Чет элдиктерде тамашалап койдум деген болбойт экен да. Баарын “серьёзно” кабыл алышат турбайбы. Анан тигил жигит келип, нике шакегин тагып, кызды Америкага алып кетпедиби.
Фестивалда түш­көн сүрөттөрү­бүздү көрүп калган улуу агам “бул ким?” деп сураганынан “буюрса, күйөө балаңар болот” деп койдум. Ал “кокуй, Катя, эл эмне дейт? Келип-келип ушундай жигит таптыңбы?” деп катуу чочуду. Ошондон улам кара терилүү жигитке турмушка чыгышыма баары бир туугандарым уруксат беришпейт го деп калдым. “Бөтөн элде султан болгуча, өз элиңде ултан бол” дегендей, өз элимдин патриот кызы, келишимдүү кыргыз жигитинин жары болууга не жетсин?!
– «Колумду сураган кыргыз жигиттери жок» десеңиз жарашпайт го...
– Телефонумдун үнү басылбайт. Анан СМС көп келет. Бири “мен сизден кичүүмүн. Сизди сүйөм” десе, экинчиси “жуучу жиберсем болобу?” дей беришет. Бирок мен бирөөсүн да тааныбайм. Колумду сурагандар жок эмес.
– Дегеле, буга чейин кимдир бирөөнү сүйүп көрдүңүз беле?
– Балалык сезимге туш болгом. Атын жазбай эле кой, ал азыр үйбүлөлүү. Убагында классташымды жактыргам. Ал дагы мага окшоп жакшы окуган, бардык иштерге активдүү катышкан окуучу эле. Балким, ушундайынан улам менде сезим пайда болгондур.
– Эртеңки күнүңүздү кандай элестетесиз?
– Үйдө жакшы кожойке болорум анык. Тартипти катуу кармайм. Сырткы келбетим “модница” болгону менен, салтты да катуу кармайм. Үйгө барганда келиндерге “жоолук салынгыла” деп кадимкидей эле кыйкырам. Ал эми жолдошумду костюм-шым кийген, дипломат көтөргөн адам деп элестетем.
– Кээде сизде өзгөчө чөйрөнү, башка аураны каалоо болобу?
– Мен өзүм көпчүлүктө өскөн кызмын, башкача айтканда, тогуз биртууган элек, бир эжем кайтыш болуп кетти. Кийин “Кыз-Буракка” келдим. Ошого карабай кээде жалгыз китеп окуганды, кино көргөндү самап калам. Бирок бул каалоом көпкө созулбайт деле, ашып кетсе эки күн.
– Ырчылыктан сырткары башка нерсе менен алектенүү оюңузда барбы?
– Атам мен кичине кезимде “барып жылкыга чөп салып келчи” деп калчу. Жылкыга чөп салып коюп, анын кырча-кырча чөп чайнаганын көпкө карайт элем. Ошондо жылкынын сулуулугуна таң кала берчүмүн. Азыр “үйүр жылкы бакпасам да, беш-алты жылкылуу болсом. Анан аларды кыздар менен минип алып эс алсак” деп кыялданам. Буюрса, жакын арада ат багуу менен алектенсемби деп жатам.
– Күйөрмандарыңызга айта албай жүргөн сөзүңүз барбы?
– Өткөндө шайлоого карата Каракол шаарына барып концерт бердик. Сыртка чыксам эле машинанын үстүндө капаска салынган тотукуш турат. Аны күйөрманым Самара алып келиптир. Ошко алып барсам жолдон кыйналып калабы деп, Чолпон-Атадагы үйгө калтырып кеткем. Карабай коюшканбы, айтор, беш күндөн кийин келсем тотукуш өлүп калыптыр. Самара: “Кенже эже, тотукуш кандай?”- деп СМС жазып коёт. Мен “жакшы” деп жооп жазып коюп, айта албай жүргөм. Ушул суроону ырас бербедиңби, чынын айтып алдым.
– Акыркы суроону “Кыз-Бурак” тобуна байланыштырсак. “Кыздарды укмуш катуу урушат” дешет го...
– Мен чыдамкаймын. Туура эмес кадамдары үчүн кыздарга төрт жолу эскертүү берем да, бешинчисинде жарылып кетем. Бир нерсе ордунда турбаса, суранбай каалаган жагына басса анан урушам. Бешинчи жолу да айтканымды укпаса, ал кызды топтон айдаганга аргасыз болом. Азыр биз бийчилерди, анан жигиттерди да тарбиялап жатпайбызбы. Көпчүлүктө тартип катуу болбосо, иштеген ишиңдин эч качан жыйынтыгы болбойт. Ошондуктан тартипти биринчи орунга коём.
– Маегиңизге чоң рахмат.

Кыскача...

  • 1974-жылы Өзгөндүн Мырзаке айылында туулган.
  • Тогуз биртуугандын сегизинчиси.
  • Журналисттик, мугалимдик кесиптин ээси.
  • Эки жылдан бери машина айдайт.
  • Белекке гүл алып, оронуп эле жаткысы келет.
  • “Аябай” деген сөздү көп колдонот.
  • Жалган айткан, анан жоопкерчилиги жок адамдан “аллергиясы” бар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 358, 11-17-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан