Табияттын түркүн өңгө боёлгон кооздугун көрүп суктануу кандай керемет!.. Бирок арабызда мына ушул кооздукту көрө албай, мунарык дүйнөдө жашаган адамдар бар. Алар азиздер экени баарыбызга маалым. Алардын жашоосу, билим алуусу тууралуу маалымат алуу максатында калаабыздагы жападан жалгыз азиз балдардын мектебине кайрылдык.
“Бизден академиктер да чыгат”
Бизди аталган мектептин директору Калиман Орсейитова тосуп алды. Азиз балдардын мектеби тууралуу алгачкы маалыматтарды Калиман эжеден алдык.
– Калиман эже, сөздү бул мектептин тарыхынан баштасак...
– Биздин мектеп 1939-жылы ачылган. Жаңы ачылганда мектепке 9 бала катталып, эң биринчи окуучу Абдыкадыров Абыш болуптур. Биздин тарых ушул адамдан башталат. Минтип айтканымдын себеби бул киши биздин мектептеги биринчи азиз мугалим. Мектепти бүткөндөн кийин тарых факультетин аяктап, анан кайра бул мектепке келип, тарых мугалими болуп иштеген. Агайдын баласы, небереси да ушул мектепте окуйт. Негизи, Абыш Абдыкадыров бул мектепте жашап, ушул жерден каза болгон. Башында бул мектеп Кыргызстандагы азиз балдар үчүн жападан жалгыз мектеп болгон. Кийинчерээк азиз балдардын саны өсүп, Ош шаарында 100 орундуу дагы бир мектеп ачылды.
– Бул мектепте билим алган балдар, негизинен, кандай диагноз менен келип окуп калышат?
– 70 пайызга жакыны тукум куучулуктун айынан азиз төрөлгөндөр. Ал эми 30 пайызы кандайдыр бир жаракат, кокустуктардан улам көрүүсү начарлаган балдар. Мектептеги балдар эки топко бөлүнөт. Биринчи топту “Брайлисты” деп коёбуз. Булар таптакыр көрбөгөн балдар болгону менен, жыт сезүү, угуу органдары жакшы өнүккөн. Алар рельев-чекиттүү ыкма менен окутулат. Манжалары менен сыйпалап, тамга таанышат. Экинчи топтогуларды “Плоские” деп коёбуз. Булар үчүн атайын чыгарылган китептердеги тамгалар чоң шрифттер менен берилет.
– Учурда мектепте канча бала билим алып жатат?
– Жылдан жылга балдардын саны көбөйүп жатат. Буга чейин бир класста 6-7 бала окуса, быйыл биринчи класска 10 бала кирди. Бардыгы болуп 184 бала билим алып жатат.
– Мамлекет тараптан кандай кам көрүлөт?
– Союз учурунда мектепти толугу менен Москва камсыз кылчу. Ошол учурда окуу куралдарынан да эч кандай маселе чыкчу эмес. Союз тарагандан бери өзүбүз аракет кылып грант алып, кем-каржыбызды толуктап келебиз. Жакында эле ошол гранттын негизинде азиздер үчүн чыгарылган китепти басып чыгаруучу принтер алдык. Биринчи канайым Татьяна Бакиева бизге китеп окуп берүүчү машина белек кылган. Эми азиз балдарыбыз гезит-журналдардагы жаңылыктарды ушул машинанын жардамы менен биле алышат. Атайын компьютердик класс да ачылган. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн арасында экономисттерден баштап академиктерибиз да бар.
– Балдардын ата-энелеринен мектептин керектөөлөрү үчүн акча жыйналабы?
– Мектеп толугу менен мамлекеттин камсыздоосунда болгондуктан, эч кандай акча алынбайт. Болгону, ата-энелер балдарына керектүү кээ бир окуу куралдарын алып беришет.
“Физика сабагы – эң керектүү сабак”
Физика сабагы азиздердин жашоосу үчүн биринчи жардамчы экендигин физика мугалими Гүлмейиз эже баяндап берди.
“Мисалы, үн толкундары аркылуу машинанын ылдамдыгын сезе билүүнү, алтургай алардын чоң же кичине көлөмдө экендигин ажырата алууга, өрттү эмнеден баамдоого болорун, алдыда келе жаткан адамды андан бөлүнүп чыккан жылуулук аркылуу да сезе билүүгө чейин үйрөтүүгө аракет кылабыз.
Акча жаатына келсек, окуучуларга алардын узун туурасы, сыйпалаганда канча сомдук акчаларда кандай айырмачылыктар бар экенин айтып берсек, аларды эсине сактап алышып, акырындык менен акчаны санаганды да үйрөнүп алышат”.
“Биздин калем – грифель”
4-класска башбагып калганыбызда математика сабагы жүрүп жатыптыр. Балдар калемсаптын ордуна грифель аттуу куралды кармап эсеп чыгарууга киришиптир. 15 жылдан бери бул мектепте эмгектенген Эркежан эже буларга токтолду.
“Брайлисты” тобуна кирген балдар үчүн грифель (кармагычы жыгачтан же желимден жасалган шибеге сыяктуу курал) да бир топ маселелүү иш. Анткени бул курал базардын баарында эле сатыла бербейт. Грифель менен окуучулар тамгаларды, сөздөрдү кагаз бетине сайып түшүрүү менен үйрөнүшөт жана аны колдору менен сыйпалап окушат. Колунда бар ата-энелер балдары үчүн атайын заказ кылып алып беришсе, кээ бир балдарга кадимки мык менен колго жасалган грифель колдонуусуна туура келет. Бирок колго жасалган грифель балага бир топ эле ыңгайсыздык жаратат. Андан сырткары, азиз балдар үчүн атайын калың дептерлер табыла бербегендиктен, чоң класстын балдары кол эмгек, чийүү сабагында колдонулуучу альбомду дептерге айландырып жасашат.
Билим алууну максат кылган балдар менен жыйырма мүнөттүк танапис кезинде сүйлөшө алдык.
“Мектепке футбол талаасын жасатмакмын”
– Акбар, бул мектептин жакпаган жактары барбы сен үчүн?
– Мен үчүн бул мектеп экинчи үйүм, окуучулар менин биртуугандарым. Бул жерден эч ким бири-бирин кемсинтпейт. Бөбөктөрүбүзгө кам көрүп, агай-эжейлерди сыйлап турабыз. Ата-энем менин көзүм көрүп кетер бекен деп жакшы эле аракет кылышты. 3 жолу операция болдум. Бирок жүз пайыз көрүп кете алган жокмун.
– Келечекте ким болгуң келет?
– Белгилүү актёр болгум келет. Актёр болуш үчүн акылдуу да болуш керек. Бардык сабактарды мыкты окуганга аракет кылып жатам. Актёр болуп калсам, тапкан акчамдын баарын мектебиме жумшайм. Биринчиден эле мектепке футбол талаасын жасатмакмын.
«Шахмат мелдешине катышкым келет»
– Назгүл, шахматка кызыгууң кандайча жаралды?
– Шахмат ойноо менин тубаса талантым болсо керек. Көзүм көрбөсө да кандай жүрүш керек экенин сезип турам. Ушуга чейин утулуп көрө элекмин. Кыялымда шахмат боюнча чоң мелдештерге катышсам дейм.
Азиз – мыкты ырчы
Азиз таланттуу балдардын бири. Ал ырдаганда балдардын кол чабуусу узакка токтобойт. “Кыргыз жерим” аттуу ыры менен Балдарды коргоо күнүнө карата Австрияда өткөн фестивалда Гран-Прини жеңип келген экен. Азиздин пир туткан ырчысы Диана Гурцкая экендигин билдик.
Кызыктуу фактылар
Бахияна Сатылганова
koom@super.kg