Жаңыдан чыгып келе жаткан ырчылардын катарында Эрлан Рамазанов деген ысым бар. Жагымдуу үнү менен күйөрман топтоого жетишкен жаш ырчы менен таанышып алыңыздар.
– Ыр өргөөсүнө башбакканыңа канча убакыт болду?
– Ырдап чыкканыма бир жыл болду. Алгач сөзү, обону Самаган Кочкоровго таандык “Көз жаш” деген ырды ырдап чыктым. Тар чөйрөдө ырдалып жүргөн бул ырды угарым менен жактырып калып, аранжировка жасатып, клип тарттыргам. “Көз жаштан” башка “Жомоктогу селки”, “Ханзада”, “Атама” деген ырларым бар.
– “Талант тукум кууйт” деп коёт эмеспи. Үйбүлөңдө өнөрлүүлөр барбы?
– Атам мурун Токмоктогу маданият үйүнүн директору, музыка сабагынан мугалим болуп иштеген. Өзү аккордеон менен жакшы ырдайт. Акындык да жайы бар.
– Мектепти кандай бүттүң?
– Токмоктон борборго 6-классымда келдим. Тентектигимдин айынан улам бир мектепке которулуп окудум. Аттестатымды карасаңыз, дене тарбиядан, анан кол эмгектен “төрт” калганынан “үч” деген баалар. Мектепти бүткөндөн кийин дароо аскерге кетип, аскерде бир жарым жыл кызмат өтөдүм.
– Анда жоокерлерге ырчы катары таанылган турбайсыңбы?
– Барганда эле бул жактан лицейди чогуу бүткөн досум гитара чертип ырдай койгон эле. Ошондон тарта аны бизден улуу балдар таң аткыча ырдата башташты. Досумдун уйкудан калганын көргөн жаным мен да таң аткыча ырдап калбайын деп, бир жолу да ырдабай койгом. Бирок сүрөттү жакшы тартчумун. Дос балам таң аткыча ырдаса, мен анын жанында сүрөт тарчумун. Убактысы бүтүп, үйлөрүнө кеткени калган байкелер өздөрүн, анан “аскердеги турмушту чагылдырып сүрөт тартып бер” деп сурана беришчү.
– Аскерден го ырдабаптырсың. Ыр чөйрөсүнө кантип аралаштың?
– Аскерден келерим менен, борбордогу кафелердин бирине ырчы болуп кирдим. Ал жактан тажрыйбасы бар музыканттар менен иштешип, көп нерсе үйрөндүм. Азыр ошол кафеде биртууган Толик деген байкем экөөбүз иштеп жатабыз.
– Бир үйдө эки эле ырчыбы же дагы барбы?
– Биз төрт биртууганбыз. Улуу эжем адвокат. Бирок ырга жок. Иш кагаздарга жакын. Байкем жогоруда айтып өткөндөй, мени менен чогуу ырдайт. Иним болсо бийге жакын. Азыр 5-класста окуйт.
– Ырыңдын сөзүн, обонун кимдер жазып берет?
– Ырларымдын сөзүн Алтынбек Алымов, Союзбек Сейитказиев деген байкелер, обонун, анан аранжировкасын Ильяз Абдыразаков жазып берет. Акыркы күндөрү өзүм да обон жаратып жүрөм. Ал обондорума ылайык атамдын ырларынан текст издейм.
– Кафеде ырдаганыңда эл кандай кабыл алышат?
– Ал жакта иштегендердин айтуусуна караганда, “Көз жаш” деген ырым адамдын жан дүйнөсүн терметет. Күнүгө кафеге келген кээ бир кыздар мени көргөнү эмес, ошол ырымды укканы келишет экен.
– Азыр сүйлөшкөн кызың барбы? Кандай кыздар жагат?
– Сүйлөшкөн кызым жок. Мага, биринчиден, өзүмө окшош кара тору, өтө арык эмес, көзү бакырайган, ыймандуу кыздар жагат.
– Алдыдагы пландарың кандай?
– Жакшы, жанга жагымдуу ырларды жаратып, күйөрман табуу. Азыр көпчүлүккө таанылып калган ырчылар сыяктуу өзүмдүн жеке концертимди берүү.
Анкетасы:
Сүйүн Кулматова
star@super.kg