Балалык курагы, Талант жолу...
Чыныгы таланттын жолу ары түйшүктүү, ары татаал болот дешет. Бул сөздүн да Манас аганын жашоосуна тиешеси бар. Анткени, алгачкы кадамын шилтей электе тагдыр жолу татаал болгон белем. Наристеге тогуз ай болгондо эле апасы каза болуп, Манас чоң апасы Режептин колунда калат. "Жетимдин кийимин кийгизбейм, ашын ичирбейм" деп көзү менен тең айланган чоң апасына эркелеп чоңойгон Манас бир топ эле шок болгон. Тополоң болгон жерде Манас бар болуп чыгат. Балдарды сабап, бирөөнүн жумурткасын алам деп тоогун тургузуп жиберип, биринин байланып турган итин таш менен уруп, айтор, бир айылды азан-казан кылып жиберчү экен. "Баягы жетимдин тополоңубу, бизге күн көрсөтпөс болду" деп жүрүп Манастын кличкасы «жетим» атыгып да кеткен дешет. Ошондой окуялардын бири төмөндөгүдөй.
Манас аганын кичине кези экен. Манас көчөдөн уруша кетип бир баланы уруп койсо, ыйлап калат. Ары жакта ал баланын апасы келе жаткан экен. Аны көрөөрү менен Манас үйүн көздөй "тыз" коёт. Келсе чоң апасы ары карап жүн тытып отурган болот. Ары-бери карап туруп тандыр көзүнө урунгандан улам анын ичине кирип, оозун жаап отуруп алат. Чоң апасы: "Ал жок. Эмне бардыгын эле менин баламдан көрөсүңөр? Кана, үйдө болсо таап ал" деп Манастын артынан кууп келген аял менен кажылдашып көпкө урушат. Экөө урушуп бүтүп үндөрү угулбай калгандан кийин "эми кетти го" деп тандырдын оозундагы тыгынды жөн ачпай тээп жиберсе, ал учуп барып чоң энесинин жонуна тийет. Чоң энеси чочуп кетип караса, тентеги андан-мындан бир секирип качып бара жатат дейт.
Ушундай суу куйду тентек болгону менен улуу адамдардын сөзүн илип алган куйма кулак, зирек бала болуп чоңоёт. Ошентип, чаң баскан айылдын көчөлөрүндө талант жолу башталган экен.Сынган мандолин жана тоскоолдуктар
Манаста талант көрөңгөсү бар экени бала кезинен эле байкалса да, негедир үйбүлөсү анчалык маани бербеген экен. Ырдагандар чогулган жерде Манас мандолин черткенди үйрөнөт. Агасы мандолинге алаксып иш кылбай коёт деп аспапты бийик жерге коюп кетчү. Мандолинге кумар болгону ушунчалык, эч ким жокто тырмышып жетип жан-алы калбай чертип алып кайра бирөөлөрдүн дабышы угулуп калса, ордуна коё коёт. Бир күнү чертип жатып берилип кетсе керек, агасы келгенин байкабай калат. Ачуусу келген агасы "Сен иш кылбай отурганың үчүн" деп алып туруп мандолинди жерге чаап сындырып салган тура.
Мандолинди сындырганы менен баланын көкүрөгүндөгү бугуп жаткан талант күчүн сындырганга эч кимдин кудурети жетпейт эле. Ошондон баштап ого бетер өчөшүп "булар мени эмнеге артист кылбайт экен" деп көгөргөн Манас ырдап баштайт.
Алгач тар чөйрөгө ырдап жүрүп, Ноокен районунун маданият үйүнө клуб башчысы болгонго жетишет. Ал жактан "Сенин бардык жөндөмүң бар. Бирок, "жапайы ырчылыктан өйдө көтөрүлүп окушуң керек" деген сөздөрдөн улам Бишкектеги филармонияга окууга келет.
Ушул учурда бир концертке капысынан барып калган Манас обончу Шамшыбек Өтөбаевге жолугат. Талант дараметин байкаган обончу "Сенден ырчы чыкпайт. Сен алып баруучу бол" дейт. "Кой, аке, мен ырчы эле болом" десе да болбой, Шамшыбек аны концертке алып баруучу катары даярдайт. Алгачкы жолу концертти алып барганында бир сөзүн айтса бир сөзүн айта албай какап, калтырап туруп калган Манас эптеп концертти бүтүрүп, уятынан ошол боюнча эч кимге көрүнбөй Алабукага качып кетет.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).