СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ: «КӨЧӨДӨ СЕМИЧКЕ САТЫП ОТУРГАН КЫЗДЫ СҮЙҮП КАЛСАМ, ОШОНУ АЛАМ»
Кыргыз эстрадасына кошулган жаштардын шары менен сахнада Султан Садыралиев деген ысым пайда болду. Көп кыздардын көңүлүнөн орун таба алган бул жаш ырчы Искусство институтунун элдик ырлар бөлүмүндө 2-курста окуйт. Султан беш бир туугандын кичүүсү. Бойдок.
– Султан, сени бирөөлөр казак дешсе, кээ бирөөлөр кыргыз дешет. Деги сенин улутуң ким?
– Менин каным кыргыз. Бирок, мен эле эмес, менин атам да тээ бала чагынан Казакстанда өсүп калган. Анткени, чоң атам Садыралы каза болгондо чоң апам атамды ээрчитип казакка турмушка чыгып кетиптир. Ал кезде атам 8-9 жаштарда экен. Ошол боюнча Казакстандын Тараз областында чоңоюп, ошол жактан үйлөнүп, балдары, биз дагы ошол жактан тарбияланып калганбыз. Апам казак кызы. Менин улутум боюнча эки түрдүү айтып жүргөндөрүнүн себеби ошондон.
– Анан Кыргызстанга качан келдиңер?
– Атам «Биз кыргызбыз, өз мекенибизге кетишибиз керек» деп ар качан эле айтып жүрчү. Ошентип, мен 9-класста окуп жүргөндө Таластын Алексеевка айылына көчүп келгенбиз. Тилекке каршы, ал жерде үч жыл жашагандан кийин кайра Казакстанга көчүп кеттик. Анткени, апам Кыргызстанга такыр эле көнбөй койду. Анын үстүнө бул жакта айлык акы да аз экен. Учурда ата-энем, бир туугандарымдын баары Казакстанда. Үйбүлөбүздөн бир гана мен кыргызча билем. Үйгө барганда кыргызча аралаштырып сүйлөп калсам, атам кадимкидей сүйүнүп, менин Кыргызстанда жүрүп, кыргызча билгениме сыймыктанып калат. Азыр менден үмүтү чоң. «Балам, сен Бишкекте калып, ошол жактан там алсаң, сенин артыңан биз да барып калабыз» деп көп айтат.
– Казакча окуп жүрүп эле Таласка келип кыргызча окуй баштаганыңда кыйналдың беле?
– Аябай кыйналгам. Биринчи жолу диктант жазганым эсимде. «Манас» эпосу жөнүндөгү текст болчу. Ошол диктанттан минус эки алгам. Ошондон кийин бир классташ кызым күн сайын үйүнө алып барып диктант жаздырчу эле. Бир айдай үйрөнүп жүрүп кийин ага да барбай койдум. Мен кыргызча жазганды азыр деле билбейм.
– Мектепте башка жактан келгендерди бөлүшөт го. Сени да ушинтип бөлүшчү беле?
– О-оо, андай бөлүнүүлөргө көп эле жолу туш болгом. Мени «казак» деп коюшчу. Чоң класстын балдары «Казак, бул бала менен урушасыңбы?» «Тигил бала менен урушасыңбы?» деп күн сайын балдар менен мушташтырышчу. Анан да кыздар эшиктерге учтуу нерселер менен кырып «Казак, мен сени сүйөм» деп жазышып, жанына домбрамдын сүрөтүн тартып коюшчу. Анткени, мен Таласка келген күндөн баштап эле домбра менен ырдап, мектепте өткөн кароо, конкурстарга катыша баштагам. Ошонун айынан мен 11-классты бүткөнгө чейин дээрлик окуган деле жокмун. Ырга болгон кызыгуум күчөгөндөн күчөп, натыйжада, окуума тескери таасирин тийгизди.
– Азыр институтта кандай окуйсуң?
– Жакшы окуйм деп айта албайм. Сабакка барбасам кайдан жакшы окумак элем?
– Эмне, сабакка барбайсыңбы?
– Мурун көбүрөөк барчу элем. Азыр жумуштар көбөйгөн сайын сабакка бармай азайды. Барсам да бир класска кирип алам да, кечке фортепиано ойноо менен алектенем.
– Популярдуу боло электеги Султан менен популярдуу болуп калгандагы Султан Садыралиевдин кандай айырмасы бар?
– Мен өзүм өзгөргөн деле жокмун. Бирок, менин чөйрөм өзгөрдү. Мурда көзүнүн төбөсү менен карап жүргөн кээ бир балдар азыр «досторум». Же тескерисинче, мурда жакшы мамиледе жүргөндөрдүн айрымдары азыр мени анча жактырбай калышкан. Анткени, «Эмне үчүн бул популярдуу болуп чыгып кетти да, биз чыга албайбыз?» деп көрө албагандарды да тапса болот.
– Башка студенттер катары эле сен дагы жатаканада жашайсыңбы?
– Ооба, Искусство Институтунун жатаканасында жашайм. «Таластык кыз» деп ырдап жүргөн Мирбек Иманбеков экөөбүз бир бөлмөдө турабыз.
– Элге анча-мынча таанылып калганда көпчүлүк менен жашаган ыңгайсыз бекен?
– Бир топ эле ыңгайсыз экен. Бир күнү Мирбек экөөбүз музыканы катуу кылып коюп алып бөлмөдө секирип бийлеп жүргөнбүз. Кийгендерибиз болсо шортик, футболка. Бир убакта эле эшик шарт ачылып он чакты кыз бөлмөгө кирип тизилип туруп калса болобу! Акырында бир группалашым кирип кыздарга: «Мына, көрдүңөрбү, эми убада кылганыңарды бергиле!» дебеспи. Көрсө, баягы группалашым «Султан Садыралиев ушул бөлмөдө жашайт» десе классташтары ишенбей, мелдешип кетишкен экен. Ушуга окшогон көрүнүш эки жолу кайталанды. Группалашыңа бир нерсе дейин десең, «Эмне, сен жылдыз болуп кеттиң беле?» дей салат. Айла жок жакшы сүйлөп кутуласың. Анан да «Сен жатаканада жашайсыңбы?» деп ишенбей таң калышкандары кызык.
– Жатаканада ачка калган күндөрүң болду беле?
– Албетте. Студенттик мезгил ошондой ачка калган күндөр менен эсте калат да. Таштай болуп катып калган нандарды сууга малып жеген, кыздарга гитара менен ырдап берип тамагын ичкен күндөрдү мындан үч ай мурун эле башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр болсо, мындайча айтканда – «жизнь малина».
– Султан, сен көпчүлүк элге Замир Арыкбаев экөөңөр ырдаган «Кудача кыз» аттуу дуэт аркылуу таанылдың. Демек, сени чоң сахнага Замир алып чыктыбы?
– Менин кенен чөйрөгө таанылышыма Замирдин салымы бар. Бирок, мени Замир алып чыкты деп баса белгилеп айта албайм. Себеби, мен Замирге жолуга электе эле «Ай энем», «Гүзал кыз» аттуу ырлар менен эл алдына чыгып, жада калса «Ай энемге» клип да тарттырган болчумун. Бирок, негедир ал клибим ийгиликсиз чыгып калып, калың элге тарата албай калгам. Ал эми «Кудача кыздын» казакча вариантын мен 7-класста окуган кезимден эле ырдап келатам.
– А Замир экөөңөр кандайча ырдап калгансыңар?
– Бир тойдо ошол ырды ырдаганымды Замир көрүп калып, дуэт ырдоо жөнүндө сунуш киргизген. Анан ырды ал кыргызчага которуп, экөөбүз ырдап калганбыз.
– Акыркы кездерде бул ырды жалгыз ырдап чыгып жатасың. Замирден кызганып өзүңчө жаздырып алгансың го?
– Жок. Кызганган деле жокмун. Болгону мага дуэт ырдагандын жакпаган жери – ыр менен кошо биринчи чыккан ырчынын аты аталат экен да, экинчи чыккан ырчы көзгө көрүнбөй калат экен. Мисалы, мурда Замир Арыкбаевдин «Кудача кызы» деп айтылчу. Азыр болсо «Махабатым» менен кошо менин атым айтылат да, Акбар мага таарынып калат.
– Акбар менен кандайча иштешип калдың эле?
– Акбар Сүйүнбаев менин группалашым болот, бир жатаканада да жашайбыз. Акбардын үнү мага башынан эле жакчу. Чогуу иштешкенди ага мен сунуш кылгам. Азыр ынтымакташып, жакшы иштешип жатабыз. «Жалкоолонбой мурдатан эле аракет кыла берсек болмок экен» деп азыр өкүнүп калабыз. Мурун экөөбүз тең жалкоо болчубуз. Аныбыз менен ишибиз жок бөлмөдө бутту асып жатып алып, радиодо ырдагандарды сыначу элек. Андан да арыбыз жок жаныбыз: «Ой, мындан көрө мен жакшы ырдайм» деп койгонубузчу! Азыр ошолорду ойлоп алып, өзүбүзгө өзүбүздүн жинибиз келет.
– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Бар болчу. Азыр жок. Чыгармачыл адамга аны бардык жагынан түшүнгөн түгөй керек экен. Менин мурдагы кызым мени толук түшүнчү эмес. «Сен мени тигил жакка алып барбайсың», «Бул жакка алып барбайсың» деп эле нааразылана берчү. Анын ою менен болоюн десем, менин убактым тар. Анан да мен күйөрман кыздарыма өтө аяр мамиле жасайм да. Аны түшүнбөй кызым мага телефон чалган күйөрмандарымды телефонду менин колуман жулуп алып урушуп салчу. Ушундай түшүнбөстүктөрдүн айынан экөөбүздүн жолукпай калганыбызга көп болуп калды.
– Алгачкы сүйүү сага качан келген?
– 11-класста окуп жүргөндө таластык бир кызды сүйүп калгам. Анын үйү мектептен алыс болгондуктан, эртең мененки саат жетиде автобуска чыгып, мектепке барчу. Мен болсо күн сайын таң атпай саат алтыда туруп, жуунуп-тазаланып алып аялдаманы көздөй зуу койчу элем. Аны автобуска чыгарбай сабактан алып калчу элем да, саат экиге чейин экөөбүз сейилдеп жүрүп, анан ал сабактан келген киши болуп үйүнө кетчү. Кийин мен окууга келе бергенде мамилебиз солгундап отуруп, азыр такыр алыстап кеттик. Менин алгачкы махабатым деп ошону эсептейм.
– Апаң казак кызы болсо сени «казак аял ал» дебейби?
– Үйб
– Бизге караганда Казакстанда шоу-бизнес көбүрөөк өнүккөнү жашыруун эмес. Эгер сен аябай популярдуу болуп кетсең, Казакстанга кетип калбайсыңбы?
– «Дарак бир жерден көгөрөт» дейт го. Менин чыгармачылык чыйыр жолум Кыргызстандан башталган соң, канчалык популярдуу болуп кетсем да бул жакта эле болом. Анткени, мен кыргызмын.
Маектешкен Азиза Сатимбекова