Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Канат Култаев: «ШОУ-БИЗНЕСТЕН КӨҢҮЛҮМ КАЛЫП, ПРОДЮСЕРЛИГИМДИ ТАШТАГАНЫ ЖАТАМ»

№220 19-25-январь, 2007-ж.


Канат Култаев деген ысым шоу-бизнеске өзгөрүү кире баштагандан бери көбүрөөк угула баштады. Анткени, Канат алгач белгилүү жаш ырчы Темир Назаровго продюсерлик кылып жүрсө, азыр Мирбек Атабеков менен иштешип келет. Ал эми Канаттын өз кесиби режиссёр. Учурда МТРКнын музыкалык көңүл ачуу бөлүмүнүн режиссёру. Канат 1979-жылы 15-июнда Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Бишкектеги “Дастан” университетинин телекоммуникация бөлү­мүн аяктаган. Жети бир туугандын эң кичүүсү. Бойдок.

– Канат, телеге качан жана кантип келип калдың эле?
– Мен анда «Дастан» университетинин 3-курсунда окучумун. Мектепте окуп жүргөндө эле уюштуруу иштерине активдүү катышчу элем, ошонум студент кезимде да калган жок. Өзүмдөй беш-алты активдүү балдар менен ар кандай маданий иш- чараларды уюштура берчүбүз. Бир жолу да кандайдыр бир иш-чара уюштуруп, калыс катары телевидениеден Мыктыбек Арстанбек байкелерди чакырганбыз. Ошондо Мыктыбек байке менен таанышып калып, анын колдоосу менен телеге келип калгам. Бирок, дароо эле иштеп кеткен эмесмин. Алгач келгенде телевидениенин эшигинен Гүлшан Молдоеваны көрүп сүрдөгөнүмдөн телевидениеге кирбей качып кеткем. Ошондон бир жумадан кийин Мыктыбек байке телефон чалып, чакырганда кайра келгем.

– Ал убакта өзүң жаш студент болсоң жумушта көнө албастыктар болсо керек?
– Мага Мырза Добутов көп нерсени үйрөттү. Айтканын кыла албай койсом ичке соккондо дубалга барып жармашып калчумун. Ушунусуна чыдабай бир жолу «кереги жок, кетем» деп кетип баратсам, эшиктен желкемден сүйрөп кайра алып кирген. Отургузуп алып бир чети урушуп, бир чети кеңешин айткан. Ошондон кийин баарына чыдап, иштеп калгам.

– Алгачкы жолу даярдаган телеберүүң эсиңдеби?
– Эсимде. Мыктыбек байке мага ушул убакыт ичинде даярдап, көрсөтө­сүң деп бир ай мөөнөт берген. Бул убакыт ичинде өзүм демөөрчү таптым. Демөөрчүм болсо өзүмдүн жездем эле. Жездем берген акчага курулуш материалдарын сатып алдым да, подвалдан мага бөлүнүп берилген бөлмөнү жасалгалап, түнү бою сырдап чыккам. Менин алгачкы «Марс плюс» аттуу азыркы «Бравонун» стилиндеги телеберүүм ошол бөлмөдө тартылган. Мына ошол берүүдөн кийин Мыктыбек байкенин ишенимине кирип, андан ары ишимди улантып баштагам. Андан кийин «Кыргыз чүрөгү», «Антракт», «Мюзик коктейль» деген берүүлөрдү да алпарып жүрдүм.

– Кийин эфирден көрүнбөй калганыңдын себеби эмнеде болду?
– Эмнегедир өзүмө-өзүм жакпай баштадым. Анан менин ордум бул жакта эмес экен дедим да, эфирдин артында гана иштөөнү туура көрдүм.

– Азыр кайсы берүүлөргө режиссёрлук кыласың?
– Азыр «Браво», «Ыр десте», жана башка берүүлөрдүн режиссёрумун. Ошондой эле жакында эле болуп өткөн «Жаңы жылдык түн» берүүсүнө да режиссёрлук кылдым.

– Айтмакчы, бул жылкы «Жаңы Жылдык түнгө» жылдагыдан айырмаланып ырчылар акча төлөп катышышыптыр...
– Ооба, бул жылкы «Жаңы Жылдык түнгө» катышкан ырчылардын ар бири төрт миң сомдон төлөштү. Андан түшкөн акча менен биз өзүбүздү өзүбүз каржыладык.

– Негизи, чыгымды телевидение көтөрүш керек беле?
– Ооба. Бирок, биз жыл сайын эле өзүбүз демөөрчү таап, ошолордун колдоосу менен тартчубуз. Телевидение тескерисинче, быйыл ырчылардан жыйнаган акчанын 23 пайызын налог деп кармап алды

– Канат, сен телевидениенин эки доорунда иштеген кызматкер катары айтсаң, 24-марттагы революцияга чейинки телевидение менен азыркы телевидениенин кандай айырмасы бар?
– Азыр чыгармачылык жакка мурдагыдай көңүл бурулбай калды. Мурда болсо жасаган ишибиздин ар бирине сындар айтылып турчу. Азыр кандай тартылса да баары бир, эч кимдин иши жок. Биз азыр мурдагы алган тарбиябыздын негизинде иштеп жатабыз. Дагы деле ушинтип эч ким көңүл бурбаса, бара-бара биздин да ишибиздин сапаты жоголот. Анан дагы эле баягыдай интрига күчтүү. Бирок, булардын баары Кыяс Сатаровичке (МТРКнын башкы директору. А. С.) жетпесе керек. Эгер ал киши ушунун баарынан кабардар болсо башкача болмок. Бирок, ушунун баарына карабай, биз ар дайым так, чын дилибизден иштейбиз. Анткени, Ассоль бизди ушинтип иштегенге үйрөтөт.

– Өткөн жылдары Москвага да барып жүрдүң эле. Эмне максат менен баргансың?
– Ооба, бир эмес үч жолу Москвага барып, 1-канал, ТВЦ, НТВ каналдарынын иштери менен таанышып келгем. Барганымдын себеби, алардан тажрыйба үйрөнүп келүү болчу. Максатыма жетип, бир топ тажрыйба топтоп келгем. Ал эле эмес, орустун белгилүү тележурналисттери, белгилүү адамдары менен маектешкенге мүмкүнчүлүк болгон.

– Канат, сен өз жумушуңдан тышкары жаш ырчыларды таптап, продюсерлик да кылып жүр­бөйсүңбү. Бул жумушуң жө­нүндө эмне айта аласың?
– Азыркы ырчылардан Самат Долотбаков, Урмат Усенов, баары билгендей Темир Назаров менен кызматташтым. Учурда Мирбек Атабеков менен расмий түрдө, жаңы чыгып келе жаткан ырчы Алихан менен кагаз түрүндөгү келишими жок эле иштеп жатам. Бирок, продюсерлик деген өтө эле кайрымы жок жумуш экен. Эмгегиңдин баарын жумшап эле аягында өзүң куру жалак кала берет экенсиң. Ал аз келгенсип, элдин баары «продюсерлер ырчыларды иштетип, акчаларын жеп жатат» деп ойлошот экен. Биздин аз да болсо эстрадага салымыбызды кошолу деп өзүбүз ачка калсак да, акыркы акчабызды ырчыларыбызга жумшаганыбызды эч ким түшүнгүсү келбейт. Эл эле эмес, ырчылардын өздөрү да кээде ушинтип ойлошот. Мына ушул нерселерден көңүлүм калып, мен азыр продюсерлигимдин аягына биротоло чекит койсомбу деп ойлонуп турам.

– Ушул үчүн эле продюсерлигиңди таштайын деп чечтиңби?
– Бул биринчи себеби . Экинчиден, шоу-бизнестин ыпластыгынан тажадым. Бири-бирин көрө албастар, бири-бирин жамандагандар күндөн-күнгө күчөп жатат.

– Анда Мирбек экөөңөрдүн келишимиңер эмне болот? Келишимдин мөөнөтү бүтө элек да?
– Мирбек экөөбүздүн келишимибиздин мөөнөтү эки жыл. Азыр иштеше баштаганыбызга бир жыл да боло элек. Бирок, азыр Мирбектин өз алдынча иштегенге күчү жетет. Анткени, Мирбек өтө таланттуу, кылам дегенин кылган аракетчил жигит. Менин кийлигишүүмсүз өз алдынча эркин иштеп көрсүн. Ошентсе да, келишимибиз бүткүчө жардам берип турам.

– Жаңыдан талпынып келе жаткан Алихандан да кол үзөсүңбү?
– Алихан өзүмдүн иним болот. Ага үстүртөн эле жардам берип турам. Азыр Алихандын өткөн тагдыры жөнүндө фильм тартканга даярданып жатабыз. Анын ушул күнгө чейинки турмушу өтө аянычтуу. Буюрса, анын бала кезиндеги көргөн кордуктарынан баштап азыркы ырчы болгонуна чейин фильм аркылуу чагылдырып беребиз. Башкы ролду Алихан өзү ойнойт.

– Канат, сени теледен Темирдин ырларын бердирбейт дешет. Ошол чынбы?
– Темирдин менден кеткенине менин таарынычым бар болчу. Ошондуктан, экөөбүз коштошуп жатканда: «Темир, мен сага эч качан бут тоспойм. Бирок, өзүмдүн берүүлөрүмө чакыра албайм» деп ачык эле айткам. Темир да «сенин берүүлөрүңө мен муктаж эмесмин» дегендей кылып кеткен. Анан кантип чакырмак элем? А башка берүү­лөр­дөн ырлары кетип эле жатат. Бирок, анын иштебей жатканы баарына эле көрүнүп турбайбы. Менден кеткенден бери бир дагы ыр жаздырбаптыр. Иштесе ал чыга турган жигит. Өзүнүн талантын кор кылып жатат.

– Жумуш деп эле жүрө берип жеке турмушуңду унутуп койгон жоксуңбу? Качан үйлөнөсүң?
– Ушул жылы үйлөнөм деп турам.

– Арзып жүргөн ашыгың барбы?
– Азыр жоопсуз сүйүүгө кабылып азап тартып жүргөн убагым. Жүрө­гүмдөн орун алган бийкечимдин башка жигити бар экен. Экөөбүз эки-үч сааттап телефон аркылуу чын дилибизден сүйлөшкөнүбүз менен ал мага жүрөгүн арнай албай койду. Менин пешенеме жалаң эле ушундай жоопсуз сүйүүлөрдү жазган окшойт. Балалык сүйүү, башка сүйүү болуп жатып өмүрүмдө төрт жолу сүйүүгө кабылыптырмын, тилекке каршы, ошол сүйүүлө­рүмдүн бирине да жете алган жокмун. Эми минтип дагы эле сүйүү­дөн жан­дүй­нөм жабыркап жүрөт.

– Өзүң шоу-бизнесте жүрсөң сүйүүңдү кабыл албай жүргөн айым да ушул чөйрөдөн болсо керек?
– Туура айтасың. Сүйүүмдүн ээси популярдуу ырчы кыз. Бирок, баары бир ал сүйүүмдөн жыйынтык чыкпаган соң атын айтып жарыя кылыштын да кереги жок деп ойлойм. Мага да буюрган кыз бардыр.

Маектешкен Азиза Сатимбекова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: