Эл ар дайым элдин атын чыгарган эренин, калкка кадыры өткөн көсөмүн, кайталангыс өнөрлүү инсандарын жүрөгүнүн түпкүрүндө сактап, канча жыл өтсө да жадынан чыгарбай келет. Ошондой эл жүрөгүнөн орун тапкан өнөрлүү инсандардын бири – актриса Сабира Күмүшалиева. Кыргыз театр жана кино искусствосуна эбегейсиз эмгек сиңирген Сабира Күмүшалиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын Эл баатыры жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси. Анда эмесе, Сабира апанын чыгармачылык жолу, кайталангыс таланты, аялдык, актрисалык тагдыры окурмандын назарында...
АЛЫСКА КЕТКЕН ЧЫЙЫР ЖОЛ
Касиеттүү Чүй боорунда жайгашкан Төкөлдөш айылы атагы алыска кеткен көптөгөн чыгаан инсандардын кичи мекени. Төкөлдөштүн төрт таланттуу кызынын бири Сабира апанын балалыгы да ушул айылда өттү. Атактуу инсандардын тагдыр жолуна, чыгармачылык жолуна кандайдыр бир деңгээлде балалыгы таасир берет эмеспи. Сабира апанын балалыгы төңкөрүштөн кийинки мезгилге туш келген. 1916-жылы май айларында жарык дүйнөгө келген наристе ата-энесинин көптөн күткөн кубанычы эле. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, болочок актрисанын ата теги хан тукумунан болгон экен. Бир үйдүн көзгө басаар жалгыз кызы болгондуктан, Сабира эрке өсөт. «Чоң атамы ээрчип конокторго барганды жакшы көрчүмүн» деп эскерет Сабира апа. «Атам табышмак, жомок, жаңылмач айтканга уста жан болчу. Төкөлдөштүн төрт кызынын бири Бакен Кыдыкееванын атасы менин мугалимим болгон. Мектепте аябай жигердүү кыздардын бири болчумун. Бирок, канчалык эрке болсом да апам аялзаты катары үй оокатын мыкты кармаганга үйрөткөн. Элдин башына келген кыйын кезеңди эске албаганда балалыгым бактылуу өттү.»
Ааламга аты кеткен атактуу актрисанын чыгармачылык чыйыр жолу да айылдын чаң баскан жолдорунан башталган эле.
ТАГДЫР ЖАНА ТАЛАНТ
Тубаса талант ачыла албаган булак сымал. Ага канчалык тоскоолдуктар болсо да бир күнү көзү ачылып, элдин суусунун кандырат. Ошол сыяктуу Сабира апа өзүнүн көкүрөгүндөгү булактаган таланттын учкунун байкабаган эле. Кайып каскагынан болуп Сабира апа педтехникумда окуп жүргөндө театрга массовкага беш- алты кызды чакырып калышат. Массовкага катышкан Сабира ошондон кийин театр менен «ооруп» калат. Актриса болуп сахнада ойноо ал учурда Сабира үчүн кол жетпеген бийик нерседей болуп туюлат.
Бирок, таптакыр турмушу башка нукка түшүп кетээрин билген эмес. Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеген ошол замандын «мыйзамчылары» Сабираны «кулактын кызы» деген шылтоо менен педтехникумдан чыгарып жиберишет.
Аз өтпөй мектепке мугалим болуп орношуп иштеп калат. Балким, ушул боюнча сахна дегенди унутуп калат беле ким билсин, бирок, айылга оюн коюп келген театр артисттеринин көзүнө түшөт. Айылдагы жөнөкөй маалимден тубаса таланттын учкундарын байкаган Абдылас Малдыбаев сүйкүмдүү Сабирага жылуу карап:
– Ырдай аласыңбы? Ырдап көрчү...- дейт.
Ырдап жаткан Сабираны карап туруп:
– Сен актриса болосуң. Театрга кел,- деген экен.
Ошентип, 1932-жылы 1-сентябрда Сабира 16 жашында театрдын босогосун аттайт. Бул анын биринчи жана түбөлүктүү кадамы болчу.
АЛМАШЫЛГАН РОЛДОР
Сабирага жаңы жашоо башталат. Алгач массовкаларга катышып, театрдык жашоого көнүп баштайт. Актриса болууну ушунчалык каалагандыктан, кээ бир ролдорду актёрлор жаттап жатканда угуп, аны өзү да байкабай жаттап калган учурлары да болот. Бир күнү кезектеги спектакль болгону жатканда күтүүсүздөн башкы ролду аткаруучу актриса ооруп калат.
«Ал кезде оюнду жылдыруу деген нерсе өлүмгө тете иш болгон. Ошол жерден ооруканага алып кеткендиктен, режиссёр эмне кылаарын билбей, бардыгы ары чуркап, бери чуркап калышты. Касымаалы Жантөшевдин «Карачач» драмасын коюп жаткан элек. Алардын кымгуут болгонун көрүп, демимди жыйып туруп бирөөнө акырын сунуш киргиздим. «Мен Карачачтын сөздөрүн жаттап алдым эле. Балким, бул ролду мен аткарып көрөөрмүн.» Башка чара жок болгондуктан, акыры макул болушту. Биринчи ролум мен үчүн укмуштуудай сыноо болгон» деп эскерет Сабира апа.
Эч кандай театралдык билими жок жаш актрисанын дебюту көптөрдү таң калтырды. Тез эле басма сөз беттеринде Карачачты аткарган жаш актриса тууралуу жазып чыгышты. Бир дагы жолу репетицияга катышпай туруп ролду аткарып кеткени чындыгында эле тубаса талант эле. Мына ошондон баштап искусство дүйнөсүндө Сабира Күмүшалиева аттуу жаңы ысым пайда болот.
КОШ ТАЛАНТ ЖЕ БАКЫТ КОШТОГОН ӨМҮР
Адамга бир гана жолу сүйүү келет, ал эми калганы сүйүү деген түшүнүккө алдануу дешет. Сабира апа да жашоосунда чоң махабатка туш болот. Бул адам – «сахна королу» аталган Муратбек Рыскулов болгон. Сахнада өчпөгөн из калтырган тубаса таланттын ээси, көптөгөн мыкты ролдорду жараткан Муратбек ага Сабира апанын тагдыры болоорун ал кезде эч ким билген эмес.
Көкүрөгү тынч алалбаган эр көкүрөк улан «артист болом» деген ой менен Жумгалдан калаага карай жол тартат. Же даярдыгы жок, же колунда жок жаш жигит калаага келгенден кийин көрбөгөнү көр болот. Артисттик даяр тургансып дегдеп келген Муратбек театрга алгач жөнөкөй эле жумушчу болуп кирет. Ошол жерден Сабирага көзү түшүп калат. Бул кезде Сабира азыркыча айтканда «жылдыз» болуп, анча-мынчаны теңине албай турган кези эле. Өзүнөн көзүн албай тиктей берген Муратбекти алгач элес деле албайт. Бирок, басса деле, турса деле, ролго даярданып жатса деле жаш жигиттин оттуу көздөрүнөн кутула албайт. Анын жоругуна жини келген Сабира ого бетер ачууланат.
«Күндөрдүн биринде ооруп калдым» деп эскерет Сабира апа. «Ошол учурда жанымдан чыкпай караган Мукеме биринчи жолу серп салып карадым. Анан кийин эле эмне болду билбейм. Мурун жинимди келтирген кийими деле жарашыктуу, өңү деле көзүмө жакшы көрүнүп калды. Ошентип, жакын болуп кеттик».
Ошол мезгилден баштап Сабира апа Муратбек агага сабак үйрөтө баштайт. Өнөр баасын баалай билген Сабира Муратбектеги талант көзү ачылбай жаткан булактай оргуштап жол таба албай жатканын байкайт да, колдон келген жардамын аябайт.
Мына, эч билими жок деген адамды көрүп алыңыз. Атактуу Шекспирдин «Король Лиринде», «Отеллодо», «Курманбек» пьесасында Тейитбектин ролун Муратбек Рыскулов бийиктикте аткарып чыга келет. Сахнада төрөлгөндөй ар бир жараткан ролу өзүнчө көркөм, өзүнчө оригиналдуу Муратбек тез эле «сахнанын атасы» деген атка татыды. Муратбек аганын жалындуу махабаты, тубаса таланты Сабира апанын жүрөгүнө да от койду. Акыры колун сураган Мукесинин сунушуна макул болот.
Учурдун, замандын талабына жараша ал учурда бир үйдө эки депутат, эки ырчы, эки артист болгону көзгө өөн учураган. Ошондуктан, бири өз талантын курмандыкка чалышы зарыл эле.
– Менин боюм кичинекей, залдан жакшы көрүнбөй калам. Менин ордум балдар менен үйдө, сен болсо театрда калышың керек,- деп Муратбекке айткан сөздөрүн да азыр эскерет Сабира апа.
– Эл сенин боюңа карабайт, Сакишим. Алар сенин боюңа эмес, эч кимде жок талантыңа таазим кылып, таңкалып карашат. Театрдан кетем деген сөздү угузба...- деп күпүлдөп койчу экен анда Мукеси.
Өмүр бою үзөңгүлөш жүргөн Сабира күйөөсүнүн жан шериги да, кеңешчиси да болуп берет.
«Муратбек роль аткарып жатканда жылуу сүттү колтугума жылуу сактап турчумун. Көшөгөнүн аркасында туруп ролу бүтүп чыгаары менен ага сактап турган сүттү ичирээр элем. Анткени, артист эң биринчи тамагын сакташ керек эмеспи. Ушундай күндөр болчу» деп эскерет Сабира апа.
Өз талантын, өз жүзүн күйөөсү үчүн курмандыкка чалган Сабира апа көп жылдар бою таланттуу күйөөсүнүн көлөкөсүндө калып келген экен. Бирок, ал Сабира апа үчүн сыймык да, бакыт да эле.
Мукеси экөө 38 жыл бирге жашашып, төрт баланы багып өстүрүшөт.
Бирок, таш боор ажал колунан талашып залкар талант Муратбек Рыскулов 64 жашында жүрөк оорусунан көз жумган.
КИНО ЖАНА САБИРА
Театрга көп өмүрүн, эмгегин арнаган Сабира Күмүшалиева кино искусствосунда да чыныгы бийиктикке жетишкен. Анын бир көргөн адамга укмуштуудай таасир калтырган ролдору азыр да өз бийиктигинен түшпөй келет. Сабира апанын ролду жаратуудагы чеберчилиги өзүнчө сөз кылганга арзыйт. Мисалы, «Отко таазим» фильминде өрттөлүп бара жаткан үйдөн үч баланы алып чыккан эпизод бар. Ушул эпизодду тартыш үчүн өрттөлүп жаткан үйдөн чыгыш керек болгон. «Ушул жолу тартылыш керек. Үйдү кайрадан өрттөй албайбыз, эже. Эми эптеп аракет кылыңыз» деген режиссёрдун сөзүнөн улам тобокел салган Сабира эки балага этегин карматып өрттөн чыгып кетет. Эпизод тартылып бүтөөрү менен үй кулап түшүп, бир ажалдан калган экен. «Ак кеме» фильминде болсо Сабира апанын ыйлачу эпизодун тартуу керек болот. «Мындай эпизодду даярдыксыз аткара албайм» деген Сабирага режиссёр оройлонуп жиберет. Ызаланып кетип ордунан ыргып туруп кетип бара жаткан Сабира кайра чуркап келип кыйкырып жиберет: «Камераны алып келгиле, мен ыйлап жатам». Ошентип, ызасына чыдабай ыйлап жиберген учурун киного тартып калышкан экен.
ххх
Өнөр картайбайт дешет. Өнөрүнүн арты менен дөөлөттүү карылыкка жеткен Сабира апа азыр күүлүү-күчтүү. 90 жашка чыкканына карабай, акыл-эси тунук. Келип-кеткендер менен жылуу учурашып, «чай ичип кет, айланайын» деп мээримдүү өнтөлөгөн адатынан жаза элек. Учурда Сабира апа борбор шаарыбызда жашайт. Апанын ал-абалын сурап, көрүнүп калган жерден батасын алууга умтулган адамдар да аз эмес. Небере-чөбөрөлөрү апанын көзүн карап, сөзүн жерге таштабайт.
Уул-кыздарынын кашында акыл-насаатын айтып отурган кутман карыга мындан ары да денсоолук тилейбиз.
Даярдаган Нуржамал Жийдебаева
(Автор макаланын жазылышына көмөк көрсөткөн Сабира Күмүшалиеванын кызы Нуржамал Рыскуловага чоң ыраазычылык билгизет)