Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЗАЛ ТОЛО ЭЛДИ ЫЙЛАТКАН «АРТЫК & САПАР»

№212 24-30-ноябрь, 2006-ж.


Уккан адамдын муунун бошотуп, көзгө жаш тегереткен «Атага кат» ыры учурдун эң популярдуу ырларынын бири болуп калды. Бул ырга таасирленбеген угуучу жок болсо керек. Анткени, «Атага кат» ыры атаны дагы-дагы сыйлаганга, аны сүйгөнгө үндөп, атанын баркын сездиртет. Мына ушул өздөрүнүн жү­рөктө­рү­нөн чыккан ырды элдин да жү­рө­гүнө жеткире бере алышкан жигиттер – Артык менен Сапар. Назарыңыздарда Артык менен Сапардын биз кызыккан суроолорго берген жооптору.

Артык Саитов 1977-жылы 5-апрелде Жалалабат областынын Базаркоргон районуна караштуу Шыдыр айылында төрөлүп-өскөн. Жети бир туугандын улуусу. Үйбүлөлүү. Эки кыздын атасы.

Артык: «ЫРДЫ УККАНДА АТАМ ӨКСҮП ЫЙЛАПТЫР»

– Артык, Сапар экөөңөрдүн аткарууңардагы «Атага кат» аттуу ырыңар учурда өзгөчө популярдуулукка ээ болуп турат. Ушул ыр жаралганда азыркыдай деңгээлге жетет деп күттүң беле?
– Бул ырдын жазылганына беш жылдай болуп калды. Бирок, алгач сахнага алып чыгуу жөнүндө оюм жок болчу. Сахнага алып чыгып, калың элге сунуш кылганыма бир бейтааныш байке себеп болгон. Өзүм иштеген кафеде бир күнү «Атага катты» эстеп кетип жөн эле ырдап койдум. Анда кафедеги кардарлардын маани берип укканын деле байкаган эмесмин. Арадан бир айдай убакыт өтүп кеткен соң, адаттагыдай эле иш күндөрүнүн биринде тыныгуу убагында тамак ичип отурсам бир байке жаныма басып келип: «Ай, бала, сен мени банкрот кылмай болдуң го» деп жатпайбы. Түшүнбөй эле аны карап калсам: «Мындан бир ай мурун ата жөнүндө ыр ырдадың эле. Ошондон бери ошол ырды угам деп күн сайын ушул кафеге келип, пиво ичип отурам. Бирок, ошондон бери бир да жолу ырдай элексиң» деп жатпайбы. Ал күнү байкеге ырды кайра-кайра кайталап ырдап бердим. Ушул окуядан соң «бул ыр элге жагат окшойт. Анда мен эмне үчүн катып жүрөм?» деп ойлонуп, ырды жаздыруу жөнүндө ойлоно баштадым. Ырды жаздырган өзүнчө кеп. Даяр болгондон кийин «Кыр­гызстан обондоруна» алпарып, Чыңгызга берсем: «Эмне деген ыр?» деди эле, «Бомба» деген ыр деп койдум. Чыңгыз түшүнбөй калды. А менин «бомба» дегенимдин себеби, бул ырды Кыргызстанды «дүң» эттирээрине ишенген элем. Азыр буюрса, ырым мен ойлогондой деңгээлге жетип олтурат.
– «Ата» демекчи, өзүңдүн атаң жөнүндө кеп козгоп кетсең?
– Атамдын аты Калдарбай. Азыр ал 56 жашта. Мен атамдын эң улуу баласы болгондуктан, үйдөгү бардык нерсени экөөбүз биргелешип чечебиз. Ал көп жылдар бою инженер болуп иштеди. Мен үчүн ал эң ыйык адам. Жакында Жалалабатка гастролго барганыбызда атайын Базаркоргондон чакырып, концертке киргиздим. «Атага катты» ырдап жатканда сахнадан түшүп барып, алдыңкы орундукта отурган жеринен кучактап калсам эрээркеп ыйлап жүрөт. Атамдын ыйлаганын көрүп мен ыйлап, бизди көрүп залдагылар ыйлап, аларды көрүп сахнанын артындагы ырчылар ыйлап... Ошентип, баарын ыйлаттык.
– Ушул ырыңа тартылган клип да көргөндү кайдыгер калтырбайт. Клиптеги окуяны өзүңдүн башыңдан өткөн окуя деп ойлошот экен...
– Эгер өзүмдүн башыман өткөн окуяны гана тарттырсам, анда элге жеткиликтүү болбой, кызыксыз болуп калмак. Ошондуктан, окуя ойдон чыгарылып, атайын сценарий боюнча тартылган. А менин турмушума байланыштуусу клиптеги окуянын аз гана бөлүгүн түзөт.
– Ырды угуп, клипти көргөндө атаң кандай кабыл алыптыр?
– Ырдын муңдуу экенин билсем да ыйлата турган деңгээлге жетээрин өзүм сезген эмесмин. Ыр жарыкка чыккандан кийин кайсы айрым досторум: «Эй, досум, ырың жакшы чыгыптыр. Угуп алып ыйладым» дешет. «Ырым ушунчалык эле эркектерди ыйлата турган болду бекен, анда атам эмне болуп жатты экен?» деп дароо эле атам эсиме түштү. Кийин атама жо­лукканда сурадым. Көрсө, атам дал ошол «Атага кат» жаңыдан чыгып жатканда ооруп, бейтапканага жатып калган экен. Бир күн эле радиодон ырды берип калыптыр. Бирок, акыркы саптарын гана укканга үлгүрүп калыптыр да, мени тааный албаптыр. Көп убакыт өтпөй ырды дагы берген экен, ошондо менин үнүмдү тааныптыр. «Үнүңдү дароо эле тааныдым. Кудум эле өзүмдүн үнүм. Ырды угуп алып өксүгөнүмдү сураба. Араң токтолбодумбу» дейт атам. Эми эле ыйлабаганга көнө баштаптыр. Болбосо ырды уккан сайын ыйлай берчү экен. А клипти көргөндө болсо такыр өзүн токтото албай ыйлаптыр.
– «Атага катты» казактардын «Сердце матери» аттуу музыкалык композициясынан алган дешет. Чындыгында эле ырыңды ошол музыкага таасирленип жаздың беле?
– Ушул жөнүндө көп талаш-тартыш болду. Болгон окшоштугу аларда скрипка менен домбра кошулса, бизде кыл кыяк менен комуз кошулуптур. Анан калса ал музыканын теледен бериле баштаганына араң эле бир жыл болсо менин ырым мындан беш жыл мурда чыккан да. Анан мен алардан кантип уурдамак элем? Жакында ушул маселе боюнча радиодо талкуу жүрүп, ал талкууга профессионал композиторлор катышты. Эки музыканы тең угушкан композиторлор экөө­нөн эч кандай окшоштук табышкан жок. Натыйжада, биз жеңип чыктык. Эне жөнүндөгү казактардын музыкасын ата жөнүндө ыр кылып өзгөртүп алган дегендер жаңылышат.
– Өнөктөшүң Сапарды «менин ырымдын артынан популярдуу болдуң» деп басынтпайсыңбы?
– Анткенге менин акым жок. Анткени, биринчиден Сапарга «менин ырымды экөөбүз дуэт кылып ырдайлы» деп өзүм суранып баргам. Экинчиден, бул ырдын популярдуу болушуна Сапардын да салымы бар. Балким, бул ырды мен жалгыз ырдаганда мынчалык деңгээлге жетпейт беле. Минтип айтканымдын себеби, менин үнүм нукура кыргыздын колоритине жакын. А Сапардын үнү заманбап жаштардын табитине жакын. Ушул эки түрдүү үн айкалышкандыктан, ырдын күйөрмандары ар кандай курактагы, ар кандай чөйрөдөгү адамдар. Ошондуктан, Сапарды бөл­гөнүм туура эмес болуп калат.
– Силердин эл көзүнө көрүнүп, тааныла баштаганыңарга аз гана убакыт болбодубу. Буга чейин кайда, эмне иш менен алектенип жүрчүсүң?
– Негизи, менин кесибим инженер-химик. Мектепти бүткөн соң, Россиянын Красноярск шаарынан окугам. Окууну бүткөн соң, Ошко барып өз кесибимди аркалап бир аз иштедим. Андан кийин бир байкем «офисте иштейсиң» деп Бишкекке алып келген. Бирок, ал жумушту күтүүгө туура келип калды. Ошол убакыт ичинде бир тааныштар аркылуу «Кыял» бирикмесиндеги кафелердин бирине жумушка орношуп калгам. Ошондон бери кафелерде иштеп жүрөм.
– Мектеп курагыңда да ырдачу белең?
– Мектепте музыка сабагында мугалим: «ырда, болбосо «2» коём» деп коркутса да ырдачу эмесмин. Эсимде, 7-класска келгенде бир гана жолу «Бара жатат партизандар» деген ырды ырдап, музыка сабагынан «5» алгам. Менин ырга болгон кызыгуум Красноярскта окуп жүргөндө гана ойгонгон. Ал жакта чогуу окуган группалаштарым гитара ойноп, ырдашчу. Гитара ойногонду ошолордон үйрөнүп, аларга кошулуп ырдап да калчумун. Ырлардын да алгачкылары ошол жакта жаралган.
– Үйбүлөң жөнүндө айта кетсең?
– Үйбүлөм жөнүндө айтсам, келинчегимди аты Гүлбара. Айтурган жана Ланура аттуу эки кызым бар. Кыздарымдын музыкага жакындыгы эмитен байкалат. Кичүү кызым «Сапар» аттуу ырымды укмайынча уктачу эмес.
– Келинчегиңиз күйөрмандарыңыздан кызганбайбы?
– Кызганган учурлары болот. Бирок, жакшы эле түшүнөт.


Сапар Эркебаев 1982-жылы 21-декабрда Ош областынын Карасуу районунун Башбулак айылында туулуп-өскөн. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Бойдок.

Сапар: «АЙЫЛДАГЫЛАР МЕНИ ЖАМАН КӨРҮШЧҮ»

– Сапар, ыр дүйнөсүнө жаш кезиңден баштап аралаша баштасаң керек?
– Менин музыкага болгон шыгым өтө эле жаш кезимден ойгонсо керек. Атам комузда жакшы ойнойт. Кичине кезимде атамды комуз ойнотуп, өзүм комуздун башын тиштеп алчумун. Зыңылдаганы ушунчалык жакчу. Кокусунан ыйлап калсам атам комуздун башын оозума тыга калып ойноп кирсе тып басылчу экем. Мектепте окуп жүр­гөн­дө да ырдап жүрчүмүн. Бирок, дене тарбия менен музыка сабагынан гана «5» алганым болбосо, калган сабактардан жаман окуганымды моюнга алам. Бирок, мектептеги бир дагы конкурс, кароо-сынак менсиз өтчү эмес. Анан албетте музыкадан башкага шыгым болбогондуктан, 8-класстан кийин Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын хор бөлү­мүнө тапшыргам. Үнүмө карап кыздар хоруна кошуп коюшканына теригип, окубайм деп да жүрдүм. Бирок, ага да көнүп, окууну бүтүп ал­га­­ны­ма азыр ыраазы болом.
– Бишкекке келип калганыңдын чоо-жайын айтсаң?
– Орто окуу жайын бүткөн соң, Ош­то кафеге кирип, ырдап иштеп калдым. Көбүнчө орусча, англисче, чыгыш ырларын ырдачумун. Бир күнү бирөөлөр менен таанышып калып, алар мени чыгыш ырларын ырдайсың деп келишим менен Бишкекке алып келишти. Ал кезде Бишкектеги кафелерде чыгыш ырлары жаңырып, жаңыдан модага айланып жаткан экен. Келишим боюнча алар мага айына 200 доллар төлөп беришмек. Ошто 200 доллар чоң акча да. Ошонусуна сүйүнүп келип алсам, Бишкекте 200 доллар болбогон эле акча экен. Ошентип, 4-5 ай иштедим да, мени жөн эле пайдаланып жүрүшкөн­дөрүн сезип, келишимди бузуп жибердим.
– А Артыкка кандайча жолугуп калдың эле?
– Сапар деген досум бар болчу. Ошол Сапар экөөбүз Артык байкелер иштеген кафеге кирип калдык. Анда Артык байкелер «Акшам» тобу деп чыгып жүрүшчү. Анда мен Артык байкени жакындан таанычу эмесмин, бирок, ал менен чогуу иштеген баланы таанычумун. Биз кафеге кирсек алар «Сапар» аттуу ырынын «Жылдын мыкты дебюту» наамын алганын майлап, кубанып отурушкан экен. Артык байке менен таанышкан соң «Биздин конокторубуз эки Сапарга «Сапар» аттуу ырды арнайм» деп бизге ыр тартуулаган. Ошентип таанышып калганбыз. Ошол окуядан бир топ убакыт өтүп кеткен соң көчөдөн кайрадан Артык байкеге жолугуп калып, ал мага чогуу иштешүүнү сунуштаган.
– Экөөңөр канча убакытка чейин чогуу иштешели деген оюңар бар?
– Келишимде эки жыл деп жазылган. Ошол келишим бүтө берсинчи, кааласак дагы узартып алабыз да.
– Сенин тез аранын ичинде эле популярдуу болуп кеткениңди айылдаштарың кандай кабыл алышты?
– Мени башынан айылдагылардын баары жаман көрүшчү. Анткени, түнү менен балдар менен чогулуп алып эле гитара менен ырдап отура берчүбүз. Эртеси кошуналарыбыз: «Уйку берген жоксуңар» деп наалып калышчу. Ушунун айынан «Баланчанын хулиган баласы», «Баланчанын бекерчи баласы» деген атка конгом. Эми болсо «А-ий, бул баягы Сапарбы? Азамат!» деп калышыптыр. Жакында айылга барсам, атамдын баягы мен башын тиштеп жүргөн комузу өтө эле эскирип, тамты­гы чыгып кетиптир. Атайын базарга ал­парып, өзүнө жаккан өрүк комузун сатып бердим. Атам бир кездеги «хулиган» баласы менен сыймыктанып, кудуңдап калды.
– Сен дагы ыр жазасыңбы?
– Мен дагы ыр жазам. Бирок, ырларымды Артык байкенин ырларынын бучкагына да теңебейм. Ошондуктан, сахнага алып чыккандан бир аз тартынчактап жатам. Ошентсе да жакында боло турган концертке өзүмдүн ырларымдан ырдап чыгайын деген оюм бар.
– Күйөрман кыздарыңдын саны барган сайын арбып баратса керек?
– Күйөрман кыздар бар. Жакында эле эки күйөрман кызга автограф берип жатсам, өздөрүнчө эле мени талашып урушуп жүрүшөт. Араң ажыратпадымбы.
– Сүйгөн кызың барбы?
– Мен ушул убакка чейин эч кимди сүйүп көрө элекмин. Азырынча жүрө­гүмдүн ачкычын тапкан эч ким боло элек.

Маектешкен Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: