Болот Тентимишев: КИНОГО ТАРТЫЛУУ ҮЧҮН ОН КҮНДӨ ОН КИЛОГРАММ АРЫКТАДЫМ

– Болот, актёрлукка бала кезиңизден умтулуп жүрүп келдиңиз беле же күтүүсүздөн келип калдыңызбы?
– Албетте, актёр болууну кичине кезимден тартып самап келгем. Мектептеги өздүк көркөм чыгармачылык кечелерге үзбөй катышып турчумун. Ошентип жүрүп сахнага жүрөгүм берилип калгангабы, айтор, актёрлук кесипти аркалагым келди. Мектепти бүткөн соң, 1988-жылы Ленинграддагы театралдык институтка тапшырып өтүп кеттим. Ошондон кийин актёрлук түйшүктүн чыйырына түшүп, сахнадан өз ордумду таптым десем болот.
– Актёр болушуңузга ата-энеңиз каршы чыккан жокпу?
– Жок, каршы болушпады. Анткени, ата-энем актёрлукка шыктуулугумду бала кезимден эле байкашып, мага ар тараптан колдоо көрсөтүп келишкен. Ленинградга окууга тапшыраарда ак баталарын берип жөнөтүш­көн. Алардын мага кылган эмгегин актоону парзым деп эсептейм.
– Балалык күндөрдү эстегеңизде алгач көз алдыңызга эмнелер тартылат?
– Чоң энемдин куюлуштуруп жомок айтканы, менин кулак төшөп жанында отурганым элестейт. Чоң энем кошокчу, жомокчу, кыскасы, көркөм сөздүн устаты эле. Кантсе да эски кишилер да. Жомок айтканда тимеле төгүлчү. Жамактатып, көркөмдөп бир башкача ыр түрүндө айтчу эле. Азыр эстесем, ошолорду кулагыма куюп калбаганыма өкүнөм. Маанисин бузбай айтып бергеним менен ал кишиникиндей уккулуктуу кылып айтуу кайда. Тилекке каршы, чоң энем бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен. Менин сахна адамы болуп калганыма, сөзмөрлүгүмө, түздөн-түз болбосо дагы кыйыр түрүндө чоң энемдин таасири тийди десем жаңылышпайм. Кээде так ошол балалыктын жылт эткен күндөрүндөгү көрү­нүш­төр­дү сатира кылып сахнага алып чыккан учурларым болот.
– Окууну аяктаган соң, эмгек жолуңузду каяктан баштадыңыз?
– Окууну Ленинграддан баштаганым менен ортодо аскерге барып, кызматымды өтөп келдим. Ошентип, окуумду Бишкектен улантууга туура келип калды. Андан соң легендарлуу Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драмалык театрга 1993-жылы кирип, 1997-жылга чейин иштедим. Бул театрда иштөө мен үчүн актёрлуктун чоң мектебинен сабак алуу болду. Ал жерден мен деген режиссёр, актёрлор менен иштешип, тажрыйба топтодум. Анан 1997-жылы "Тунгуч" театрына которулуп келдим.
– "Тунгучтагы" аткарган ролдоруңузга канааттанасызбы?
– Кудайга шүгүр, канааттанбайм дегеним болбос. Айта кетсем, Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде Нурлан Абдыкадыров "Ак бешиктин тилеги" деп жазган чыгармадагы каарман Орозкулдун ролун айтсам болот. Көп эмгектенүүмдүн аркасында ошол спектакль менен фестивалга катышып, байгелүү орунга илингенбиз. Албетте, мен ушул жана башка жетишкендиктер менен эле чектелип калгым келбейт. Анткени, чыгармачыл адам өзүнө канааттанган күнү чыгармачылык жолу бүтүп калышы мүмкүн. Андыктан, ар дайым изденүүнүн, жаңылануунун үстүндө жүрүш керек деп ойлойм.
– Акыркы убактарда кино жаатына да ыктап жүрбөйсүзбү, баш-аягы канча фильмге тартылдыңыз?
– Кино тасмадагы эң чоң ролум жакында тартылып, элге тартууланган "Аталардын керээзиндеги" Айдардын образы болду. Бул киного чейин кыска метраждуу эки кино тасмага түшкөм. Негизи, кино жаатына кайрылсам, "Аталардын керээзинен" бир топ тажрыйба топтоп, актёрлук деңгээлимди жогорулатууга мүмкүнчүлүк ала алдым.
– Бул фильмге кандайча тартылып калдыңыз?
– Негизи, Кыргызстанда чоң фильм тартылаарда бардык жаш актёрлор катышууга жан үрөп чуркайбыз. Бул жолу деле ошондой болду. Кино сынакка көптөгөн актёрлор катышып, иргелдик. Акырында биринчи турга мен да илинип, Кудай жалгап андан өтүп кеттим.
– Сынактан өтүүдө кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болдубу?
– Кыйынчылыктарга көп дуушар болдум деп деле айталбайм. Акыркы фотосынак болоордо "Тунгуч" театры менен бирге Ошто гастролдоп жүргөнбүз. Ошол мезгилде фильмдин режиссёру Нурбек Эген телефон чалып, чакырып калды. Анын өтүнүчү менен Оштон эртең мененки саат 9да Бишкекке самолёт менен учуп, 10до фотосынакка катышып, акыркы турга кабыл алынганымды билдим. Анан окуп чыгуу үчүн фильмдин сценарийин алып, кайра Ошко учуп кеттим. Кечинде болсо күндөгүдөй концертке катышып калдым.
Башкы каармандын ролу тийгенде фильм тартуучулардан "бир аз арыкташың керек" деген талап болду. Ошол талапты аткарыш үчүн он күн ичинде он килограмм арыктоого туура келди. Себеби, ал кезде мындан толугураак болчумун. Күндө таң атпай спорттук аянтчага келип чуркайм, тамакты ылгап жейм. Негизгиси, арыкташ үчүн тамакты тартыш керек экен. Ага да көндүм. Ошондой эле кыска мөөнөттө сценарий боюнча мен сүйлөй турган французча сөздөрдү өздөштү­рүү да оңойго турган жок. Француз тили боюнча түшүнүгүм жок болгондуктан, аны үйрөнүү мен үчүн чымчыктын тилин үйрөнгөндөй болду. Наташа да "Жинди, келесоо, кой, жылкы" деп кыргызча сүйлөп тартылган жери бар. Ошол съёмка тартылып бүткөндөн кийин Наташа мага: "Болот, сени эми түшүнүп атам. Биздин тилди жаттап роль аткарганыңа баа бердим. Тилдин кыйынчылыгын жакшы түшүн­дүм" деген сөздө­рүн айтып, ыраазы болгон.
– Фильмдин башынан аягына чейин французча өзүңүз сүйлөдү­ңүзбү?
– Ачыгын айтканда, кинонун аяк жагында француз жигит дубляж кылды. Бирок, ага чейинкисин жаттаганым боюнча өзүм сүйлөп аттым. Бул жагы келишимде каралган болчу. Съёмка учурунда көп деле түшүнбөстүктөр болгон жок. Себеби, дайыма котормочу жүрдү.
– Фильмдеги өнөктөшүңүз менен кантип тил табыштыңыз?
– Тилекке каршы, фильмдеги өнөгүм Наташа Ренье менен эки жарым ай бирге киного тартылып жүрсөк да, кенен-чонон олтуруп сүйлөшө алган жокмун. Бул бир жагынан француз тилин толук билбегендигимден болсо, экинчи жагы анын да, менин да жумуштарыбыздын көп болгонунда болду.
– Азыр Наташа Ренье менен байланышып турасызбы?
– Жок. Себеби, ал Европанын көп өлкөлө­рүндө киного тартылып, бош убактысы ченелүү экен. Байланышууга деле мүм­күн­чү­лүктөр жок. Анын актёрлук чеберчилигине баа бердим. Ал жөнүндө айтып берүүгө чындыгында сөз жетпейт.
– Аталган фильмде Изабелдин ролундагы Наташа менен "ачык тартылган" жерлериңиздер бар экен. Бул биздин менталитетке туура келеби жана муну келинчегиңиз кандай кабыл алды?
– Эми ал "ачык тартылган" жерлерди жумуш деп түшүнүш керек. Киного тартылууда актёр сценарийдеги талаптарды аткаруусу керек. Мисалы, жылаңачтануу – трюк сыяктуу. Ал эми келинчегим чыгармачылыкты туура түшүнө билген актриса, ырчы Сайра Эсенбаева. Ал экөөбүздү театр жолугуштуруп, театр баш коштурган. Сайра Москвадагы театралдык институтту бүтүп келген. Ал мени менен кошо "Тунгучта" эмгектенет.
– Киного тартылууда Францияга канча күнгө барып келдиңиз?
– Он күндөй жүрдүм. Киного тартылган жерлерден башка жерлерди көрө албадым. Себеби, шаарды кыдырып эс алганга мүм­күнчүлүктөр болгон жок.
– Сыр болбосо фильмден канча гонорарга ээ болдуңуз?
– Эгер уруксат берсеңиз, мен ал жөнүндө ачык айтпай эле койсом. Тээ бала кезде окууга аттанып атканымда эжем: "Болот, актёр болсоң жаман болбойсуң. Жакшы окуп,­ мыкты актёр болсоң, жакшы киного тартыласың. Анан гонорарың эле сени багыт коёт" деген насааттарын айткан. Мына ошол эжемдин сөзү туура келип, талыкпаган эмгегимдин үзүрүн аз да болсо эми көрүп жатам десем жаңылышпайм.
– Съёмка учурундагы кызыктуу окуялардан айта кетпейсизби?
– Фильмде кичинекей Нурсултан Изабелди сүйүп калып, дайым гүл терип келип берип турат. Кыскасы, Нурсултандын образында жашы жетелек кичине баланын сүйүүсү чагылдырылат. Съёмка жүрүп жаткан болчу. Нурсултандын чай ичкен стол­дун алдына жөрмөлөп келип Изабелге гүл сунган жери бар. Съёмка башталганда режиссёр Нурсултанга "Нурсултан, бок, бок посмотри" десе, ал айланасын элеңдеп карай берди. Кадр болсо өтүп жатат. Кайра түрдү­рүүгө да болбойт. Алар өтө кымбат экен. Аргасыз ага мейли дешти. Съёмка тартылып бүт­көндөн кийин бала: "Бок, бок эле дейсиңер жанымда бок жок экен го" дейт. Көрсө, Эген Нурсултандын орусча тү­шүн­бөгө­нүн унутуп калып, орусча сүйлөй бериптир.
– "Тунгучта" жүргөн­дүгүңүз менен кино чыккандан кийинки популярдуулугуңуздун айырмасы өзүңүзгө билиндиби?
– Билинди деп ишенимдүү айта алам. Мисалы, фильм прокатка чыккандан кийин фильм тууралуу рекламалык роликтер, көрнөк­төр илинип, массалык реклама жүргү­зүлдү. Кино тасмадан жүзүм элге кеңири тарады. Ушундан кийин мен өзүмө Болот Тентимишев деген ысымды алдым дей алам. Ал эми фильм чыга электе эл мени куудул, тамашакөй жигит катары "Боха" деп таанышчу.
– Башка ки­но тасмаларга тартылууга чакырыктар болуп атабы?
– Буюрса, болуп жатат. Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" аттуу фильмине эпизоддо тартылуу алдында турам.
– Театр режиссёрлугуна ооп жатыптыр деп уктук?..
– Туура, режиссёрлукка ык тартканымдын себеби, былтыркы 24-марттагы окуя болду. Спектакль "Мен, революция – менин сүйүүм" деп аталат. Жамал Сейдакматова эженин айтуусу боюнча болгон окуяны чагылдырып, өзүм сценарий жазып, өзүм аткарып, өзүм режиссёрлук кылдым. Менин бул эмгегимдин кандай чыкканын көрүүчү­лөр өздөрү таразалаар.
– Алдыда дагы кандай пландар сизди күтүүдө?
– "Тунгучка" келгенимде театр менен Көл өрөөнүндө гастролдо болуп, алгач эл оозуна алынган элем. Ошондон улам ал тарап мага жакшылыктын башаты катары сезилип калган эле. Ушул себептен келинчегим Сайра экөөбүз чыгармачылык кечебизди да жакында эле көл өрөөнүнө өткөрүп келдик. Ошол чыгармачылык кечебиз Бишкекте июнда "Болот менен Сайранын тамаша сандыгы" деген ат менен өткөнү турат. Андыктан, концертке кызуу даярданып, буга чейинки чыгармаларыбызды топтоп, "отчёттук" концерт катары элге тартуулайлы деп турабыз. Негизи, быйыл мени "1" деген сан жакшы жагынан ээрчип жүрөт. Айта кетсем, 1-жолу фильмдеги башкы каармандын ролун аткарып, 1-жолу режиссёрлук кылып, 1-жолу чыгармачылык кечемди өткөрүп, кызым Карина 1-классты бүткөнү турат.
– Кызыктуу маек куруп бергениңизге рахмат.

Маектешкен Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан