Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Мирбек Иманбеков: «ТАЛАСТЫК КЫЗДЫН» КЛИБИН ТАРТТЫРГАНГА ТЫЮУ САЛЫШТЫ»

№185 19-25-май, 2006-ж.


– Мирбек, азыр эл оозуна алынып, өзгөчө кыздардын бүйүрүн кызытып турган учуруң. Ушундай деңгээлге жетүү көөдөнүң­дөгү максатың беле же бул ийгилик сага кокусунан келдиби?
– Мен жаш чагымда деги эле ырчы болом деп ойлогон эмесмин. Атам да мени "милиция кызматкери болосуң" деп жүрчү. Ошентсе да ырчылыкка кичине кезимден эле кызыгуум бар болчу. Бала бакчада жүргөндө чапан кийип, учуна куржун байланган таякты ийиниме асып алып, "Мен баратам Бомбейге, табылаар жумуш мендейге..." деп ырдай берчүмүн. Ушул ырды ырдап кичинекей барабанды белекке алганым да эсимде. Ал эми бир аз чоңоюп калганда көчөдөгү балдар чогулуп, жашынмак ойношсо, мен бир аз ойногондон кийин эле "балдар, ырдашмай эле ойнойлучу" деп оюнду буза берчүмүн. Ырчылыкка болгон талантымды байкаган атамдын мени музыкалык мектепке берем деген да максаты бар болчу. Бирок, эмнегедир анда окубай калдым. Менин чыгармачылыктагы азыркы ийгилигимди кокустук десем туура болбой калат го. Искусство институтуна тапшырып, ырчы болуп чыгууну 10-классымдан баштап ойлоно баштагам. Ошол кезде искусство институтунда окуган аталаш агам айылга барып калып, мени окуу жайга келүүгө үндөгөн.
– Анда искусство институтуна музыка жагынан жакшы түшүнүк ала элегиңде эле тапшырып алыпсың да?
– Мен азыр институттун аккордеон бөлүмүндө окуйм. Аккордеонду болсо 7-классымда биринчи жолу колума кармап, өз алдымча эле үйрөнүп алгам. 9- класста окуп жүргөндө обондорду ойноп, ага үн кошуп ырдап калгам. Мени элге тааныткан "Таластык кызды" ошондо биринчи жолу угуп, үйрөнүп алып ырдай баштагам.
– Кимден уктуң эле?
– Эжем Бишкектен барып эле "Мен Бишкекте конокко бардым эле, бир бала аккордеон менен ушул ырды ырдады" деп биринчи куплетин кайырмасы менен жаттатты. Ыр мага аябай жагып калды. Кийинки куплеттерин да жаттайын деп такыр эч кимден таппай койдум да, экинчи куплетин өзүм жазып алдым. Кийин шаарга келгенде экинчи куплетин би­рөөдөн таап, өзүм­дүн жазганымды үчүн­чү куплет кы­­лып азыр деле ырдап жүрөм.
– Алгач ушул ырдын азыркыдай популярдуу болуп кетээрин сездиң беле?
– Мен "Та­лас­тык кызды" биринчи жолу ноябрь айында Замир Арыкбаевдин концертинде ырдап чыккам. Ал кезде менин фамилиямды да, менин аткаруумдагы бул ырды да эч ким уга элек болчу. Фамилиям­ды атап сахнага мени чакырганда залдын ар кайсы жеринен кол чаап коюшкан, анан ыр бүткөн соң, кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар көпкө чейин токтобой койду. Ошондо бул ырдын мага популярдуулук алып келээрине көзүм жеткен.
– "Таластык кыздын" автору экөөңөрдүн ортоңордогу чырдын канчалык чын­дыгы бар?
– Мен бул ырдын авторунун аты Максат экенин жа­на анын таластык экенин билчүмүн. Андан башка ал жөнүндө маалыматым жок болчу. Ырга аранжировка жаздыраардан мурун аны аябай издедим. Ал эле эмес, Максат байкени мен эки жыл бою издеп келдим. Акыры такыр таппаганда досторум: "Аранжировканы жаздыра бер, ыр чыккан соң, өзү сени таап алат" деп кеңеш беришти. Айткандай эле ыр бир топ популярдуу болуп калганда "Мен "Таластык кыздын" автору болом" деп Максат байке телефон чалды. Экөөбүз жолукмай болдук. Мен Максат байкени сүйүнүп, мага ыраазычылыгын билдирет го деп күткөм. Тилекке каршы, мен ойлогондой болгон жок. Жолукчу жерге машина менен эжеси, жездеси, иниси болуп төртөө келиптир. Адегенде эле төртөө төрт жактан мага кыйкырып киришти. Болгонун айтып түшүндүргөнүмө карабай акыры коркутканга да өтүштү. Менин ырды канчалык сүйгөнүмдү түшүнгү­лөрү да келген жок. Алардын талабы боюнча ырды радиолордон алдырып, аны такыр ырдабашым керек экен. Ага клип тарттырганга да тыюу салышты. Ырдабаганга макул болгон жокмун, бирок, "клип тарттырба" деген талабына аргасыз көнгөн­гө туура келди. Болбосо алиге чейин клибин тарттырмакпыз.
– Эгер автору "ырдаба" деп катуу тыюу салса, "Таластык кызды" ырдабай коюуга күчүң жетеби?
– "Таластык кыз" менин жан-дүйнөмө сиңип калган ыр. Мени сахнага ал­ып чыгып, элге тааныткан да ушул ыр. Мен алгач сахнага бул ыр эмес, башка ыр менен чыкканымда азыркыдай популярдуулукка жетише албайт болчумун.
– Репертуарыңда канча ырың бар?
– Азырынча үчөө эле. Учурда төртүнчү ырым жазылып жатат. Алардын ичинен "Кыздар" аттуу ырымдын сөзү, обону өзүмдүкү.
– Үч эле ырың болсо, азырынча жеке концерт коюуну ойлонуштура элек экенсиң да?
– Жеке концертке жайы менен даярданып, күзүндө берсек деген максатыбыз бар. Буюрса, даярдыкты эмитен баштадык.
– Силер Султан, Акбар болуп чыгармачылыктын босогосун чогуу аттабадыңарбы? Сенин оюңча үчөөңөрдүн кимиңер күчтүүсүңөр?
– Султан күчтүү. А сахнага чыгуу жөнүн­дөгү демилгени Акбар көтөргөн. Биз биринчи курска жаңыдан келгенде эле Акбар "бул ырдын аранжировкасы жакшы экен", "аранжировка жаздырыш керек" деп аранжировка жөнүн­дө кеп кылып калчу. Биз болсо ал кезде аранжировка деген эмне экенин да толук түшүнчү эмеспиз.
– Үчөөңөрдүн ортоңордо чыгармачылык атаандаштыктар да болуп кетеби?
– Биз башынан эле Султан, Акбар, мен анан "Кыргызстан Обондорунун" ди-джейи Чыңгыз болуп кан достордонбуз. Чыгармачылыкка аралаша баштаганда бир күнү атайын төртөөбүз чогулуп, түнү бою уктабай сүйлөшүп чыктык. Ошол түнкү бири-бирибизге берген антыбыз боюнча биздин достугубуз шоу-бизнестен жогору турат. Кандай болгон күндө да бири-бирибизге жөлөк- таяк болуп, дайыма бири-бирибизди колдоп турушубуз керек. Шоу-бизнесте болчу көрө албастык, атаандаштык, бут тосуу сыяктуу жаман сапаттар биздин арабызда жок.
– Жатаканада чогуу турасыңарбы?
– Султан квартирада турат. Калганыбыз чогуу турабыз.
– Чогуу башыңардан өткөргөн жатакананын кызыктуу окуяларынан айтып бербейсиңби?
– Бир күнү төртөөбүздө тең сокур тыйын жок ачка калдык. Түн кирди. Курсак ач болсо кайдагы уйку? Түнкү саат төрткө чейин сүйлө­шүп жаттык. Акыры чыдабай туруп алып шкафтарды аңтарып кирдик. Колго илинээрлик эч нерсе жок. Бир маалда балкондон таштай болуп катып калган нандарды таап чыктык. Тээ качантан берки желбей калган нандардын калдыктары экен. Ага банкадагы приправаны аралаштырдык да, сууга кайнатып "шорпо" жасадык. Анан сүткө тойгон күчүктөй болуп уйкуга кеттик. Эми мындай күндөр жатаканада көп эле болгон. Эсимде калганы ушул болду.
– Популярдуу адамга жатаканада жашаган ыңгайсыз эмес бекен?
– Ыңгайсыз жери, кенен даярдана албайсың. Кээде гана бөлмөдө эч ким жок кезде магнитофонду катуу коюп бийлеп, ырдайм. Бирок, көбүнчө бири кирип, бири чыгып жатып тоскоол болушат. Анан да баарынын көңүл борборунда болуп калат экенсиң. Кокусунан эшиктен кирип баратып бирөөнү байкабай өтүп кетсең эле болду. "Жылдыз болуп калган го?!", "Биздин жылдыз кишини теңине албай калыптыр" деген сөздөргө кабыласың. Ошондуктан, жакында квартирага чыгып, өзүмчө жашоону пландаштырып жатам.
– Бир эле ырды жаздырууга оңой эмес акча кетээринен кабарыбыз бар. Сен студент болсоң, ыр жаздырыш жеңилге турбаса керек?
– Мен алгач Айбек Карымовдун, анан Динара Акулованын тобунда иштедим. Эми иштегенде кандай, аппарат ташып эле жүрчүбүз. Чыгармачылык менен иштешүү оңой эмес экенин ошондо эле өз алдымча сезип жүрчүмүн. "Аккордеон менен ырдап бер" деп тойго чакырып калгандар болчу. Андан канча тапсам чогултуп, ошол акчага биринчи ырым "Таластык кызды" жаздыргам. Азыр болсо финансы жагынан эжемдер колдоо көрсөтөт.
– Айбекте же Динарада жүр­гөндө эле чоң сахнага чыгуу жөнүндө ойлонгон жок белең?
– Алар деле "сени ырдатам" деп көп эле убада беришкен. Бирок, эмнегедир ошол кезде өзүм деле аракет кылбаптырмын.
– Чыгармачылыктын түйшү­гүн башыңдан өткөрүп жатасыңбы?
– Бул иштин оор түйшүгүнө чыдабай "болду, ырдабайм" деп чыккан күндөрүм болгон. "Таластык кызды" жаздырып, сүйүнүп радиого алпарсам "жакшы эмес экен" деп албай коюп жатышпайбы. Ошол убакта финансы аябай тартыш болуп, өзүм да кыйналып турган учур эле. Бөлмөмө жетип эле "ырчы болбой эле койдум" деп дискти ыргыттым да, керебетиме көмкөрөмөн куладым. Ойлонуп, ыйлап, эки күн турбай жаттым. Үчүнчү күнү өзүмдү-өзүм сооротуп турдум да, ыргыткан дискимди кайра алып, башка радиого бардым. Көрсө, мени көрө албаган бирөө биринчи барган радиодогуларга "Мирбек келсе ырын албагыла" деп мени жамандап коюптур.
– Ата-энең сени телевизордон көргөндө кандай сезимде калышат экен?
– "Хит-параддан" биринчи жолу көрүш­көндө апам сүйүнгөнү­нөн ыйлап жибериптир. Ошол сыяктуу атам, бир туугандарым да сүйүнү­шөт экен.
– Сүйгөн кызың барбы?
– Мен кээ бирлерчилеп кыз жандап жүрүүгө анча деле кызыкпайм. Убагында элден калбайын деп мен деле кыз менен жүргөм. Азыр аны "тоок сүйүү" болгон экен деп ойлоп коём.
– Белгилүү болгондон бери күйөрман кыздарыңдын айынан көчөдө кенен баса албай калгандырсың?
– Ошондой болот экен. Маршруткага да ойлонуп түшө турган болуп калдым. Жакында маршруткада кетип баратсам топ кыздар чыгып калды. Мени көрүп түз эле жаныма келип ороп калышты. Ар кимиси ар тарабымдан суроолорду берип киришти эле, эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Ушунчалык ыңгайсыз абалда калып, бараар жериме жетпей эле түшүп кеттим.
– Күйөрман кыздарыңа кандай мамиле кыласың?
– Автограф бер десе берип, сүрөткө түш десе түшүп коём. Андан менин эч нерсем кемибейт. Бир жолу эртең мененки саат тогуздарда уктап жатсам бирөө эшикти такылдатып: "Сени эшикте эки кыз чакырып жатат. Сүрөткө түшөт элек дейт" деп калды. Менин уйкум ушунчалык келип жаткандыктан, "Уктап жатыптыр деп айтып койчу" деп чыкпай койдум. Ошентип, түштө, саат бирлерде туруп, шашпай жуунуп-таранып сыртка чыксам, вахтада эки кыз күтүп отурат. "Силер эртеден бери күтүп отурасыңарбы?" десем, "Ооба" дешет. Өзүм аябай ыңгайсыз абалда калдым.

Маектешкен Азиза Сатимбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: