Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын Башкы директору Нурланбек Шакиев менен маек.
– Нурланбек Тургунбекович, акыркы убактарда сиз жетектеген ЭлТР телеканалы аябагандай тездик менен кескин түрдө жакшы жагына өзгөрүп баратат. Буга дээрлик бардык эле телекөрүүчүлөр күбө. Мындай ийгиликтин сыры эмнеде?
– Рахмат. Мында көп деле өзгөчө сыр жок. Менин ЭлТРге келгениме ушул айдын соңунда алты ай болот. Алгачкы күндөн тартып биз заманбап телекөрсөтүүнү уюштуруу үчүн учурдун талабына ылайык элдин, телекөрүүчүлөрдүн табитиндеги жаңыча стандарттагы теледолбоорлордун үстүндө иштеп баштадык. Тилекке каршы, ЭлТРдин материалдык-техникалык базасы абдан эле төмөн, жарды эле. Ошого карабастан, азыркы рынок шартына ылайык менеджмент менен мүмкүн болушунча тездикте ыкчам аракеттерди көрдүк.
“Сандан сапатка” демекчи, теледеги кызматкерлер менен катар бардык телепрограммалардын сапатына негизги көңүлдү бөлүп, учур талабына шайкеш келбеген кызматкерлерден да, көрсөтүүлөрдөн да арылууну ылдамдаттык. Натыйжада, бир топ телепрограммалар жабылып, алардын ордуна жаңы теледолбоорлор иштей баштады. Ошону менен катар жарнамалык, коммерциялык ишмердигибизди ырааттуу жөнгө салып, кирешебиз жогорулай баштады. Ошонун негизинде кызматкерлерибиздин эмгек акысын, калем акыларын эки-үч эсе көтөрүүгө жетиштик. Оболу теледеги кызматкерлерден сапаттуу продукция талап кылуудан мурун, аларга татыктуу шарт түзүү зарыл эмеспи.
– Техникалык мүмкүнчүлүгүңөр азыркы шартка ылайык канчалык деңгээлде жакшырды? Мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүндүбү?
– Ачык айтсам, беш айдын ичинде ЭлТРдин техникалык мүмкүнчүлүгү мурдагысына салыштырмалуу дээрлик эки эсе өстү. Мында мамлекеттик каражаттар 40 пайызды, өзүбүздүн атайын каражаттарыбыз 60 пайызды түзөт. Тактап айтсак, эң зарыл болгон видеокамералар, радиомикрофондор, монтаждоочу компьютерлер, атайын аудио, видеомагнитофон өңдүү бир топ заманбап техникалык каражаттарыбызды жаңыдан сатып алдык. Албетте, анын баары бир нече миллиондогон каражатты түзөт. Ошондой эле жаңы автоунааларды сатып алдык. Оштогу, Бишкектеги студияларыбызды жаңыча шартка ылайыктап жасалгалап жатабыз. Бишкектеги кеңсебизди кеңейтип алдык. Буюрса, он күндүн аралыгында жаңы имаратыбыздын курулушун толук бүтүрүп, ачылыш аземин өткөрөбүз деп турабыз.
– Биздин билишибизче, ЭлТРдин таралуу аймагы да кеңейтилип баратат окшойт...
– Ооба, бүгүнкү күндө республикабыздын 90 пайыз калкы биздин каналды көрүп жатышат. Мында Республикабыздын Президенти, урматтуу Курманбек Салиевич Бакиевге чоң ыраазычылык айткым келет. Мамлекет башчыбыздын жеке көзөмөлү, жардамы менен июнь айынын соңунда алты жаңы телепередатчикти Украинадан сатып келип койдук. Натыйжада, Ноокат, Араван, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Алайкуу, Токтогул, Кара-Көл аймактары ЭлТРди көрө башташты. Мына ушул ишти кылган республикабыздын Каржы министри Марат Султановго да чоң ыраазычылык билдиргим келет. Өлкөбүздөгү маалымат коопсуздугун терең түшүнгөн накта патриоттук сезими менен президентибиз койгон тапшырманы Марат Абдыразакович өз убагында аткарып, чоң көмөк көрсөттү.
– “ЭлТРди спутникке чыгарабыз” деп айткан элеңиз. Бул жаатта кандай жылыштар бар?
– Мындан эки ай мурда Түркияга барып, атайын келишим түзүп келген элем. Буюрса, октябрь ичи тилегибиз орундалат. Мен ушул жуманын башында президентибиз Курманбек Салиевичтин кабыл алуусунда болдум. Ошондо да бул туурасында сөз болду. Курманбек Салиевич ЭлТРдин спутникке чыгып жаткандыгын кубануу менен кабыл алып, тиешелүү каражатты мамлекеттик бюджеттен бөлдүрүп берүүгө көмөктөшөрүн, тиешелүү тармактарга көрсөтмө берерин айтты. Буюрса, спутникке чыксак, бүтүндөй Европа менен Азия ЭлТР каналын көрө башташат. Эң башкысы, Орусиядагы миллионго жакын мигрант мекендештерибиз, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү жашап, иштеп жаткан мекендештерибиз ЭлТРди көрө алышат.
