2006-жылдын супер ырчы мырзасы Султан Садыралиев: «АЙЫЛДА КОРОЗ УРУШТУРГУЧ БОЛУП ИШТЕЧҮМҮН»

НАРГИЗА, 16 жашта:
– Султан, Жаңы Жылды кантип, кайдан тостуң?
– Жаңы Жылды досторум менен үйдө тостум. Ырчылардан Урмат Жаңы Жылда биз менен болду. Бул жылы майрамды ичимдиксиз тостум. 12ден кийин конокторум шампан ичип жатышты, мен тостту сок менен гана айтып, спирт ичимдиктерин ич­кен жокмун.

АЛИНА, 16 жашта:
– Жыл аягында алган сыйлыктарыңыз кут болсун. Жалпысынан канча сыйлык алдыңыз?
– Рахмат. Жыл аягында алган сыйлыктарымдын саны бешке жетиптир. Өзүңүз билгендей «Супер-Инфо» гезитинин «Жылдын мыкты ырчы мырзасы» номинациясына татыктуу болдум, «Улуттук хит-параддан» эки сыйлык алдым, «21-кылымдын жылдыздарынын» лауреаты болдум жана башка. Бул сыйлыктарды мага алып берген – эл. Менин эмгегимди баалаган менин күйөр­мандарыма ыраазымын.
– Өткөн жыл сиз үчүн кандай жыл болду?
– Жогорудагы айтып кеткен сыйлыктарым – булар өткөн жылдагы эмгегимдин үзүрү. Өткөн жыл мен үчүн эң жакшы жылдардан болду. Бир эмес, эки жолу жеке концертимди бергенге жетиштим. Кыргызстандын бардык областтарына барып талантымды тартууладым. Кыскасы, ит жы­лы мен үчүн жемиштүү жылдардан болду.
– Жаңы Жылда апаңызга кандай белек тартууладыңыз?
– Калп айтканда эмне, чынын айтсам, апама эч кандай белек тартуулай алган жокмун. Апам алыста болгондуктан, жете албадым. Болгону бул жактан телефон чалып куттуктап, жүрөктөн чыккан жакшы сөздөрүмдү арнадым.

ЛИЛИЯ, 12 жашта:
– Султан, апаңызга берген эң баалуу белегиңиз эмне болду эле?
– Апама тартуулаган эң баалуу жана күтүлбөгөн белегим деп өзүмдүн алгачкы жеке концертимди эсептейм. Апам Казакстанда жашаарын билесиз да. Ал жакта деле кыргыз телевидениеси көрсөтөт. Ошентсе да, апам мени Кыргызстанда мынчалык популярдуу деп ойлогон эмес экен. Залдагы менин күйөрмандарымдын көптүгүн, алардын мени колдоп жаткандарын көрүп толкунданып, сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберген. Бирок, өкүнүчтүүсү, катуу толкунданганданбы, эртеси күнү эле ооруп, бейтапканага жатып калды.
– Казакстанга концерт коюп барсам деген оюңуз барбы?
– Оюм бар. Бирок, жакын арада эмес. Мындай сунуштар мага казакстандык продюсерлер тарабынан да түшкөн. Бирок, мен макул болгон эмесмин.

ГҮЛНАРА, 18 жашта:
– Жүрөгүңүздү ээлеген кыз барбы?
– Кыздар менен такыр сүйлөш­пөйм деп айта албайм. Бирок, учурда ту­руктуу сүйлөшкөн кызым жок. Мындан беш ай мурун эле бир кыз менен мамиле түзүп баштагам. Бирок, ырчыга сүйүү да оңой эмес экен. Күйөрмандарым телефон чалышып, автограф сурашса ошолордон кызганып эки күндүн биринде уруш чыгарчу. Ошентип, экөө­бүздүн ма­милебиз узакка созулган жок. Ошондон кийин кызы жок эле жүрө турайын деп чечтим. Бирок, качандыр бир кезде менин жүрө­гүмө чыныгы сүйүү келсе, аны эч нерсеге карабай сактап ка­ла алам деп ишенем.

ЭЛЗАДА, 18 жашта:
– Өзүңүздүн ырдаганыңызды теледен көрүп отуруп өзүңүз­дөн кемчилик тапкан учурларыңыз болобу?
– Андай учурлар көп эле болот. Менин негизги кемчилигим - ырдап жатканда башымды жерге салып алганымда, анан бийлей албаганымда.
– Бий үйрөнгөнгө аракет кылган жок белеңиз?
– Биздин муундагы ырчылар сахнага алгач келгенде Темирден башка эч кимибиз бийлей алчу эмеспиз. Азыр баары үйрөнүштү, бийлей албаган Урмат экөөбүз эле калдык. Аракет кылып балким, мен да жакын арада бийлеп калаармын.
– Сахналаштарыңыз Артык менен Сапардын «Атага кат» ыры көп­чүлүк угармандарга жагат. Ушул ыр сизге кандай таасир калтырды эле?
– Мен бул ырдын чыныгы фанатымын. Биринчи жолу укканда эле жагып калган. Кийин кассетага жаздырып алып кайра-кайра угуп, жатаарда да угуп жатчумун. Менин атамдын денсоолугу чың эле, бирок, апам көп ооруйт. Ырдын «ата» деген жерин мен «апа» деп өзгөртүп алып, ырды уккан сайын апамды эстейм. Кыскасы, бул ыр мага ата-энемди мурдагыдан да көбүрөөк сыйлаганга, көбүрөөк сүйгөнгө үйрөттү. Ырды укканга чейин киреше тапсам эле кафелерге барып көңүл ачып же кийим-кечек алып өзүмө коротуп салчумун. Азыр киреше тапсам дароо ата-энеме жөнөткөнгө шашам.

ЭЛМИРА, 26 жашта:
– Алгачкы сүйүүңүзгө кайдан жолуккансыз?
– Алгач 8-класста окуганымда өзүмдөн бир жаш кичүү кызды жактырып калгам. Мен анда айылда короз уруштургуч болуп «иштечүмүн». Ошол күнү да корозумду пакетке салып алып досум экөөбүз көчөдө бара жатканбыз. Карасам эле супсулуу болуп баягы кыз келе жатат. Ага чейин деле сыртынан таанычумун. Короз көтөрүп баратканымдан уялып кетип, пакетимди досума кармата салып, аны менен таанышып алгам. Ошондон кийин жакшы мамиледе болуп калганбыз. Ал айылдан шаарга каттап окугандыктан, таңкы саат бештеги автобуска түшүп кетчү. Мен да таң эртең менен туруп, ал автобуска түшө турган аялдамага барып турчу элем. Анан аны автобустан алып калчу элем да, түшкө чейин экөөбүз токойдо сейилдеп жүрүп түштө сабактан кайткан киши болуп үйүбүзгө барып калчубуз.
– Мамилеңиздер эмнеден улам үзүлүп калды эле?
– Мен 11-класста окуп жүргөнүмдө ал менин көңүлүмдү катуу калтырган.
– Кийин ага жолуктуңузбу?
– Шаарга келип, 1-курста окуп жүр­гө­нүмдө жолуктум. Ал азыр деле шаарда.
– Сиздей жигиттен убагында кол үзгөндүгү үчүн азыр өкүнсө керек?
– Билбейм. Бирок, өкүнөт деп да айта албайм. Анткени, ал аябай бой кө­төр­гөн, өзүнө эч кимди теңебеген кыз.

ЭЛИЗА, 16 жашта:
– Мирбек, Чыңгыз, Акбар жана сиз болуп төрт дос качан биргелешип концерт коёсуздар?
– Бул жакын арада болбосо да ушул жылы ишке аша турган биздин пландарыбыздын бири.
– Султан, сиздин Нурия деген кызыңыз жокпу?
– Жок.
– Нурия аттуу бир кыз радиодон кечке эле сизге билдирүү­лөр­дү бере берет го? Билдирүү­лөрү­нүн маанисине караганда экөөңүз­дөрдүн ортоңуздарда бир нерсе бардай.
– Азыр мындай кыздар көп. Жакында эле ушул сыяктуу окуяга өзүм кез келдим. Дүкөнгө кирип соода кылып жатсам ары жакта эки кыз сүйлөшүп жатышыптыр. Бири экинчисине: «Кечээ Султан Садыралиев менен паркта жүрдүм...» деп жатыптыр. Мени байкашкан жок. Артымды карасам мени таанып калышты да, «мени менен жүр­гөн» кыз уялып кетти. Чындыгында, мен кыздардын экөөсүн тең биринчи жолу көрүшүм эле. Сиз айткан Нурия да ушундай кыздардын бири окшойт.

АЛИРА, 23 жашта:
– Казак ырларын которуп ырдайт деп сизге сын таккандарга өзүңүз эмне дейсиз?
– Ырас, мен казак ырларын кыргызчага которуп ырдап, эстрада чөйрө­сүндө талаш-тартыш жаратканга себепчи болгонумду моюнума алам. «Махабатым» аттуу ырым­ды которгонумдун себеби төмөнкүчө болгон. Бул казактардын «Сен» деген ыры болчу. Мен алгачкы сүйүүгө кабылып, сүйүүдөн жабыр тартып жүргөн учурда бул ыр менен «ооруп» калгам. Ырды өзүмдүн тагдырыма байланыштырып алып, улам-улам угуудан тажачу эмесмин. Ошентип, бул ырга катуу таасирленгенимден, кийин которуп ырдоо жөнүндө ойлоно баштадым. Которуп ырдадым эле, кандай популярдуу болгонун өзүңүз деле билерсиз. Муну менен которуп ырдаганды да билиш керек дегим келет. Ошентсе да, өзүбүздүн кыргыздын эле ырларын ырдаганга не жетсин?!

ЖЫРГАЛБЕК, 26 жашта:
– Султан, жакында бир кон­церт­те «Досума» деген жакшы ыр аткардың? Ушул ырдын тарыхын ай­тып бербейсиңби?
– Бул ырдын сөзү меники. Өзүмдүн Нурлан аттуу досума арнап жазгам. Нурлан экөөбүз окуучу кезибизде ынак достордон элек. 8-класста окуп жүргө­нү­бүздө мектептеги турникте ойноп жатып, жыгылып кетип каза болуп калган. Ошол досумду көп эстечүмүн. Тү­шү­мө да көп кирет. Кийин ошол досума арнап ыр жазуу жөнүндө ойлоп, бул оюмду ишке ашырдым. Алгачкы жолу «Супер-Инфо» гезити уюштурган концертте биринчи жолу ырдадым эле эл тарабынан жакшы кабыл алынды.

АЛИНА, 15 жашта:
– Үй жумуштарын өзүңүз жасайсызбы?
– Азыр мен квартирада классташым, досум, эстрадага жаңыдан кошулуп келе жаткан жаш ырчы Кайрат менен чогуу турам. Экөөбүз тең бойдок болсок бизге жумушту ким жасап бермек эле? Өзүбүз эле жасайбыз. Үйдө кадимкидей эле кир жууйм, үй жыйнайм, тамак жасайм.
– Ата-энеңиз кандай турмушта жашашат?
– Ата-энем учурда Казакстандын Луговое айылында турушат. Кадимки эле айылдык карапайым үйбүлө. Атам 57 жашта, апам 54 жашта. Азыр экөө тең иштешпейт. Атам чөп чабат, апам бир уюбуз бар, ошону саайт. Алихан деген 26 жаштагы байкем мектепте тарых сабагынан мугалим. Азыр үйбүлөнү Алихан байкем экөөбүз багып жатабыз.
– Кандай кыздарга үйлөн­гүңүз келет?
– Атам мен кичинекей кезимде эле «менин балам чачы узун, сулуу кыз алат» дей берчү. Атамдын ошол айтканы мээме сиңип калганбы, «чачы узун кызга үйлөнөм» деп жүрчүмүн. Бирок, кийинчерээк бул оюмду өзгөрт­түм. Азыр чачы узун кыз деле калбай калбадыбы. Балким, чачы өзүмдү­күн­дөй эле болгон кызды сүйүп калсам, ошого үйлөнөөрмүн.
– Мен сизге кат жазып, кайсы бир концертте өзүңүздүн колуңузга карматтым эле. Сурайын дегеним, сизге келген каттарды ыргытып жибербейсизби?
– Мен каттарымдын баарын сактап коём. Азыр күйөрмандарымдан келген каттар жарым мүшөктөй болуп үйдө турат. Бош убактарымда окуйм. Бирок, баарын окуганга убактым жок болгондуктан, окулгандарын бир жакка, окулбагандарын бир жакка сактап коём. Азыр болбосо да кийин баарын окуп чыгам деп ойлойм. Сиздин катыңыз да мүшөктө турса керек. Ыргытып жибердиби деп кабатыр болбой эле коюңуз.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан