– Фарида, сахнага чыга баштаганыңа канча болду?
– Эсептеп көрсөм, быйыл он жылдын жүзү болуптур.
– Азыр ырдаганына жыл айланбай эле концерт койгондор көбөйдү. Сенин ушунча жылдан бери эми жеке концертиңди берип жатканыңдын себеби эмнеде?
– Мен он жыл бою Алина эжеден тарбия алдым. Аны менен сахнада жүрүп ырчылыктын оош-кыйыштарынын баарын башымдан өткөрдүм. Концерт уюштуруунун жол-жобосун үйрөндүм. Мына ушуларды өздөштүрүп алганымдан кийин мен эми өзүмдү жеке концертимди берүүгө даярмын деп эсептейм. Ушунча жыл аралыгында күйөрмандарым да пайда болбой койбосо керек. Алар мени колдоп берээрине ишенем. Борбордо жеке концертимди берүү – менин көптөн берки максатым болчу. Ушул концертим ийгиликтүү өтсө, мен өзүмдү толук кандуу ырчымын деп эсептеп, бир топ жеңилдеп калмакмын.– Концерт уюштуруунун оорчулугун сезип жатсаң керек?
– Ооба. Жалгыз адамга концерт уюштуруу оор эле экен. Бирок, ошого карабай мен өжөрлүгүмө салып, баштагандан соң аягына чыгарайын деп жатам. Продюсери бар ырчыларга жакшы экен. Алар жөн гана ырдап коюшса, калганын продюсери уюштурат. Мен болсо ыр жаздырганга да, формага да, кыскасы, бардык жагына өзүм чуркап жатам.
– Алина эже жардам берген жокпу?
– Мен Алина эжеден жардам сураган жокмун. Анын менден башка деле жумуштары көп. Өзү эле болсо бир жөн, ал кызын, баласын да караш керек. Анын үстүнө Алина эже менин күчүмө ишенет. Кылам деген нерсемди кылып тынаарымды билет. Ошон үчүн мен концерт коюу жөнүндө сөз кылганымда эле «Сенин колуңдан келет, уюштур» деген. Ошентип, азыр бул концертимди жеке өзүмдүн күчүм менен уюштуруп жатам.
– Демөөрчүлөрүң барбы?
– Демөөрчүлөрүм да жок. Өзүмдүн айылда кичинекей бизнесим бар, бардык чыгымды ошонун эсебинен жаап жатам.
– Эми ушундай эмгек менен уюшулуп жаткан концертиңден күйөрмандарың кандай жаңылыктарды күтсө болот?
– Албетте, түйшүктү да, зор эмгекти да талап кылган концерт эптеп-септеп өтүп калышы мүмкүн эмес. Колдон келишинче элге жаңы нерсе тартуулаганга аракет кылып жатам. Күйөрмандарым бул концерттен менин эле эмес, аттуу-баштуу көп ырчылардын ырларына күбө боло алышат. Менин оюм концертке катыша турган бардык ырчылар менен дуэт жаздыруу эле. Бирок, баары менен жаздырганга жетишпей калдым. Ошентсе да бир топтору менен дуэт ырдайм. Ошондой эле формаларымдан, сахна декорациясынан, негизи эле концерттин жүрүшүнөн күйөрмандарым көп эле жаңы нерселерди күтө беришсе болот.
Маектешкен Азиза Сатимбекова