– Анда чет өлкөдө ЭлТРдин корпункттары ачылабы?
– Албетте. Буюрса, Орусиянын Москва шаарына, Түркиянын Анкара жана Казакстандын Астана шаарына өз кабарчыларыбызды жайгаштыруунун үстүндө иштеп жатабыз.
– Чет өлкөлүк байланыштар демекчи, өткөн айда Германиянын Берлин шаарында болуп өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнөлүк чемпионатты түз көрсөтүп, кыргызстандыктарга чоң кубаныч тартууладыңыздар…
– Ооба, Кыргызстандан жалгыз биздин телеканал Берлиндеги чемпионатты түз көрсөткөнгө укук алды. Көптөгөн телекөрүүчүлөр өз ыраазычылыктарын айтып жатышат. Мында биздин коммерциялык директорубуз Эркинбек Айдаров зор эмгек кылды. Анын бул жаатта үлкөн тажрыйбасы бар. Буюрса, футбол боюнча УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жана ошондой эле футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионатын ЭлТР аркылуу көрсөтүүгө аракеттерди жасап жатабыз.
– Сиздердин телеканалда телекөрүүчүлөргө жаңылык катары кандай теледолбоорлор чыгат? Жаңылыктар барбы?
– Кайсы гана телеканал болбосун, дайыма жаңы программалар менен долбоорлордун үстүндө изденүү менен иш алып барат. Айрыкча азыркы мезгилде телекөрүүчүлөрдүн талабы, табити күн сайын өзгөрүүдө. Ошого жараша көрсөтүүлөрдү талап кылышат. Анан, албетте, атаандаштык күч. Атаандаштык маданияты мыйзамдын чегинде болуусу шарт. Андыктан биз азыр жаңы кызыктуу эки-үч долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Жакында телекөрүүчүлөргө сунуш кылабыз. Өзүңөр жакшы билесиңер, кандай гана жаңылык болбосун, ал өтө чоң акчаны талап кылат. Айрыкча теледе. Бул жаатта демөөрчүлөрдүн табылышы оңой эмес. Ошол үчүн телекомпаниянын өзүнө күч келет.
– Жаңы радио да ачып жаткан турбайсыздарбы?
– Ооба. “EL FM” деген радио ачып жатабыз. Учурда атайын жыштыкка ээ болдук. Радиопередатчиктерибиз орнотулуп бүтүп калды. Буюрса, октябрь ичи обого чыгабыз, заманбап радио болот.
– ЭлТРде жалпысынан канча адам иштейт? Кызматкерлер жетиштүүбү? Эмгек акылары кандай?
– Мен жогоруда айтпадымбы, сапатка умтулушубуз зарыл деп. Кыргызда айтат «көп суур ийин казбайт, ийин казса да терең казбайт»,- деп. Анткен менен биздин штатыбыз чектелүү болгондуктан, кызматкерлер бир аз жетишпейт. Айрыкча техникалык кызматкерлер. Бүгүнкү күндө 201 адам эмгектенет. Булардын жарымы Ошто, жарымы Бишкекте иштешет. Баш-аягы 250 адам болсо, талаптагыдай болмок. Эмгек акылары орточо 6–7 миң сомдун айланасында. Алдыңкылары мындан көбүрөөк алышат. Албетте, бул аз. Бирок мен жаңы келгенде орточо айлык 2,5–3 миң сом эле болчу.
– Кинолорду, мультфильмдерди кыргызча которуп баштапсыңар…
– Ооба. Жакында атайын котормо студиясын түздүк. Дүйнөлүк фильмдерден тартып мультфильмдерге чейин кыргызча которуп баштадык. Казакстан, Өзбекстан бул жагынан кыйла алдыга кеткен. Биз болсо каражатка шылтап олтура бергенбиз. Ырас, каражат да керек. Бирок баары көңүлдө, каалоодо да. Аз-аздан болсо да, өз алдынча бул жаатта чоң иш баштадык.
– Сөзүңүздүн соңунда кыргыз элине айтар каалоо-тилегиңиз…
– Ыйык Рамазан айында жалпы кыргыз журтумдун туткан орозосу кабыл болсун. Эгемендүү Кыргызстаным өссүн, гүлдөсүн. Дүйнөдө тынчтык ыроолоп, ынтымактан ширелген бакубат жашоодо аман бололу.
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg