Ильяз Абдразаков: «АРМАНЫМДЫ» УГУП КӨЗДӨРҮНӨН ЖАШ КУЮЛТУП ЫЙЛАГАН КЫЗДАРДЫ КӨРӨМ»

– Ильяз, сен музыка чөйрө­сүнө өтө эле эрте аралашкан экенсиң. Бул кандайча болду эле?
– Мен чын эле музыка чөй­рөсүнө эрте аралашкам. Тагыраак айтканда, 2-класста окуп жүргөн кезимде музыка эмне экенин түшүнө баштагам. Бул мындайча болгон: Бир күнү апам эмнеге алып келгенин билбейм, мектептин «Ямахасын» көтөрүп келип калды. Анткени, апам ал кезде мектепте балдарга музыкадан сабак берчү. «Ямаханы» көргөндө эле чап жармаштым. Тияк-биягын чукулап отуруп, ошол кездерде хит болуп жаткан «Ананайын» деген ырдын кайрыктарын үйрөнүп алдым. Тамакка чакырышса да келбей, кыскасы, ошол күнү кечке «Ямаха» менен алек болдум. Көшөрүп отуруп «Ананайынды» толугу менен ойногонго жетишип калдым. Эртеси апам «кой, муну алпарып салбасам болбойт экен» деп алып кетип калды. Ошол күндөн баштап мен «Ямаха» менен ооруй баштадым. Айылдын музыканттарына барып алып: «Мен «Ямаха» ойногонду үйрөнүп жаттым эле, көрүп коёсузбу?» деп ойноп бере бер­чүмүн. Алгач көргөндө алар «кенедей болуп алып минтип ойногонду кайдан үйрөндүң?» деп таң калышчу. Анан мендеги музыкага болгон талантты байкашкан соң, өздөрүнө тарта башташты. Мен дагы айылда кимдин «Ямахасы» болсо ошону айланчыктап кетпейм. Ошентип жүрүп бир топ ырды үйрөнүп алдым. Анан баягы байкелер мени тойлорго алып бара башташты. «Ямахага» боюм жетпейт, байкелер көтөрүп отургучка отургузуп коюшат. Кичинекей болуп алып музыка ойноп жатсам, тойдогулардын баары таң калып мени карашчу. Менин музыка чөйрө­сүнө кеткен чыйыр жолум дал ошол мектептин эски «Ямахасынан» башталган.
– Сенин бул кылыгыңа ата-энеңдин мамилеси кандай эле?
– Апам жогоруда айтып кеткендей, музыка мугалими. Атам да музыкадан кенен түшүнүгү бар киши. Өзү обон жазып, гитараны катыра чертет. Ошондуктан, ата-энем «уулубуз бизди тартып музыкант болот экен» деп мени менен сыймыктанышчу. Бирок, окуума катуу көзөмөл кылышчу. Алардын көзөмөлү менен 6-классты бүткүчө жалаң «5» менен окуп жүрүп, андан кийин начарлап кеттим.
– Музыкага катуу берилип кеткенсиң го?
– Ошенттим. Ошол жылы айылга Абдумалик Шерматов тобу менен концерт коюп барып калды. Клубка барып, биринчи эле Мирлан Ниязов менен тааныштым. Анда Мирлан байке ошол топто иштечү экен. Мирлан байкеден баягы адатымча «Ямаха» ойноп берейин» деп сурандым. Мирлан байке мени музыка ойнотуп, Абдумалик байкеге көрсөттү эле, ага жагып калдым окшойт, дароо эле «биз менен кетесиңби?» деди. Менин көктөн издегеним жерден табылгандай эле болду. Эч токтолбостон макул болдум. Бирок, ата-энемдин макулдугун алуу чоң маселе эле. Ошол күнү кечинде Абдумалик байкелер биздин үйдө конок болушту. Анан ата-энемди макулдатып, мен топ менен кошо гастролго кетип калдым.
– «Кыз-Бурак» тобу менен да жүрсөң керек эле?
– Абдумалик Шерматов менен бир жылдай жүрдүм. Кийин андагы балдар өз-өзүбүзчө кетип калдык. Бир күнү Мирлан байкеге жолуксам, ал Абдумаликтен чыгып, «Кыз-Буракка» киргенине бир ай болгонун айтты. «Мени да «Кыз-Буракка» киргизиңиз» десем, өзү менен кошо алып кетти. Ошентип, «Кыз-Бурак» менен иштей баштадым. Иштегенде албетте, адегенде эле ырдай баштаган жокмун. Аппаратураларды ташып, коюп жүрчүмүн. Бара-бара «Кыз-Бурактын» ырларынын аранжировкаларын жасаганга колдон келишинче аракет кыла баштадым. Мен жасаган аранжировкаларды чоң студияларга алпарышып, кайра иштеттирип чыгышчу.
– «Кыз-Буракта» кыздардын арасында иштеш сен үчүн кыйын болгон жокпу?
– Кыздар эле эмес, ал жакта балдар деле көп. Мен «Кыз-Буракта» иштегениме эч өкүнбөйм. Төрт жылдын ичинде ал жактан көп нерсени үйрөндүм. Музыкадан кенен түшүнүк алганга да, жеке адам катары калыптануума да Гүлшайыр эже, Кенже эжелердин чоң таасирлери тийди.
– Бул убактарда окууңду да өксүтпөй ала кеткенге жетиштиңби?
– Музыканын кызыгына кирип алгандан кийин 6-класстан баштап окууга көңүлүм чаппай койду. Ошентсе да бирде барып, бирде барбай жүрүп 9-класска чейин окудум да, андан кийин мектепти биротоло эле таштап койдум. Мен үчүн ал кезде музыкадан өткөн кызык нерсе жоктой сезилчү. Мектепти таштап койгонум үчүн ата-энем алгач жемелеп жүрүштү. Кийин алар да: «Балам, аман болсоң болду» деп калышты.
– Бишкекке келгениңе эмне түрткү болду?
– Дагы да болсо Мирлан байке себепкер болду. Ал ишин улантуу үчүн борборго келгенде анын артынан мен да келе бергем. Бишкекке келип, жөн эле эмне кылаарымды билбей жүргөн күндөрүм болду, кафелерде иштедим. Эми минтип өзүмдүн жолумду таптым окшойт.
– Азыркы хитке айланып жаткан ырлардын көпчү­лү­гү­нүн аранжировкасы сага таандык экен. Өзүңө аранжировщик катары кандай баа бересиң?
– Мен өзүмдү аранжировщикмин деп оозумду толтуруп айта албайм. Аранжировка жасоо – бул менин жөн гана хоббим. Өмүр бою музыканын артынан кетейин деген да оюм жок.
– Аранжировканы ырларды тандап жасайсыңбы?
– Тандабайм. Ким кандай ыр алып келсе өзү айткандай кылып жасап берип коё берем. Бирок, көңүлүмө жакпаган ыр болсо, айла жок эле ырчынын көңүлүн калтырбайын деп жасап коём. Эгер ыр жакшы болсо, бүт көңүлүмдү коюп, берилүү менен жасайм. Ушул убакка чейин «сенин ырыңа аранжировка жасабайм» деп бир дагы ырчыдан баш тарта элекмин.
– Сенин жасаган аранжировкаларың ырдын ээсине жакпай калып, албай койгон убактар болгонбу?
– Жок. Андай боло элек. Ырчы алгач ырын алып келгенде «бул жерин мындай кыл, кайырмасы эки жолу кайталанышы керек» деп болжолдуу вариантын айтып кетет. Анын айтканына өзүмдүн фантазиямды кошуп жасап коём. Эртеси келип алып кете берет.
– Бир ырды аранжировкалап канча убакытта даяр кыласың?
– Негизи, мага бир күн убакыт кенен жетет. Бирок, кээ бир ырчылар «эртең концертке ырдап чыгышым керек, шашылыш жазып бер» деп келип алышат. Аларды түнү менен уктабай жазганга туура келет. Ушундай шашылышта жарым саатта бүтүргөн ырларым да бар.
– Эгер сыр болбосо бир аранжировка үчүн ырдын ээсинен канча сурайсың?
– Азыркы ырчылардын көпчү­лүгү досторум. Аларга аранжировкаларымды жөн эле белек кылып койгон убактар болот. Көпчүлүк учурда бир аранжировканы эки миң сомго жасайм.
– Ильяз, сенин аткарууңдагы «Арманым» аттуу ыр азыр көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган учуру. Бул ыр кандайча жаралып калды эле?
– Бир күнү жакшы бир обон жаздым. Анан ал обонума шайкеш келе турган сөз издеп такыр ылайыктуу сөз таба албай койдум. Бир күнү кокусунан ырдын автору Руслан байкеге жолугуп калып, обонумду берсем, ага сөз жазып келиптир. Окусам, сөз менен обон бири-бирине куп жарашчудай. Көктөн издегеним жерден табылгандай сүйүнүп, «Арманым» деп аталган бул ырды төрт сааттын ичинде аранжировкалап даяр кылып, ырдап чыга баштадым. «Арманым» так жүрөк­кө тийе турган ыр. Сахнада муну ырдап жатканымда да залда отурган кыздардын арасынан көздө­рүнөн жаш куюлтуп ыйлап жаткандарын көрөм. Ырдагыдай болуп сүйүү­лөрү жоопсуз калган кыздар көп окшойт.
– Балким, алар ырыңа эмес эле өзүңдү сүйүп ыйлап жатышкандыр?
– Өзүмдү сүйүшсө ыйлабай эле мага келип «мен сени сүйөм» деп айтышмак да.
– Күйөрмандарыңдын арасынан ошентип айткандар барбы?
– Бар. Чектен чыгып кеткендери да бар. Бир кыз көптөн бери «Ильяз, мен сенсиз жашай албайм» деп тынымсыз телефон чалып тынчымды алып жатат. Анысы аз келгенсип, үйгө чалып алып чогуу жашаган досторума мени сүйөөрүн айтып ыйлайт экен.
– Негизи, сүйгөн кызың барбы?
– Жок. Мен өзү кичинекей кезимен бери эле кыздар менен тил табыша албайм. Мектепте окуп жүргөндө да кыздардын чачтарынан тартып, ыйлатканды жакшы көрчүмүн. Азыр албетте, антпейм деңизчи, бирок, баары бир кыздарга жакындыгым жок. Мен азыр жашмын. Баары алдыда деп ойлойм. Кыздар менен мамиле түзгөнгө да жетишээрбиз.
– Жакын досторуң кимдер?
– Менин досторум өтө эле көп. Алар менен башынан бир сындырым нанды бөлүшүп жеп көнгөн­бүз. Ырчылардын арасынан Мирбек Атабеков экөөбүз жакынбыз. Аны менен таанышкан күнүм эсимден кетпейт. Мен ал кезде Оштон жаңы келип, кафеде иштечүмүн. Бир күнү ырдап жатсам бир бала келип, өзүнчө эле аппаратураларга ээлик кылып, «сен ырдай албайт экенсиң, кач, бүгүндөн баштап бул жерде мен ырдайм» деп ырдап калды. Мен да өзүмдүкүн бербей, экөөбүз тиреше кеттик. Анан кафенин администрациясына айтсам, Мирбекти кетирип жиберип, мени алып калышты. Кийин башка кафеге которулуп, ал жакта ырдап жатсам, дисктерин көтө­рүп алып дагы Мирбек кирип келсе болобу. Ичимден «баягы дагы келди» деп жаман көрүп турсам, мага келип: «Сен жакшы ырдап калыпсың» деп сүйлөп калды. Анан экөөбүз таанышып, ошол жерде чогуу иштеп калдык. Иштеп эле эмес, бир квартирада чогуу жашап да калдык. Көрсө, Мирбек өтө жакшы бала экен. Мага өзгөчө аракетчилдиги жагат. Жолдо баратып эле бир обон чыгара салат да, соткасынын диктофонуна жазып коёт.
– Силер өз алдыңарча топ да түздүңөр эле. Эмнегедир ал тобуңардын аты элге кенен тарай электе эле бөлүнүп кеттиңер.
– Ооба, биз – Мирбек, мен, Азиз Жетигенов үчөөбүз «Санат» деп аталган топ түзгөнбүз. Бирок, эптей албадык окшойт. Топко атайын бир адам баш-көз болуш керек экен. Топтун бир кемчилигин жапсак, бир кемчилиги чыга берип акыры тажап кеттик да, жалгыз-жалгыздан чыгып көрүүнү чечтик.
– Сахналаш досторуңдун баары эле концерттерин берди окшойт. Сен жеке концертиңди качан бересиң?
– Буюрса, продюсерим Мырза Айдаралиев экөөбүз концертти күзгө пландаштырып жатабыз. Азыр ырлар биринин артынан бири жазылып, даярдык көрүлүүдө.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан