РЕВМАТОИДДҮҮ ПОЛИАРТРИТ – МУУНДАРДЫ АЛМАШТЫРУУГА ЧЕЙИН ЖЕТКИЗҮҮЧҮ ООРУ

Муундарды гана жабыркатпастан, жашоого эң керектүү ички органдарга да зыянын тийгизген оорунун түрү бар. Ал – ревматоиддүү полиартрит оорусу. Бул оорунун эмнеден келип чыгары, кандай учурда муундар жасалма муундарга алмаштырыла тургандыгы жана башкалар тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун муундар бөлүмүнүн дарыгери Калчаев Бакыт баяндайт.

Оору жүрөктү, муундарды жана башка органдарды жабыркатат

Алгач терминдер боюнча түшүнүк бере кетели.
Артрит – муундардын сезгениши.
Полиартрит – көп муундардын сезгениши.Ревматизм – жүрөк-кан тамырларын жана муундарды жабырката турган оору. Көбүнчө ангинадан кийин жана стрептококк бактериясы козгоочу оорулардан (мисалы, алкым безинин оорусу тонзиллит, сепсис) келип чыгат.
Демек, ревматоиддүү полиартрит – көп муундардын сезгениши. Бул кайталанып кармоочу оору түрүнө кирет. Негизги келип чыгуу себеби азыркы күнгө чейин белгисиз. Илимпоздордун көз карашына таянсак, оору козгогучтар организмге тарап, (мисалы, ангинадан, тонзиллиттен, сепсистен кийин) көбүнчө жүрөктү, кан-тамырларды бөйрөктү жана муундарды жабыркатат.

Оору белгилери

Бул оорунун башталыш белгилерин билүү ооруну күчөтпөй, алдын алууга жеткирет.

муундардын шишип чыгышы;
оорутуу; (көбүнчө аба-ырайынын өзгөрүшүнө жараша болот)
муундардын кыймылын жогото башташы;
эртең менен кыймылдоодо кыйынчылыктын жаралышы;

Оору тереңдеп кетсе, сезгенген муундар менен катар жайгашкан булчуңдардын көлөмү кичирейет. Муундардын формасы өзгөрүп, кыймыл-аракеттин чектелишине алып келет.
Манжа муундары кыйшайып, ашташкан жерлеринде шишиктер байкалат.

Диагноз жана дарылоо

Оору белгилери билинер замат оорулуу өзү жашаган жердеги бейтапканага кайрылып, терапевтке текшерилүүсү зарыл. Диагноз үчүн анализдерди тапшыруу, муундарды рентгенге тартуу керектелет. Эгер оору жаңы башталып, тереңдей элек болсо, анда дарыланып, ооруну өнүктүрбөй калууга болот. Ал үчүн дары-дармек менен дарылоо жүргүзүлөт (терапия). Дарылангандан соң оорулуу каттоого алынып, убак-убагы менен дарыгерге көрүнүп турат.

Муундар кандай учурда алмаштырылат?

Эгер муунда ири бузулуулардын бар экендиги байкалып, операция талап кылынса, анда оорулуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун муун оорулар бөлүмүнө консультацияга жөнөтүлөт. Айта кетүүчү нерсе, Республикабызда мындай бөлүм бирөө гана.
Оорулуу мында операцияга даярдалат. Кайсы муун жашоого ыңгайсыздык жаратса, ошол муун жасалма муунга (эндопротез) алмаштырылат. Операция 18 жаштан өйдөлөргө гана жасалат. Анткени ага чейин организм өсүп, калыптанып бүтө элек болгондуктан, операция жасалбайт. Көбүнчө чоң муундар :

• жамбаш муундары; (жамбаш менен кашка жиликтин ашташкан жери)
• тизе муундары;
• ийин муундары;
• иыканак муундары алмаштырылат. Анткени булар жашоо үчүн эң керек муундар болуп эсептелип, булар кыймылдабаса, майыптык келип чыгат.

Эгер оорулуунун эки же андан ашык муунун алмаштыруу керек болсо, анда операция этап менен жасалат.
Айта кетүүчү нерсе, эгер операция убагында жасалбаса, муундардагы сезгенүү күчөп, сөөктөр өсүп, бир бүтүн болуп биригип калат да, ал муундар таптакыр кыймылдабай калат. Муунду алмаштыруучу операцияга орточо эсеп менен 1 саат керектелет. 2-3 суткада оорулуу туруп баса баштайт, 10 чакты күндөн соң оорулуу үйүнө чыгарылат. Убак-убагы менен келип, операция жасаган ортопед-дарыгерге текшерилип кетип турат. Операциядан кийин калыбына келтирүүчү борборго да жиберилет.

Жасалма муундар тууралуу

Жасалма муундар чет өлкөлөрдөн алынып келинет. Кыргызстанга көбүнчө Германия, Англия, Америка, Италия, Орусиядан келет. Эндопротез бөлүкчөлөрү никелит-титан, керамика, полиэтиленден жана башка материалдардан жасалат. Адамдардын көлөмүнө жараша муундарынын да өлчөмү болот. Андыктан муундар да түркүн өлчөмдө келет.

Кыргызстанда жасалган уникалдуу операциялардан

  • 37 жаштардагы эркек муун оорусунун айынан 8 жыл бою баспай калган. Ага операция жасалып, 4 чоң мууну 2 жамбаш жана 2 тизе мууну алмаштырылган. Башкача айтканда, 4 жолку операциядан соң өзү басууга жарап калган.
  • Жашы элүүгө таяп калган аял 18 жыл бою баспай калган. Эки тизесиндеги муундар жасалма муундарга алмаштырылган соң учурда өзү басып жүрөт.

  • Эндопротездин тарыхы 1890-жылга барып такалат. Германияда жамбаш муунду пилдин сөөгүнөн жасалган муунга алмаштырышкан.
  • 1893-жылы америкалык хирург болоттон жасалма муун жасаган.
  • Учурда 1000 адамдын биринин жамбаш мууну жасалма муун менен алмаштырылат.
  • Кыргызстанда да муунду алмаштыруу боюнча уникалдуу операциялар жасалып келет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
REDIAL
2011-10-20 16:50:59
ой жаман мен ревматизим болуп ооруйм кийинки убак журогумда ооруп журот!
0
shadi
2014-02-13 05:11:03
Бул ооруу эн жаман оорулардын бири мунун даарысы бар а бирок ал аябагандай кымбат турат,мен озум ооруп аябай кыйналдым бардык даарыларды ичтим бирок эч бир пайда болгон жок,анан мен башка мамлекеттен даарыландым ,эмнеге дегенде кыргызстанда бул даары сатылбаганынан аргасыздан башка олкодо дарыланганга туура келди. Даарынын аталышы (Актемра) азыр жон эле чуркап журом ,бирок ар дайым алып туруш керек,кимде ким ооруса анда мен баарынарга кенеш берет элем ушу дарыны алышынарды
0
№ 358, 11-17-сентябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан